Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жаш мугалим - 2019” конкурсу

“Жаш мугалим - 2019” конкурсу

Үстүбүздөгү жылдын 11-май күнү Ала-Бука районундагы № 3 Н.Орозалиев атындагы жалпы билим берүүчү инновациялык мектебинде районубуздун мектептеринде эмгек чыйырын жаңыдан баштап жаткан жаш педагогдордун “Жаш мугалим-2019” конкурсунун жыйынтыктоочу финалдык туру өткөрүлдү. Бул кароо сынак алгач айыл аймактарда өткөрүлүп, “эң мыкты” аталган 13 конкурсант “Жаш мугалим-2019” конкурсунун райондук туруна жолдомо алышкан. Финалдык тур 2 баскыч менен өткөрүлүп, биринчи баскычта конкурсанттар өздөрүнүн педагогика-психологиялык жана жалпы кругозор багытында өздөрүнүн билим деңгээлдерин калыстар тобунун сынына коюшту. Конкурстун экинчи баскычында жаш педагогдор өздөрүнүн чыгармачылык дараметин көрүүчүлөргө тартуулашты.

 15.05.2019      916       Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында Куурчак театр фестивалы өткөрүлдү

Кадамжай  районунун   Үч-Коргон  айыл  аймагында  Куурчак  театр  фестивалы  өткөрүлдү

Кадамжай районун Үч-Коргон айыл аймагындагы маданият үйүндө "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнө санариптештирүү" жылына карата англис тили предмети боюнча Куурчак театр фестивалы Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин колдоосу менен өткөрүлдү. Фестивалдын максаты мугалимдердин окуучулардын англис тилдерин терең үйрөнүп, театрлаштырылган роль катары жеткирүү. Фестивальга Билим берүү бөлүмүнүн методисти Галмаматова Канзаада, райондун жалпы англис тили мугалимдери жана окуучулар катышты. Иш чаранын соңунда мыкты аткарган жана англис тилин мыкты сүйлөй алган мугалимдерге жана окуучуларга райкомпрофсоюз тарабынан белектер берилди. Иш чара жогорку деңгээлде өттү.

 15.05.2019      752       Кесиптик бирлик региондордо

Эмгегине жараша сыймыгы

Эмгегине жараша  сыймыгы

Баштапкы профсоюздук уюмдардын негизги нормативдик документи болгон жамааттык келишимдин аткарылышы менен мугалимдердин эмгектери өз убагында бааланышын камсыздайт. Ноокен районундагы №29 Я.Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин жамааттык келишиминде «Окуу жылында уюштурулган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү Өзбекстандын борбору Ташкент жана Самарканд шаарларына экскурсиялык жолдонмо менен сыйланат” деп белгиленип, администрция жоопкерчилигине алган.

 15.05.2019      681       Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими-2019»

    «Жыл мугалими-2019»

Райондук билим берүү бѳлүмү жана райондук профсоюз комитети тарабынан ишине чыгармачылык менен мамиле кылган, таланттуу мугалимдерди табуу жана аларга колдоо көрсөтүү, мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү, райондогу мыкты мугалимдердин педагогикалык тажрыйбаларынын алкагында алдынкы иш тажрыйбаларды, идеаларды жайылтуу максатында райондук «Жыл мугалими-2019» кароо-сынагы ѳткѳрүлдү.

 15.05.2019      891       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда "Билимдүүгө дүйнө жарык" деген темада областтык семинар болуп өттү

Аксы районунда

Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Ж.Мамытбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде "Окуучуларды предметтик олимпиадаларга даярдоонун ыкмалары" жана "Ийгиликтин ачкычы -сапаттуу билим жана татыктуу тарбия "деген темада областтык семинар өткөрүлдү. Бул семинарга областык усулдук борбордун өкүлү Ш.Шанова,райондук билим берүүнүн башчысы  У.Зыябекова райондордон,шаарлардан келген физик мугалимдер катышышты. У.Зыябекова сөз сүйлөп, семинарды ачып берди.  Семинарда физика мугалими Умарова Сүйүм эжекенин окуучуларды олимпиадаларга даярдоонун ыкмалары менен таанышышты. С.Умарованын окуучулары областык, республикалык, дүйнөлүк олимпиадаларга катышышып байгелуу орундарды ээлеп келишет.  2017 - 2018 - окуу жылында Республикалык олимпиадага 3 окуучу катышып, физика предметинен Сыдыков Эрназар 1 - орунду ээлеп, дүйнөлүк олимпиадага Ташкенттеги Самаркант шаарына барып катышып 3 - орунду ээлеп чоң ийгиликке жетишкен. 

 15.05.2019      911       Кесиптик бирлик региондордо

Д.Садырбаевдын 80-жылдыгына карата

 Д.Садырбаевдын  80-жылдыгына  карата

Районубуздун бардык тармактарында Эгемендүү Кыргызстаныбыздын түптөөчүлөрүнөн, легендарлуу Парламетибиздин үч жолку депутаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл артысты, кино режисёр, коомдук ишмер жердешибиз Дооронбек Садырбаевтин 80 жылдык юбилейи татыктуу тосуп алынууда. Ноокен районунун билим берүү бөлүмү жана профсоюздун райкому тарабынан мугалимдердин кесиптик чыгармачылыгын өркүндөтүү максатында уюштурулган “2019-жылдын мыкты класс жетекчиси” райондук кароосунун шарттарында Д.Садырбаевтын чыгармачылыгын негизинде тарбиялык иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө мааны берилген.

 15.05.2019      693       Кесиптик бирлик региондордо

“Улуу жеңишке 74 жыл”

“Улуу жеңишке 74 жыл”

Бүгүн 2019-жылдын 8-май күнү профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитети шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте эскерип гүл коюу аземи уюштурулду. Эскерүүгө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, профсоюздун Жалал-Абад шааркомунун төрагасы К.Акуновдор баштаган кызматкерлер катышышты. Алгач эле гүл коюу аземи болуп андан соң мектеп окуучулары тарабынан реквиемдер айтылып, согуш убагында курман болгон Советтер Союзунун баатырлары эскерилди.

 08.05.2019      780       Кесиптик бирлик региондордо

Областтык спартакиададагы ийгиликтер

Областтык  спартакиададагы  ийгиликтер

Билим берүү кызматкерлеринин областтык спартакиадасы 27-апрелде Кара-Суу шаарында болуп өттү. Областтык спартакиада билим берүү , илим кызматкерлеринин Ош областтык профсоюз комитетинин (төрагасы С.А.Тойгонбаев) жогорку деңгээлдеги уюштуруучулугу жана Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин (төрагасы П.Жакыпов) мыкты колдоосы шарттарды түзүүсү аркылуу өтүп, ага 7 райондун жана 1 шаардын билим берүү кызматкерлери спорттун 6 түрү боюнча күч сынашты.

 07.05.2019      741       Кесиптик бирлик региондордо

“Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза” семинар- тренинг

“Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза”  семинар- тренинг

Жалал – Абад областынын Кара – Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп- гимназиясында мектептер арасында “Кылмыштуулуктун алдын алуу” максатында Шаардык билим берүү бөлүмү жана профсоюздук комитети, ЖДПБу ,ШИИБ, Кара – Көл шаардык УКМК кызматкерлери, Кара – Көл шаардык прокуратурасы менен биргелешкен иш пландын негизинде “Адепсиздик – кылмыш,кылмыштын арты жаза” -деген семинар- тренинг өткөрүлдү.

 07.05.2019      7847       Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү

Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков жана Баткен райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.А.Заийтов 2019-жылдын 1-май күнү Баткен мамлекеттик телерадио компаниясынын танкы конок чыгарылышында областтын билим берүү кызматкерлерин 1-май эмгек майрамдары менен куттукташты.

 07.05.2019      731       Кесиптик бирлик региондордо

“Инновациялык ресурстарды колдонууаркылуу окуучулардын билим сапатын көтөрүү” шаардык семинарында мугалимдер тажрыйба алмашышты

“Инновациялык ресурстарды колдонууаркылуу окуучулардын билим сапатын көтөрүү” шаардык семинарында мугалимдер тажрыйба алмашышты

Жалал-Абад областына караштуу Кара-Көл шаарындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинде “Инновациялык ресурстарды колдонуу аркылуу окуучулардын билим сапатын көтөрүү” деген темада шаардык семинар болуп өттү. Семинар Кыргыз Республикасынын Гимни менен жана мектептин директору С.Т.Жумабекованын кириш сөзү менен башталды.Куттуктоо сөздөрдү ШБББнүн башчысы А.Б.Мырзалиева, шаардык кеңештин депутаты З.Бопошев, шаардык кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин жетекчиси Б.К.Мүсүралиев, ШБББнүн профсоюз комитетинин төрайымы А.К.Каракозуевалар сүйлөштү.

 07.05.2019      858       Кесиптик бирлик региондордо