“Улуу жеңишке 74 жыл”
Бүгүн 2019-жылдын 8-май күнү профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитети шаардык билим берүү бөлүмү менен биргеликте эскерип гүл коюу аземи уюштурулду.
Эскерүүгө шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев, профсоюздун Жалал-Абад шааркомунун төрагасы К.Акуновдор баштаган кызматкерлер катышышты.
Алгач эле гүл коюу аземи болуп андан соң мектеп окуучулары тарабынан реквиемдер айтылып, согуш убагында курман болгон Советтер Союзунун баатырлары эскерилди.
Маалыматты даярдаган:
Жалал-Абад шааркомунун уюштуруу иштери боюнча адиси
Максат Мамасыдыков