«Порядок оплаты и предоставления основных трудовых и социальных отпусков»

Ысык-Атинский райком профсоюза работников образования и науки провел семинар-тренинг 21 мая текущего года на базе Кантской средней школы-гимназии №2 им.К.Рыскулова на тему: «Порядок оплаты и предоставления основных трудовых и социальных отпусков» для заместителей директоров по УВР, председателям первичных профсоюзных организаций ОО и ДОО, бухгалтерам образовательных организация и ЦБ РОО. В ходе показа слайдового материала участники семинара модератором обсуждали каждый вопрос. Во время обратной связи прозвучали слова благодарности, что необходимые материалы от семинара получены, которые будут применяться в каждодневной работе (ожидалось на семинаре примут участие 80 человек, но пришли 120 человек) Вывод: тема нужная была.
23.05.2019 688 Кесиптик бирлик региондордоЧех окумуштуусу ОГПИде
Чех университетинин окумуштуусуна ОГПИнин ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун эл аралык байланышын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Чех дыйканчылык университетинин доценти, кыргыз таануучу, тарыхчы, этнограф, илимдин доктору Петр Кокайслга окуу жайдын “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.Аталган жогорку наамды ыйгаруу ишараты институттун окумуштуулар кеңешинин чечими менен чыгарылып институтун чон залында жалпы профессордук-окутуулук жамааттын жана студенттердин катышуусунда ректор Бекмурза Зулуев салтанаттуу түрдө тапшырды.
22.05.2019 680 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда кесип бирлик комитети тарабынан спорттук мелдештер өткөрүлдү

2019 - жыл президентибиз тарабынан "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы "деп жарыяланды. Аталган жылга карата Аксы районунун Надыр Мамбетов мектебинде кесип бирлик мучолору арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү. Мугалимдер сабактардан сырткаркы учурларда ар кандай иш чараларга активдүү катышышат. Спорт менен машыгып ден соолугун чыңдап, шамдагай болушушат. Мугалимдер эки топко бөлүнүп, ар бир тапшырманы так аткарышты. Волейбол, аркан тартыш, узундукка секирүү, кол күрөш, скакалкада секирүү, шахмат оюндары ойнолду.
22.05.2019 728 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде “Жылдын мыкты усулдук каанасы - 2019” кароо-сынагынын жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты усулдук каанасы - 2019” кароо-сынагынын райондук туру 35 критерий боюнча каралып, анда 9 айыл өкмөтүнөн бирден эң мыкты деп табылган мектептер катышышты. Алар: № 3 Р. Алибаев, № 4 А. Сатаров, №9 Паяз, №18 Молдалиев, №21 “Фуркат”, № 34 “Жазгак”, № 36 М. Мамаев, Н.Исанов атындагы орто мектептери катышышты. Жыйынтыгында баш байге № 36 М. Мамаев атындагы орто мектеби, I орун №21 “Фуркат” орто мектеби, II орун № 34 “Жазгак”, № 3 Р.Алибаев атындагы орто мектептери, III орун № 9 Паяз атындагы орто мектеби ээ болушту. Кароо-сынакта жеңүүчү аталган мектептер Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин диплом , Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.
20.05.2019 937 Кесиптик бирлик региондордоБаткенде эмгекти коргоо боюнча семинар өттү

Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы Б.Акматов атындагы орто мектебинде «Билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо: мыйзамдуулук, тажрыйбалар, көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору» деген темада семинар болуп өттү. Семинардын максаты “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо, коопсуздук-техникалык эрежелерин камсыз кылууда жетекчилеринин жана кесиптик бирлик уюмдарынын биргеликте жүргүзүлүүчү иштерин уюштуруу.
20.05.2019 727 Кесиптик бирлик региондордо“Мамлекеттик тил-улуттун байлыгы”

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдык маарекесине карата Тогуз-Торо районундагы айыл өкмөттөрү жана мекеме-ишканалар арасында өткөрүлгөн “Мамлекеттик тил-улуттун байлыгы” аттуу кароо сынакка район боюнча 10 команда катышты. Жыйынтыгы 2019-жылдын 17-майында чыгарылып,мыкты даярдыктарды көрсөткөн үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн “Таберик” командасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын II даражадыгы диплому жана акчалай сыйлыгы менен сыйланышты.
20.05.2019 764 Кесиптик бирлик региондордо“Көп окуган көптү билет”

Лейлек районунун Кулунда айыл аймагына караштуу И.Раззаков атындагы орто мектебинде 2019-жылдын 14-май күнү “Көп окуган көптү билет” аттуу “Келгиле окуйбуз” долбоорунун регионалдык жыйынтыктоочу туру болуп өттү. Иш чарага райондон 5 мектеп “Лайли” башталгыч мектебинен, Бел-Алма орто мектебинен жана З.Бабур, А.Момунов атындагы орто мектептеринен келген окуучулар, мугалимдер, ата-энелер катышышты. Бул долбоордун максаты окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу жана коомчулук, ата-энелер менен иш алып барууну күчөтүү болуп саналат. Иш чаранын жүрүшүндө мектептер арасында таймаш өткөрүлүп, жыйынтыгында И.Раззаков атындагы орто мектебинин командасы жеңүүчү аталды. Катышкан мектептердин мугалимдерине райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ыраазычылык каттары” тапшырылды.
20.05.2019 868 Кесиптик бирлик региондордо“Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин Президиумунун токтомдорун ишке ашыруу” темасында семинар болуп өттү

2019-жылдын 17-май күнү Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагындагы № 17 “Кыла” орто мектебинде “Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин 08.02.2019-ж. Президиумунун токтомдорун ишке ашыруу” темасында баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинар-кеңешмеси болуп өттү.
17.05.2019 653 Кесиптик бирлик региондордоОблустук билим берүү тармагынын кадырлуу Аксакалы

2019-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип кележаткан кадырлүү профсоюздук кызматкерибиз Бегматов Анарбай Турдубаевич 65 жашын белгилөөдө. Бегматов А. Т. 1991-жылы Жалал-Абад облусу түзүлгөндөн баштап, облустук билим берүү башкармалыгында, облустук усулдук билим берүү борборунда жооптуу кызматтарда иштеп , акыркы жылдарда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитетинде уюштуруу бөлүмунүн башчысы кызматында талыкпай иштеп келүүдө.
17.05.2019 744 Кесиптик бирлик региондордоЖаштарга мүмкүнчүлүк

«Орто мектептин окуучуларына STEM боюнча билим берүү» долбоору Бишкек жана Ош шаарларынын 10 пилоттук мектеби менен иштеп баштады. Долбордун жетекчиси Жылдыз Акназарова. Бул долбоорго 5-7 класстын 60 окуучусу конкурстун негизинде тандалган. Азыркы күндөрдө балдар комьютер сабатын жогорлотуу боюнча жана критикалык ой жүгүртүү, кызматташ болуу, коммуникация жана креативдүү машыгуу боюнча тренингтерди өтүп жатышат. Мындан тышкары балдар англис тилин үйрөнүшөт жана лидерлик сапатты өркүндөтүү, бизнести ийгиликтүү жаны баштоо, жана чет өлкөгө окуганга даярдануу деген темаларда мастер класстар өткөрүлөт. Бул долбоор балдарга кантип туура келечектеги кесибин тандап алса болот деген багыттоо берет.
17.05.2019 662 Кесиптик бирлик региондордоЖаш мугалимдердин I слёту өткөрүлдү

КР Өкмөтүнүн Ош облустук ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгү тарабынан областтагы райшаарлардагы жаш мугалимдерди катыштырып, жаш мугалимдердин I слёту өткөрүлдү. Иш чаарага КРнын «Эмгек сиёирген мугалимдери», «Билим берүүнүн эмгек синирген кызматкери» мамлекеттик сыйлыктардын ээлери болгон 22 эмгек ардагерлери, райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл аймактардын башчылары, окуу жайлардын ректорлору, ОПКнын, РПКнын, ШПКдын төрагалары, Райшаар БББнын башчылары чакырылып чоё жыйын, обладминистрациянын жыйындар залында өткөрүлдү. Слётто Өкмөттүн облустагы өкүлү Жылкыбаев Узарбек Казыевич сөз сүйлөп, мугалимдик кесип кесиптердин падышасы, андыктан мугалимдик кесипти аркалаган жаш мугалимдерди ар тараптан колдоого алуубуз зарыл. Дүйнөлүк экономикалык, технологиялык өнүгүүдөн артта калбоого жаштардын, айрыкча жаш мугалимдердин жигердүү иш аракеттерине коомубуз муктаж.
15.05.2019 945 Кесиптик бирлик региондордо