Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин Президиумунун токтомдорун ишке ашыруу” темасында семинар болуп өттү

2019-жылдын 17-май күнү Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл аймагындагы №17 “Кыла” орто мектебинде “Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин 08.02.2019-ж. Президиумунун токтомдорун ишке ашыруу” темасында  баштапкы кесиптик уюмдарынын райондук семинар-кеңешмеси болуп өттү.

Анда  төмөнкү маселелер каралды:

  1. Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин 08-02-2019-ж. жыйынтыктоочу Президиумунун токтомдорун ишке ашыруу боюнча Ноокен райКБКнын төрагасы К.Нышановдун билдирүүсү;
  2. Балдардын жана  билим берүү кызматкерлеринин  жайкы эс алуусун  уюштуруу  жөнүндө  Ноокен райКБКнын төрагасы К.Нышановдун билдирүүсү;
  3. Жамааттык келишимдерди түзүү жана аткарылышын камсыздоонун иш тажрыйбасынан;
    • №17 “Кыла” орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы - Б.Анарбаева
    • №22 “Гүлкайыр” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы - С.Оморбекова;                            
  4. Баштапкы кесиптик уюмдарда эмгекти коргоо жана коопсуздук иш-чараларынын уюштурулушу жөнүндө Ноокен рай КБКнын укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т.Бакировдун билдирүүсү;
  5. Баштапкы кесиптик уюмдардын номенклатуралык  иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Ноокен рай КБКнын инспектор Т.Бакировдун маалыматы;

Семинар-кеңешмесине Ноокен рай КБКнын төрагасы К.Нышанов, Ноокен райКБК укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т.Бакиров, райондогу бардык мектеп жана балдар бакчаларынын баштапкы кесиптик уюмдарынын төрайымдары катышышты.

 

№17 “Кыла” орто мектебинин баштапкы

кесиптик уюмунун төрайымы

Б.Анарбаева