“Жылдын эң мыкты тарбиячысы-2019” кароо сынагынын райондук туру болуп өттү

2019-жылдын 25-апрелинде Кадамжай районунда райкомпрофсоюз комитетинин колдоосу менен «Мыкты тарбиячы-2019» кароо сынагы болуп өттү. Иш чарага кароо сынактын аймактык турунда тандалып алынган алдынкы 4 тарбиячы катышышты. Сынактын катышуучулары өздөрүнүн жылдык иш планын, иш кагаздарын толук көргөзөшүп, педагогика, психология, филология боюнча суроолорго жооп беришип, актерлук чеберчиликтерин, алдынкы иш тажрыйбаларын көрсөтүштү. Кароо сынактын максаты райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин деӊгээлин көтөрүү, алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу жана окутуу тарбия иштерин уюштуруу, өстүрүү үчүн шарт түзүү болуп саналат. Иш чаранын жыйынтыгында «Айгүл» балдар бакчасынын тарбиячысы женуучу деп аталды.
03.05.2019 976 Кесиптик бирлик региондордоЖаштар Кеңешинин семинары!

2019-жылдын 27-апрель күнү Ноокен районунда “28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата райшаардык Жаштар Кеңешинин облустук семинары болуп өттү. Семинарга профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков катышты.
30.04.2019 767 Кесиптик бирлик региондордоЭмгекти коргоо күнүнө карата

Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата иш чара түзүлүп, 2019-жылдын апрелинде тегерек стол профсоюз уюму тарабынан өткорүлдү.
30.04.2019 708 Кесиптик бирлик региондордоОШТО X ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨТҮП ЖАТАТ
26-апрель Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда «Ааламдашуу шартындагы билим берүүнүн, тарбиялоонун абалы жана өнүгүү тенденциялары» аттуу X эл аралык илимий-практикалык симпозиум өтүп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет. Симпозиум 2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Кыргыз билим берүү академиясы, "Ыйык Ата-Журт" коомдук жаштар фонду жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту тарабынан ааламдашуу шартында билим берүүдө балдарды тарбиялоо жана билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүү, учурдагы жетишкендиктерди жана маселелерди талкуулоо максатында уюштурулду.
30.04.2019 741 Кесиптик бирлик региондордо28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүн утурлай

Таш-Көмүр шаардык комитетинын төрайымы Э.Эгизалиева тарабынан №6 Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Ч.Бокошова жана баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы М.Каратаева менен биргеликте 28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата иш-чаранын негизинде жолугушуу жана тегерек стол өткөрүлдү.
30.04.2019 881 Кесиптик бирлик региондордоБүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү белгиленди

28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата обкомдун 10.04.2019 № 28 катынын негизинде Ноокен районунун билим берүү мекемелеринде атайын иш-чаралар түзүлүп, жогорку денгээлде белгиленди. Анда ар бир баштапкы кесиптик уюмдарда чогулуштар, тегерек столдор уюштурулуп, кызматкерлер 28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү жөнүндөгү материалдар менен кененирээк таанышышты.
30.04.2019 922 Кесиптик бирлик региондордо“28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата облустук профсоюздук иш-чара өткөрүлдү

2019-жылдын 27-апрелинде Ноокен районунун базасында “28-апрель- Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата облустук профсоюздук иш-чара өткөрүлүп, ага билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун жооптуу кызматкерлери, райшаардык профсоюздук уюмдардын төрагалары, райшаркомдордун укук жана эмгекти коргоо боюнча инспекторлору, райшаардык жаштар кеңештеринин төрагалары, Ноокен райондук жаштар кеңешинин мүчолөрү, баштапкы профсоюздук уюмдун төргалары, коомдук башталыштагы эмгекти коргоо инспекторлору, социалдык өнөктөштөр катышышты.
30.04.2019 826 Кесиптик бирлик региондордоРайондук «Жыл мугалими -2019» сынагы

15-апрелде Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы лицей интернатыда райондук «Жыл мугалими -2019» сынагынын райондук туру жыйынтыкталды. Райондук сынакка 3 зонадан жеңүүчү болуп келген 9 конкурсант катышып Жобого ылайык сынак тапшырмаларынан өтүштү. Сынакта А.Тойгонбаева (М.Ташиев атындагы орто мектеби), Б.Качкынбаева (К.Султанов атындагы орто мектеби), М.Култаева (Ы.Мону уулу атындагы орто мектеби), У.Абжалиев (Парманас атындагы орто мектеби), Жеңишбек к А. (К.Тайчабаров атындагы орто мектеби), А.Кебекова (К.у.Абдыразак атындагы лицей-интернаты), өздөрүнүн мыкты педагогикалык чеберчиликтерин көргөзүшүп, ишмердүүлүктөрүн жаш адистерге тартуулашты.
30.04.2019 937 Кесиптик бирлик региондордоЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ

Баткен шаарында 2019-жылдын 24-25-апрель күндөрү «2019-жылдын мыкты мугалими» областтык кароо-сынагы болуп өттүү. Кароо-сынакка район, шаарлардан мыкты деп табылган 6 мугалим катышып, салтка айланган жылдын мыктысы наамына ат салышып, кароо-сынактын жыйынтыгында Кадамжай районунун география мугалими Мурзаева Алтынай “2019-жылдын мыкты мугалими” деп табылды. Ал эми экинчи орунду Сүлүктү шаарынын Н.Кушматов атындагы орто мектебинин мугалими Муртазали кызы А, үчүнчү орунду Лейлек районунун Кара Булак орто мектебинин тарых мугалими С Маанова ээлешти.
30.04.2019 670 Кесиптик бирлик региондордоМыкты мугалим

2019 жылдын 26-апрелинде Токтогул районунун Бала-Чычкан айылындагы №8 А.Иманбаев мектебинде “Жыл мугалими-2019" кароо-сынагы болуп өттү. Сынактын катышуучулары ар тараптуу таланттарын, чыгармачылыктарын сабак берүүдөгү методикалык ыкмаларын мыкты деңгеелде көрсөтүшүп, калыстар мүчөлөрүнө жана келген көрүчүлөрдүн сыноосуна тартулашты. Сынактын уюштуруу комитетинин төрайымы Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова, Токтогул районунун профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраиловдун колдоосу менен өткөрүлдү. Байгелүү орундарга ээ болгон мугалимдерге Ардак граматалар, Токтогул райондук профсоюз комитети тарабынан каралган аакчалай сыйлыктар, Д.Сулпукарова жана Т.Исрамловдун өз колу менен тапшырылды.
30.04.2019 759 Кесиптик бирлик региондордоСад будущего

Педагогический коллектив средней общеобразовательной школы №6 города Каракол под руководством директора школы Масимова Таалайбека Кенешовича работает над проектом «Стратегии о развитии образования в 2012-2010 годах.» Педагоги работают творчески в темпе современных требований. В школе работает 82 учителя среди которых есть выпускники ВУЗов и Ветераны труда. Всех нас объединяет любовь к детям, мастерство преподавания, толерантность, общественная активность.
26.04.2019 674 Кесиптик бирлик региондордо