“Жылдын мыкты мугалими - 2019” Лейлек районунда

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин мугалимдеринин арасында 2019-жылдын 10-март күнү “Жылдын мыкты мугалими - 2019” кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү. Райондук тур Исфана шаарынын Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна, социалдык тармактын башкы адиси Жамилов Абдулхак Момунович, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевичтердин катышуусунда билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана профсоюз уюмунун төрагасынын макулдугу менен бекитилген жобого ылайык өткөрүлүп, өзүнө мугалимдердин өзүн-өзү тааныштыруусун, ачык сабак өтүүсүн, тесттик суроолорду ошондой эле партфолиосун, ыңгайсыз жагдайдан чыга билүүсүн камтыды.
16.04.2019 899 Кесиптик бирлик региондордоЭмгекти коргоо: тажрыйбалар, көйгөйлөр жана чечүү жолдору

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин иш планына ылайык, 2019-жыл 11-апрелинде Баткен районунун Чон-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинин базасында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” райондук,шаардык жана баштапкы профсоюз комитеттеринин ишмердүүлүгүн натыйжалуулугун көтөрүү максатында "Эмгекти коргоо: тажрыйбалар, көйгөйлөр жана чечүү жолдору” деген темада областтык семинар өткөрүлдү.
16.04.2019 718 Кесиптик бирлик региондордоАксы районунда "Айыл чарба өндүрүшү аркылуу тамактанууну жакшыртуу" деген темада семинар өткөрүлдү

2019-жылдын 11-апрелинде Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде "Тоолуу Агро экосистемаларда тамактанууну жакшыртуу" долбоорунун алкагында акция өткөрүлдү. Долбоор Швейцария Кызматташуу жана өнүгүү Агенттигинин Азык-түлүк коопсуздук жана Глобалдык Программасы - GPFS SDC тарабынан колдоого алынып Жалал-Абад Айылдык Конституциялык Кызматы "БИОСЕРВИС Коомдук фонду жана ФОД BIO-KG" Граждандык Альянс тарабынан аткарылып жатат. Долбоордун максаты: Айыл чарба өндүрүшүн туруктуу иштетүү, сапаттуу кайра иштетүү ресурстарын натыйжалуу пайдалануу аркылуу үй бүлөлөрдүн кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн жана тамактанууну жакшыртуу. "Өзүбүз өстүрөбүз өзүбүз" деген темада конкурс өткөрүлдү. Козүбүзгө корүнгөндүн баары тамак эмес экендигин ар бир катышуучу түшүнүк алды. Жашылча, жемиштерди базардан сатып албай, өз жерибизде өстүрүп тамак-ашка колдонсок, витаминге бай жашылчалар менен организмди чыңдайбыз.
16.04.2019 659 Кесиптик бирлик региондордоКызыл-Кыя шаарында “Жыл мугалими - 2019” кароо - сынагы болуп өттү

2019-жылдын 25-мартынан 10-апрелге чейин Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери арасында “Жыл мугалими-2019” кароо-сынагы болуп өттү. Кароо- сынак предметтик жана педагогика-психология боюнча тестирлөөдөн, мугалимдин педагогикалык лабораториясы саналган портфолио, маалымат-каражат технологиялары менен иштөө, иш-кагаздарын жүргүзүү, предмети боюнча ачык сабак, чыгармачылык менен ишмердүүлүгүн презентациялоо жана мугалимдин кызыгуусу деп аталган 7 этаптан турду. Сынакка жалпы 12 мугалим катышты. Кароо-сынакты баалоо үчүн билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринен, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы жана жалпы билим берүүчү мектептерге көз карандысыз шаардагы жогорку жана атайын окуу жайлардын мугалимдеринен турган комиссия мүчөлөрү бекитилди.
12.04.2019 1012 Кесиптик бирлик региондордо“Жылдын мыкты мугалими”

2019-жылдын 9-10-апрель күндөрү Кадамжай районунда “Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо сынагынын райондук туру болуп өттү. Сынакка акимдин орун басары С.Мыйзамовна, Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Гайбуллаев, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Кадамжай райондук усулкана башчысы М.Ганыбаев, 11 конкурсант жана аларды колдоочу мугалимдер катышты.
12.04.2019 989 Кесиптик бирлик региондордоНарын шаарындагы №17 «Ынтымак» балдар бакчасындагы семинар

Нарын шарындагы №17 «Ынтымак» балдар бакчасында 2019-жылдын 29-мартында облустук семинар болуп өттү. Семинарга Нарын облусунун районундагы айылдардын бала бакчалардын тарбиячылары, директорлору келип катышты. Семинардын негизги темасы: «Балдар бакчаларында балдардын өнүгүү индикатору». Бала бакчанын усулчу -тарбиячысы Т.Жузубалиева «Баланын өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү, иш план иштеп чыгуу» деген темада презентация жасады.
12.04.2019 902 Кесиптик бирлик региондордо“Акимдин иш сапары”

2019-жыл 9-чу апрель күнү “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылында Токтогул районунун жаңы Акими Т.Т. Жайыловтун кезектеги таанышуу максатындагы иш сапары Токтогул райондук Билим берүү мекемесине келип соз сүйлөп, суроолорго жооп берип мекеменин иш жайы менен таанышты. Бул иш-чарада Токтогул районунун Профсоюз комитетинин төрагасы Т. Исраиловтун суроо-сунуштарын угуп, колдоп жакынкы мезгилде чара көрөрүн айтып өттү. Токтогул шаар ичиндеги жана районго жакын жайгашкан айылдардагы интернети жок мектептерге жана бала-бакчаларга интернет маселеси боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берип чечип берэм деп убадасын айтты. Чогулушка Токтогул районунун Билим берүү мекемесинин жалпы жамааты, башчысы Д. Сулпукарова жана Токтогул районунун Профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов, зам. Аким Айна Нават кызы болуп катышышты. Аким Т.Т. Жайылов иш жүзү менен таанышып бүткөн соң Профсоюз комитетине жана Билим берүү мекемесине эң жакшы деген баа берди.
09.04.2019 707 Кесиптик бирлик региондордо«Жылдын мыкты мугалимим-2019» кароо-сынагы Кара-Суу районунда жыйынтыкталды

Кара-Суу районунун мектептериндеги эмгектенип жаткан мугалимдердин арасынан эӊ мыкты, таланттуу чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди табуу жана алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу максатында Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн 2019-жылдын 11-февралынданы № 13-2 буйругунун негизинде 2019-жылдын 5-6-апрель күндөрү « Жылдын мыкты мугалими -2019» кароо-сынагынын райондук этабы болуп өттү. Кароо-сынакка аймактардан жеӊүүчү болгон 18 алдыӊы чыгармачыл мугалимдер райондук этапка катышышты. 5-апрель күнү канкурсанттар сабактарын өтүштү, сабактарынан жогорку балл алган 11 канкурсант 6-апрель күнү экинчи турда катышышып кароо-сынакты улантышты. Жыйынтыгында 1 орунга № 118 Д.Султанов атындагы негизги мектебинин кыргыз тили мугалими Машрапова Айнура , 2-орунду № 33 Ш Интернационал орто мектебинин англис тили мугалими Нурланбек уулу Кубаныч, 3-орунду №30 Кызыл-Сарай орто мектебинин башталгыч класс мугалими Досуева Нартажи ээлешти.
09.04.2019 892 Кесиптик бирлик региондордоЧаткалда «Жылдын мыкты мугалими» аныкталды

Райондук билим берүү бөлүмү менен профсоюздун райкому тарабынан түзүлгөн Макулдашууда мугалимдердин кесиптик чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана тажрыйбасын жайылтууга чоң мааны берилген. Аталган милдеттерди ишке ашыруу максатында 2019-жылдын 4-5-апрель күндөрү Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы Таласбай Жаналиев орто мектебинде райондук "Жыл мугалими-2019" кароо-сынагы болуп өттү.
09.04.2019 716 Кесиптик бирлик региондордоКатраң орто мектебинин эмгек жамааты менен жолугушу

Үстүбүздөгү жылдын 3-апрель күнү Лейлек районунун Билим жана илим кызматкелеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги Катраң айыл аймагына караштуу Катраң орто мектебинин эмгек жамааты менен жолугушу өткөрүштү. Жолугушу учурунда мектептин мугалимдеринин жана башка кызматкерлердин суроолоруна жооп беришип, пикир алмашуу болду. Ошондой эле кесиптик бирликтин төрагасы кызматкерлердин көйгөйлөрүн, сунуштарын угуп, билим жана илим кызматкерлеринин укуктары, жоопкерчиликтери, көрсөтүлө турган жардам, жеңилдиктер тууралуу кеңири маалымат берди.
09.04.2019 637 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун мугалимдери үчүн көчмө курс

2019-жылдын 22-мартынан баштап 30-мартына чейин Лейлек районунун Исфана шаарындагы Исфана орто мектебинде райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин 425 мугалими Ош билим берүү институтунун педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу көчмө курстарынан окуп, сертификат ала алышты. Көчмө курс кыргыз тили, орус тили, англис тили, өзбек тили , физика, математика, география, дене тарбия предметтеринен жана башталгыч класстардын мугалимдери, окуу бөлүм башчылары үчүн өткөрүлдү.
09.04.2019 690 Кесиптик бирлик региондордо