Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жылдын мыкты мугалими – 2019»

«Жылдын мыкты мугалими – 2019»

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөндөй жана андагы коюлган милдеттерди аткаруу алкагында, жалпы билим берүүчү уюмдардын эмгек жамааттарында чыгармачылык менен изденип, эмгектенген жана билим берүүнү өнүктүрүүгө сапаттуу салым кошкон мугалимдерди аныктап, алардын иш тажрыйбасын жайылтып, аларга колдоо көрсөтүү максатында Сузак районунун айыл аймактарында “Жылдын мыкты мугалими – 2019” кароо сынагы болуп өттү.

 19.03.2019      1010       Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта тарых мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү

Сузакта тарых мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү

Сузак районуна караштуу №9 И.В.Мичурин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде тарых сабагынын мугалимдери үчүн “Тарых сабагында интерактивдүү методдорду колдонуу” деген аталышта райондук семинар болуп өттү. Семинарда мультимедиалык каражаттарды колдонуу жана интерактивдүү методдор менен ачык сабактар өтүлдү. Райондук семинарга райондун аймагындагы 108 жалпы билим берүүчү мектептердин тарых мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.Бейшеева жана окуу-усулдук канасынын башчысы М.Элемановдор катышышты.

 19.03.2019      700       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин I пленуму өттү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин I пленуму өттү

Билим берүү жана илим кызмткерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин I пленуму 15-март күну 27 пленум мүчөсүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Пленумдун күн тартибинде «Билим берүү кызматкерлеринин укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү жана турмушка ашырууда аткарылган иштери жөнүндөгү» маселе каралды.

 19.03.2019      637       Кесиптик бирлик региондордо

Диний экстремизм, терроризм жана мамлекеттик дин саясаты боюнча адистер студенттер менен жолукту

Диний экстремизм, терроризм жана мамлекеттик дин саясаты боюнча адистер студенттер менен жолукту

Үстүбуздөгү жылдын 14-15-16-март күндөрү Ош гуманитардык-педагогикалыкинститутунда Мамлекеттик дин саясаты, диний экстремизм жана терроризм маселелери боюнча атайын өкүлдөр менен студенттердин жолугушуусу болду. Жолугушуу КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана ОГПИнин атайын иш планына ылайык окуу жайдын бардык факультеттеринде уюштурулуп, ага КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухаммед Эсенов жана Ош ШИИБнын экстремизмге, терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттернүү боюнча кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Нурбек Шерикбавдер катышты. Мында келген өкүлдөр жарандардын дин тутуу эркиндиги, диний укуктар коомчулуктагы терс көрүнүштөр болгон диний экстремиз, терроризм, жана Сирия өлкөсүндөгү абалдар боюнча катышуучуларга кеңири маалымат берип өтүштү.

 18.03.2019      1014       Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта “Sciense жана менин Кыргызстаным” деген аталышта олимпиада өткөрүлдү

Сузакта “Sciense жана менин Кыргызстаным” деген аталышта олимпиада өткөрүлдү

Сузак районунун №90 Манас атындагы жалпы билим берүүчү иннованициялык орто мектебинде Билимкана уюму тарабынан уюштурулган “Sciense жана менин Кыргызстаным” деген аталышта физика, математика, химия, тарых география жана кыргыз адабияты предметтери боюнча 4-11-класстын окуучулары үчүн райондук олимпиада болуп өттү.

 18.03.2019      662       Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек - ынтымакка, биримдүүлүккө үндөйт

Эмгек - ынтымакка, биримдүүлүккө үндөйт

16-март күнү Таш-Көмүр шаарында жалпы ишембилик болуп өттү. Бул ишембиликте шаарыбыздын бардык тургундары , ар бир ишкананын жумушчулары көчолөргө чыгышып “Тазалык” акциясын жүргузүштү. Мугалимдер жалпы жамааттары менен бул акциянын активдүү катышуучулары болушту. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин шаардык комитети уюштуруучулук иштерин жургузуп, ишембиликти жыйынтыктады.

 18.03.2019      650       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын райондук семинары болуп өттү

Ноокенде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын райондук семинары болуп өттү

2019-жылдын 15-март күнү Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл өкмөтүндө жайгашкан № 11 “Ай-Нуру” балдар бакчасында райондун аймагындагы бакчалардын тарбиячыларынын катышуусунда тажрыйба алмашуу максатында райондук семинар болуп өттү. Алгач тарбиячылар № 11 “Ай-Нуру” балдар бакчасынын базасы менен таанышышты. Андан соң жогорку тайпанын тарбиялануучулары менен тарбиячы Мусабекова “Кийим кечелер” деген темада сабак өтүлдү. Ошондой эле тарбиячы Г. Самиева даярдаган “Жагымдуу жаз” темасында бакчанын тарбиялануучулары тарабынан концерттик программа тартууланды.

 18.03.2019      768       Кесиптик бирлик региондордо

Маамова Айсана жетектеген “Келечек” балдар бакчасы

Маамова Айсана жетектеген “Келечек” балдар бакчасы

Лейлек районунун Самат айылындагы “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “Эрте жаштагы балдарды оюн аянтчалары аркылуу ата-энелери менен биргеликте өнүктүрүү” проектинин алкагында бакчага тартылбай калган балдар ата-энелери менен чогу 1 группа болуп социализациялоо багытында иш алып барууда. Балдар 1 жумада 2 саат ата-энелери менен биргеликте окутулат ошондой эле, бала бакчада өткөрүлүп жаткан бардык майрамдык иш чараларга катышышат. Польша өлкөсүнүн Варшава шаарында проект менен иштеп жаткандар менен интернет аркылуу түз байланышып аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат бөлүшөт.

 15.03.2019      989       Кесиптик бирлик региондордо

Борбордук Комитеттин токтомдорун ишке ашыруу чаралары

Борбордук Комитеттин  токтомдорун  ишке  ашыруу  чаралары

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети “2019-жыл-Региондорду өнүктүрүү жана санирептештирүү жылында” райшааркомдордун жана ЖОЖ, АОЖ профкомдорунун ишмердүүлүгүн жогорку баскычка көтөрүү максатында иш-чаралар кабыл алып, жаңы милдеттерди белгиледи.

 15.03.2019      651       Кесиптик бирлик региондордо

“Шайыр тапкычтар клубу”

“Шайыр тапкычтар клубу”

2019-жылдын 9-март күнү Лейлек районунун Картраң айыл аймагына караштуу “Жаңы-Турмуш” орто мектебинде К.Сабыров атындагы орто мектебинин, Ак-Терек жана Лейлек орто мектептеринин башталгыч класстарынын окуучуларынын жана ата-энелеринин катышуусу менен “Келгиле окуйбуз” долбоорунун алкагында “Шайыр тапкычтар клубу” деген темада иш чара өткөрүлдү. Ар бир мектептен 5тен окуучу, 1ден ата-эне, 8ден мугалим катышты.

 15.03.2019      1689       Кесиптик бирлик региондордо

8-март майрамы

8-март майрамы

2019-жылдын 6-мартында Майлуу-Суу шаарынын Маданият үйүнүн чоң залында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Майрамдын катышуучулары мугалимдер, апа-энелер, кыз- келиндер деги эле шаардын аял заты болду. Куттуктоо сөздө шаардын мэри, төрага жана башка жетекчилер өзүлөрүнүн каалоо-тилектерин айтышып, айрым эжелерге алкыш жарыялап, Ардак грамоталарды, баалуу белектерди беришти. Ошону менен бирге мектеп окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программаны тартуулашты. Бала-бакчалардын, мектептердин кызматкерлери тарабынан даярдалган көрсөтмөмөлөр коюлуп, алардын чыгармачылык таланттары бийик бааланды. Өз колдору менен жасаган кооз гүлдөрдү залдагы энелерге, эжекелерге жана кыз-келиндерге тартуулашты. Залда отурган аялдардын маанайы көтөрүлүп, ыраазычылыгын билдиришти.

 15.03.2019      829       Кесиптик бирлик региондордо