БАЛДАРДЫН ТАРБИЯСЫ-ЭРТЕӉКИ КООМДУН КЕЛЕЧЕГИ (КИТЕП ОКУУ)
Токтогул атындагы №2 жалпы билим берүүчү техникалык лицейде 30-январь күнү "Балдардын тарбиясы-эртенки коомдун келечеги». Китеп окуу - деген темада энелер мектебинин сабагы лицей жетекчиси Б.К.Базарбаева жана соцпедагог К.М.Исманова тарабынан өтүлдү. Энелер мектебинин катышуучулары бала тарбиялоо боюнча ойлорун кызуу талкуулап ортого салышып, активдүү катышты. Кезектеги сабака тапшырма берилип, сабак жыйынтыкталды.
06.02.2019 940 Кесиптик бирлик региондордоБАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН БИРИККЕН ПРОФСОЮЗ КОМИТЕТИ ТҮЗҮЛДҮ
2019-жылдын 1-февралында Баткен мамлекеттик университетинин окуу түзүмдүк бөлүктөрүнүн профсоюз уюмдарынын башын бириктирген бириккен профсоюз комитети Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде уюштурулду. Уюштуруу конференциясына , Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Н.Бөтөков, БатМУнун ректору А.Зулпуев, БатМУнун профсоюз уюмунун төрайымы Л.Эшалиева жана БатМУнун окуу түзүмдүк бөлүктөрүнөн делегат болуп шайланган 33 адам катышты.
05.02.2019 595 Кесиптик бирлик региондордоАксы районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жылдын жыйынтыгы чыгарылды
Аксы районундагы №18 «Арча-Бешик», №14 Б.Омушова, №25 Р.Кожоматова, №3 «Бүчүр», №4 Т.Давлетов атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюздук уюмдарында 2018-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, өткөн жылдарда бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленди. Ошондой эле 2019-жылдын иш пландары, сметалары талкууланып жалпы чогулуштун токтому менен бекитилди.
05.02.2019 593 Кесиптик бирлик региондордоРайондун билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптарынын аткарылыш абалы
2019-жылдын 1-февралында Кадамжай Районундагы №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинде РКП тарабынан даярдалган “Райондун билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин талаптарынын аткарылыш абалы” жөнүндө коллегия болуп өттү. Коллегия Билим жана илим кызматкерлеринин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, Бөлүм башчысы Ж.О.Гайбуллаев, Кадамжай райондук усулкана башчысы М.Ганыбаев, райБББнүн кызматкерлери жана мектеп жетекчилеринин катышуусунда өттү.
04.02.2019 707 Кесиптик бирлик региондордо№30 Аркыт жалпы орто мектебинде баштапкы профсоюз комитетинин отуруму болуп өттү
2019-жылдын 29-январында Аксы районундагы №30 Аркыт жалпы орто билим берүү мектебинде кесип бирлигинин отуруму болуп өттү. Отурумда кесип бирликтин бир жылда жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы берилди. Ошону менен бирге 2019-жылга баштапкы комитеттин сметасы, жылдык планын бекитүү боюнча бир канча маселелер каралып, талкууланып бекитилди. Кесип бирликтин мүчөлөрү өз ойлорун билдирүү менен кесип бирликтин төрайымынын жүргүзгөн иштерине жакшы деп баа беришти.
01.02.2019 657 Кесиптик бирлик региондордоНоокен райондук комитеттин курамына жаңы профсоюздук уюмдар кабыл алынды
2019-жылдын 29-январь күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү. Президиум кенешмесине К.Нышанов, З.Усенов, А.Усманов, Б.Курбанова, А.Орозова, З.Юлдашева, М.Абдуллаева, А.Сагынбаева, Н.Момуналиева, Т.Исмаиловдор катышышты. Президиум күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
01.02.2019 663 Кесиптик бирлик региондордо“Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия”
Лейлек районунун Исфана шаар башкармалыгына караштуу “Исфана” жана Т.Жапаров атындагы орто мектептеринде 2019-жылдын 24-25-январь күндөрү “Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия” деген темада мектеп директорлорунун, мугалимдердин жана ата-энелердин катышуусунда тренинг өткөрүлдү.
01.02.2019 770 Кесиптик бирлик региондордоБилим менен куралданбаган адам – бийиктикке жетпейт
2019-жыл 30-январь күнү Ноокен районундагы №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинде “Түбөлүктүү түгөнбөс кенч-билим болот, түпкүрүнө жете казсаң – илим болот” аттуу райондук ачык эшиктер күнү болуп өттү. Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси У.Шамаматова, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкулов жана райондогу бардык мектептердин директорлору катышышты. Ачык эшиктер күнүндө Н.Исмаилова, Ы.Коргонбаева, Ж.Камбарова, С.Кадырова, С.Нурановалар жогорку денгээлде сабактарды өтүп беришти.
01.02.2019 730 Кесиптик бирлик региондордоБашталгыч класстарда сүрөт сабагын окутуунун жана сүрөт тартуу техникаларын үйрөтүүнүн усулдары
2019-жылдын 24-январында Кадамжай районундагы Орозбеков айылындагы С.Тешеев атындагы орто мектебинде башталгыч класстын жана сүрөт предметинин мугалимдери менен семинар болуп өттү. Семинарга Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, билим берүү бөлүмүнүн методистери, мугалимдер жана башталгыч класстын окуучулары катышты.
01.02.2019 2215 Кесиптик бирлик региондордо2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга жаны милдеттер
Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети 2019-жылдын 25-январында район, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, президиум мүчөлөрү жана профактивдердин катышуусунда жыл жыйынтыгын чыгарган президиумун өткөрдү. Президиумдун күн тартибинде:
31.01.2019 617 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин семинар кеңешмеси болуп өттү
2019-жылдын 25-январь күнү Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу №14 “Нооруз” балдар бакчасында зордук-зомбулук, жашы жете элек балдарга карата кылмыштуулуктун алдын алуу максатында семинар-тренинг болуп өттү. Бул семинарга Ноокен рай КБКнын төрагасы К.Нышанов, Ноокен райБББнүн мектепке чейинки мекемелер боюнча адиси У.Шамаматова, айыл башчысы Э.Субанов, Ноокен РИИБнүн кызматкерлери ата-энелер жана райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, анын балага тийгизген таасири жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, кенен талкуу жүргүзүлдү. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган "Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенция", Кыргыз
30.01.2019 655 Кесиптик бирлик региондордо