Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин адистери Баткен областында

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин  адистери Баткен областында

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин 2019-жылдагы иш планына ылайык Борбордук комитеттин төрагасынын орун басары О.Молдокматов, аппарат жетекчиси И.Афанасьева, Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова, финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова, башкы укук жана техникалык инспектору Б.Кадыркулов, жаштар жана маалымат иштери боюнча бөлүм башчысы В.Бредихина атайын түзүлгөн график боюнча 2019-жылдын 26-февралынан 28-февралына чейин Баткен областтык, райондук, шаардык профсоюз комитеттери тарабынан КРнын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

 05.03.2019      764       Кесиптик бирлик региондордо

"Бала бакчалардын ынтымагы"

Үстүбүздөгү жылдын 2-март күнү 2019-Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата "Мырзайым" жана "Акжолтой" мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ортосунда "Ынтымакта өнүгүүгө оболго, ортодогу "достук" деген көпүрө" аттуу спорттук мелдеш болуп өттү. Иш чарага эки бала бакчанын жамааты, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты. Бала бакчалардын кызматкерлеринен куралган эки топ ураан айтуу, воллейбол, секирүү, кар үстүндө жылгаяк тебүү, аркан тартуу, мээлеп уруп, кегляны уруп жыгуу шарттары менен мелдешишти.

 05.03.2019      830       Кесиптик бирлик региондордо

Президиум болуп өттү

Президиум болуп өттү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин Президиуму болуп өттү. Президиумга жалпы билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымдары жана президиум мүчөлөрү катышышты. Президиумдун биринчи бөлүгү сыйлоо аземи менен башталды. 2018-жылдын жыйынтыгы менен “Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюз комитети” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн баалуу белектер менен сыйлашты.

 04.03.2019      761       Кесиптик бирлик региондордо

2019-жылдын "Мыкты тарбиячы" кароо сынагы мектепте өткөрүлдү

2019-жылдын

"2019-жылдын мыкты тарбиячысы" конкурсу Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде, кесип бирлик комитетинин демилгеси менен, класс жетекчилердин арасында ачык тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Конкурста 2019-жыл "АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТУРҮҮ ЖАНА САНАРИПТЕШТИРҮҮ" жылында аймактарды өнүктүрүүгө окуучулар кандай салым кошо аларлыгы, окуучулардын активдүүлүгү, өтүлгөн сабактардын тарбиялык маанилери, мугалимдердин чеберчилиги каралды. Мектептин окуу бөлүм башчысы Т.Жолдошова, уюштуруучу Миртемир Тыныбеков, усулдук бирикмелеринин жетекчилери калыстык менен "Эӊ

 04.03.2019      859       Кесиптик бирлик региондордо

ӨКМ өкүлдөрү ОГПИде

ӨКМ өкүлдөрү ОГПИде

КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2019-жылдын потенциалдуу коркунучу бар аймактарында жашаган калкты жана кызматкерлерди жеринде барып окутуу жана коомчулукка коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү планына ылайык Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттерге жана окутуучуларга министрликтин тиешелүү адистери тарабынан окутуу иши жүргүзүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

 01.03.2019      696       Кесиптик бирлик региондордо

Жалал - Абад облустук Жаштар Кеңешинин эмблемасы тандалды!

Жалал - Абад облустук Жаштар Кеңешинин эмблемасы тандалды!

2019-жылдын 15-январында Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитети облустук Жаштар Кеңешинин эмблемасынын үлгүсүн ойлоп табуу боюнча сынак жарыялаган. Сынакка бардык райшаардык Жаштар Кеңештери катышышып, атайын түзүлгөн комиссия курамы менен текшерилди. Сынакта Ноокен райондук Жаштар Кеңеши биринчи орунга ээ болуп, Жалал-Абад шаардык Жаштар Кеңеши экинчи орунду ээледи.

 01.03.2019      917       Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун В.И.Ленин атындагы орто мектебинин салтанаттуу иш чарасы

Лейлек районунун В.И.Ленин атындагы орто мектебинин  салтанаттуу иш чарасы

2019-жылдын 22-февраль күнү Лейлек районунун Кулунду айылына караштуу В.И.Ленин атындагы орто мектебинде 23-февраль “Мекен сакчыларынын” күнүнө карата жана 15-февраль “Ооган жергесинен Советтик Армиянын чыгарылганынын 30 жылдыгына” арналып өткөрүлгөн спорттук мелдештердин жыйынтыктоочу салтанаты болуп өттү. Салтанатка Кулунду айылында жашаган Ооган согушунун ардагерлери катышышты. Ардагерлер окуучуларды патриоттулукка үндөө максатында өзүлөрүнүн акыл насаатарын айтып, башынан өткөргөн күндөрүн эске салышты.

 01.03.2019      749       Кесиптик бирлик региондордо

ИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨРДҮ АЛУУДА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СОЦИАЛДЫК АБАЛЫНА ЖАРАША ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛУУДА

ИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨРДҮ АЛУУДА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН  СОЦИАЛДЫК АБАЛЫНА ЖАРАША ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛУУДА

Буга чейин ОшМУда иштеген кызматкерлердин 26сы Ош шаардык муниципиалдык, 115и мамлекеттик, 2 адам альтернативалык ипотекадан үй алышкан. Мындан ары да ипотекалык үй алууга кызыкдар кызматкерлерге жеңил шарттарды түзүү максатында тиешелүүлөр менен жыйын болуп өттү. Ага Ош шаардык мэриясынын жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин жетекчиси Таймураз Исакжанов, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы «Турак жай курулушун өнүктүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар фонду» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу, ОшМУнун турак-жай куруучулар фонду, West way Elet, Курулуш инвест компанияларынын өкүлдөрү ипотекага үйлөрдү алуу боюнча суроолорго жооп берди.

 28.02.2019      659       Кесиптик бирлик региондордо

Жаштардын Президиуму

Жаштардын Президиуму

Билим берүү жана илим кызматкерлеренинин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин алдындагы облустук Жаштар Кеңешинин президиуму болуп өттү. Президиумдун төрагасы З.Сулайманов Мүчөлөрү: 1. Жалал-Абад шаардык Жаштар Кеңешинин төрагасы М.Мамасыдыков 2. Ноокен рай.Жаштар Кеңешинин төрагасы Т.Бакиров 3. Көк-Жаңгак шаардык Жаштар Кеңешинин төрайымы Н.Сыдыкова 4. Сузак рай. Жаштар Кеңешинин төрагасы З.Киргизбаев.

 28.02.2019      754       Кесиптик бирлик региондордо

Мекенди коргоо күнү белгиленди

Мекенди коргоо күнү белгиленди

Аксы районундагы №8 «Алтын-Ачкыч» мектепке чейинки билим беруу уюмунда , уюмдун профсоюздук комитетинин демилгеси менен 23-февраль - «Мекенди коргоо куну» жаш жеткинчектер арасында белгиленди. Бала бакчада Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушуу болуп, аларга жаш жеткинчектер тарабынан чакан концерттик программа тартууланды. Бул жолугушуудан жаш бөбөкөрүбүз жүрөгүндө патриоттуулук сезим, мекенге болгон сүйүү күчтүүрөк болуп ойгонду деп ойлойбуз.

 28.02.2019      718       Кесиптик бирлик региондордо

"Келгиле окуйбуз"

2019-жылдын 15-февраль куну Лейлек районунун "Достук" орто мектебинин чон жыйындар залында окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча USAID дин "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун алкагында 4-класстардын окуучуларынын арасында конкурс болуп өттү. Иш чарага райондук билим беруу болумунун башталгыч класстар боюнча усулчусу Женалиева Муниса Атакуловна, долбоор менен иштешкен башталгыч класстардын мугалимдери катышышты. Конкурстун максаты - окуучуларга, ата-энелерге Чынгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, алган сыйлыктары жөнүндө маалымат берип, аларды достукка, боорукерликке, сабырдуулукка, мекенчилдикке тарбиялоо. Конкурска "Достук "орто мектебинин "Биринчи мугалим" командасы, Шер Ташполотов мектебинин "Алтынай" тобу,

 28.02.2019      1091       Кесиптик бирлик региондордо