"Келгиле окуйбуз"
2019-жылдын 15-февраль куну Лейлек районунун "Достук" орто мектебинин чон жыйындар залында окуу жөндөмүн күчөтүү боюнча USAID дин "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун алкагында 4-класстардын окуучуларынын арасында конкурс болуп өттү. Иш чарага райондук билим беруу болумунун башталгыч класстар боюнча усулчусу Женалиева Муниса Атакуловна, долбоор менен иштешкен башталгыч класстардын мугалимдери катышышты.
Конкурстун максаты - окуучуларга, ата-энелерге Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы, алган сыйлыктары жөнүндө маалымат берип, аларды достукка, боорукерликке, сабырдуулукка, мекенчилдикке тарбиялоо. Конкурска "Достук" орто мектебинин "Биринчи мугалим" командасы, Шер Ташполотов мектебинин "Алтынай" тобу, М.Баетов мектебинен "Ак кеме" командалары катышып ийгиликтерди багындырышты. Долбоордун алкагында өтүлгөн модулдар боюнча төмөнкү материалдарды камтыды: Көркөм окуу, окуганын түшүнүү, шульте таблицасы, окурмандын театры, блиц - суроо. Мыкты көрсөтмо куралдарын да презентациялашты."
Катышуучулар ушул иш-чараны уюштурууга жакындан жардам көрсөткөн" Достук "орто мектебинин администрациясына Тургунова Айнура Абдыразаковна жетектеген коллективге терең ыраазычылык билдиришти.
-----------
Даярдаган:
Марина Сагалиева