Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун В.И.Ленин атындагы орто мектебинин салтанаттуу иш чарасы

2019-жылдын 22-февраль күнү Лейлек районунун Кулунду айылына караштуу В.И.Ленин атындагы орто мектебинде 23-февраль “Мекен сакчыларынын”  күнүнө карата жана 15-февраль  “Ооган жергесинен Советтик Армиянын чыгарылганынын 30 жылдыгына” арналып өткөрүлгөн  спорттук мелдештердин жыйынтыктоочу салтанаты болуп өттү.

Салтанатка Кулунду айылында жашаган Ооган согушунун ардагерлери катышышты. Ардагерлер окуучуларды патриоттулукка үндөө максатында өзүлөрүнүн акыл насаатарын айтып, башынан өткөргөн күндөрүн эске салышты.  

Ошондой эле, мектептин жамааты жана баштапкы профсоюз уюму тарабынан даярдалган спорттук мелдешке күбө болушуп, өз колдору менен жеңүүчүлөргө сыйлыктарды ташырышты. Жалпы эсеп менен биринчиликти ээлешкен 9-а классынын кыздар, 9-б классынын балдар командаларына диплом,акчалай сыйлык жана оюндун көчмө кубогу тапшырылды.

 

 

-------------------------

Маалыматты даярдаган:

Марина Сагалиева