Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынынын райондук туру

“Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынынын райондук туру

Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана “Саякбай Манасчы” Эл аралык фонду менен биргеликте 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата 20-февраль күнү Исфана шаарына караштуу Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде “Манас таануу” интеллектуалдык теле таймашынын райондук туру болуп өттү. Таймашка жалпысынан 26 команда катышып, областтык турга “Эгемендүүлүк” орто мектебинен “Каныкей”, “Кыргызстандын 60 жылдыгы” орто мектебинен “Ак Нур” , Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинен “Ак шумкар” топтору катыша турган болду.

 28.02.2019      659       Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин пленуму

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин пленуму

2019-жылдын 22-февраль күнү Исфана шаар мэриясына караштуу Токтогул атындагы орто мектебинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин пленуму болуп өттү. Пленумга баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышып, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек районундагы баштапкы профсоюз комитеттери тарабынан профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык укуктарын коргоодо, жамаатык келишимдердин түзүлүшү жана аткарылышы жөнүндө маселе каралды.

 27.02.2019      1230       Кесиптик бирлик региондордо

Англис тили жумалыгы

Англис тили жумалыгы

Лейлек районунун аймагындагы билим берүү мекемелеринде окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу максатында англис тилинен 10-күндүк жарыяланып, иш чаралар өткөрүлдү. Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу бардык мектептерде ачык сабактар, конференциялар, конкурстар, фестивалдар өткөрүлүп, дил баяндар жазылды. Дубал газета жана буклеттер чыгарылды, рефераттар жазылып, сүрөт конкурстары уюштурулду. Атап айтканда, “Кара-Булак” орто мектебинде “I love Enqlish” деген темада дубал газеталардын сынагы, “Ак-Терек” орто мектебинде “Англис тили – эл аралык баарлашуунун тили” темасында КВН, К.Казыев атындагы

 27.02.2019      1567       Кесиптик бирлик региондордо

21 - февраль – Эл аралык эне тил күнү Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде

21 - февраль – Эл аралык эне тил күнү Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде

Лейлек райондук билим берүү мекемелеринде 21-февраль –Эл аралык эне тил күнүн жогорку денгээлде өткөрүү максатында ар кандай иш чаралар өткөрүлдү. Бардык мектептерде Эне-тил күнүнө карата тарбиялык сабактар өтүлүп, дил баяндар жазылды. Ал эми өзгөчөлөнгөн иш чараларды атап айтсак, Г.Усенов атындагы орто мектебинде “Эне-тилим, эне-сүтүм”, “Курулуш” орто мектебинде “Эне-тилим, менин-дилим”,”Достук” орто мектебинде “Эне-тилдин баркын бил” (музыкалык кече) өткөрүлдү. Х.Боронбаев атындагы орто мектебинде “Тилим менен кыргызмын”, “Сары Дөбө” орто мектебинде “Элимдин эртени эне тилинде”, “Кыргызстандын 40-жылдыгы” орто мектебинде “Эне менен эне тил, ата менен ата журт” , “Эне тилим карегим,сенде менин дарегим”, “Эне тилим сен турганда бар элим”, №2 гимназияда “Эне тилим,эне сүтүм” деген темада “Ойлон шоу” интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү. К.Сабыров атындагы орто мектепте орус тили мугалими, “Язык- живая душа народа” –деген иш чара 6-10 класстар ортосунда

 27.02.2019      923       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан билим берүү мекемелеринин мугалимдери үчүн интеллектуалдык сынак жарыяланды

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан билим берүү мекемелеринин мугалимдери үчүн интеллектуалдык сынак жарыяланды

2019-жылдын 6-мартында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан билим берүү мекемелеринин мугалимдери үчүн интеллектуалдык сынак жарыяланды. Сынактын шарты боюнча сынакка бардык билим берүү мекемелеринин төрайымдары жетектеген курамында 4 адамдан турган топ катышат.

 27.02.2019      652       Кесиптик бирлик региондордо

Майлуу-Суу шаарында майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү

Майлуу-Суу  шаарында майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү

Майлуу-Сууй шаардык билим берүү бөлүмү менен билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин ортотосунда түзүлгөн МАКУЛДАШУУга ылайык гумндуулукка жана патриоттуулукка тарбиялраоо багытындагы иш -чараларды биргеликте өткөрүү белгиленген. Жакында 21-февраль -“Эл аралык эне тили” күнү жана 23-февраль- “Ата-Мекенди коргоочулар күнү майрамдарына карата иш-чаралар шаардык денгээлде уюштурулду.

 27.02.2019      670       Кесиптик бирлик региондордо

“Эл аралык Эне тил” жана англис тилинин он күндүгү Таш-көмүр шаарыбызда өтүүдө

“Эл аралык Эне тил” жана англис тилинин он күндүгү Таш-көмүр шаарыбызда өтүүдө

Февраль айы өзгөчө айлардын бири анткени жылда ушул айда шаарыбызда Эне тил майрамы болуп жана “Англис тили-эл аралык баарлашуунун тили” аттуу темада иш чаралар өткөрүлөт. №10 А.Осмонов атындагы орто мектебинде Америкадан келген волонтер Джон менен жолугушуу болуп, окуучулар англис, орус, кыргыз тилдеринде чыгармаларды аткарышып, өздөрүнун чеберчиликтерин көрсөтүштү. Мектептерде кереге-газеталардын, жазуу иштеринин,чыгармалардан үзүндү аткаруу, сүрөт,музыкалык чыгармаларды үч тилде аткаруу сыяктуу конкурстар өткөрүлдү. Бардык мектептер активдүү катышышшып активдүүлуктөрүн көрсөтуштү.

 26.02.2019      1074       Кесиптик бирлик региондордо

Мекенди коргоо күнү

Мекенди коргоо күнү

Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району. Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу № 5 Токтогул атындагы гимназия мектебинде 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чаралар 22- февраль күнү өткөрүлдү. Окуучуларды патриоттук сезимдерин ойготуу үчүн Афган согушуна катышкан ардагерлерлер: Андаров Бекмамат, Кочоров Эгемберди, Айтматов Алмаз, Айтматов Бакыт, мектепке чакырылып окуучуларга ардагерлер өздөрүнүн башынан өткөргөн окуяларды айтып беришти. Мектептин 4 “б” – классынын окуучулары, класс жетекчиси Эргешова Гулзар болуп даярдаган концерттик программасын койюп берди. Райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев Афган согушунун ардагерлерин жана мектептин жамаатын, окуучуларды, келе жаткан майрам менен куттуктап сөз сүйлөдү.

 26.02.2019      758       Кесиптик бирлик региондордо

Өрт - тилсиз жоо

Өрт - тилсиз жоо

Акыркы күндөру өрттөн каза болгондордун жана өрттөн жабыркагандардын саны көбөйдү. Адамдардын жөнөкөй гана жооперчиликсиз мамилесинен ушундай кырсыктар болууда. Ушундай кырсыктардын алдын алуу үчүн Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасында жайгашкан ӨКМдин №56 бөлумунө №2 жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучулары менен биргеликте өрттүн алдын алуу эрежелерин жана өрт чыккан учурда алгачкы кадамдар, биринчи жардамдуу көрсөтүүнун жолдорун өрт коопсуздугун өрт кызматкерлери көрсөтүп беришти.

 26.02.2019      1173       Кесиптик бирлик региондордо

2019-жыл – “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы»

2019-жыл – “Региондорду   өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы»

Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району,Базар-Коргон айыл аймагында жайгашкан, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу №30 Ө.Атабекова атындагы инновациялык гимназия мектебине АБР тарабынан 2019-жыл – “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата 1млн. 460 мин. сомдук 12 даана комплект компьютер жана 1 даана интерактивдик доска ,Он-Лайн режиминде сүйлөшөтүрган экран жабдыктары, микрофондор, эмеректер, ар кандай сабактарды өтүүгө, иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлүп мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

 26.02.2019      885       Кесиптик бирлик региондордо

Мектепте мугалимдерге жана окуучуларга түзүлгөн шарттар

Мектепте   мугалимдерге жана окуучуларга  түзүлгөн шарттар

Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу , Акман айыл аймагында жайгашкан. № 6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектебинде мугалимдерге жана окуучуларга түзүлгөн шарттар. №6 Б.Осмонов атындагы гимназия мектеби 2016- 2017-жылы, мектептин ашканасы , тигүү канаасы, компьютердик кабинети , мектептин жылытуу системасы , капиталдык ремонттон өткөрүлүп мугалимдерге жана окуучуларга жакшы шарттар түзүлдү.

 26.02.2019      739       Кесиптик бирлик региондордо