Сыйлык - жаңы ийгиликтерге шыктандырат!

2019-жылдын 8-январь күнү КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги президиуму болду. Ага облустук комитеттин карамагындагы бардык профсоюздук уюмдардын төрага, төрайымдары жана 2018-жылдын жыйынтыгы менен конкурста жеңүүчү болгон баштапкы уюмдардын жетекчилери, профсоюз лидерлери катышышты. Кеңешме алды менен салтанаттуу маанай жараткан жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи менен башталды. Обкомдун төрагасы республикалык жана облустук конкурстарга активдүү катышып, жеңишке ээ болгон жеңүүчүлөрдүн ысымдарын атап, профсоюздук ишмердүүлүктө мыкты ийгиликтерди каалап, баалуу сыйлыктарды тапшырды. ЖАМУнун профсоюздук комитети, төрагасы К.М.Болотбеков, Республикалык “Проф Com Интернет конкурсунун” “Баштапкы
14.02.2019 779 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районунун математика мугалимдеринин семинары

2019-жылдын 9-февралында Лейлек районунун Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде райондун мектептеринин математика мугалимдери үчүн райондук усул каананын усулчулары тарабынан уюштурулуп даярдалган “Математика сабагын өтүүдө окуучуларды кызыктыруу” атуу темада семинар өткөрүлдү. Семинардын негизги максаты окуучуларды математика сабагын окуп үйрөнүүгө кызыктыруу жана интерактивдүү досканы колдонууну үйрөнүү болду.
14.02.2019 777 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районун О.Сапаров атындагы орто мектебиндеги иш чара

2019-жылдын 4-февраль күнү Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнө караштуу Ормош Сапаров атындагы орто мектебинде диний экстремизмдин, терорризмдин, радикализмдин, зордук-зомбулуктардын алдын алуу жана 2019-жылдын 1-январында кабыл алынган бузуулар кодексиндеги мыйзамдар жөнүндө жыйналыш өткөрүлдү. Жыйналышка Баткен облусттук дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси А.Жакыпов, Катыраң айылынын мечитинин башкы имамы А.Шаботоев, райондук укук коргоо кызматкерлери, мектептин жетекчилиги, мектептин окуучуларынын ата-энелери, 9-10-11-класстардын окуучулары катышышты.
14.02.2019 676 Кесиптик бирлик региондордоБилим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетине ыраазыбыз

2019-жыл 8-февраль күнү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад областтык комитетинин жыйынтыктоочу президиуму болуп өттү. Ал жыйынга Региондорунду өнүктүрүү жылына карата “Мыкты профсоюз уюму жана төрагасы -2018" кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү да катышты. Жыйынды обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, конкурстун жеңүүчүлөрүн куттуктап баалуу белектерди тапшырды. Бул ийгиликке жетишибизге түздөн-түз социалдык өнөктөш катары бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдоого чоң салым кошкон
13.02.2019 785 Кесиптик бирлик региондордоЖалал-Абад шаарында өрт коопсуздугун алдын алууга машыгуу болуп өттү

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №4 “Алтын-Балалык” балдар бакчасында өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын машыгуу болуп өттү. Машыгуу өрт коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында өткөрүлдү. Машыгууга ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы, Жалал-Абад шаардык өрткө каршы бөлүмү, медицина, милиция кызматкерлери жана шаардык билим берүү бөлүмү, профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин адистери катышышты.
13.02.2019 853 Кесиптик бирлик региондордоПрезидиум өткөрүлдү

2019-жылдын 8-февраль күнү билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин кезектеги президиуму өтөрүлдү. Анын ишине президиумдун мүчөлөрүнөн тышкары 2018-жылда тармактык профсоюзда өткөрүлгөн кароо-сынактын облустук турунун жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлегендер чакырылып, алар Жобого баалуу белектер менен ылайык сыйланды.
13.02.2019 737 Кесиптик бирлик региондордоНоокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинде жаңы ашкана пайдаланууга берилди

2019-жыл 9-февраль күнү Ноокен районундагы № 35 Ш. Сүйөркулов атындагы орто мектебинде жаңы ашкананын курулушу толук бүтүрүлүп, пайдаланууга берилди. Ашкананын жалпы сметалык баасы 1 млн 200 миң сомду түзөт. Каржы булагы жергиликтүү бюджеттен каралып, заман талабына ылайык салынды. Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 59 миң 110 сом бөлүнүп, ага ашканага керектүү идиш-аяктар, эмеректер алынды. Мектеп жамааты 27 миң сомго тамак бышыруучу меш жана муздаткыч алып беришти.
13.02.2019 717 Кесиптик бирлик региондордоОоган согушунун ардагерлери менен жолугушуу

Бүгүн Ноокен районундагы Сакалды айылында жайгашкан №14 “Нооруз” балдар бакчасында Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Ооган согушуна биздин Чоң-Багыш айылынан ондон ашуун жигиттерибиз катышып, Ооган элинин тынчтыгын, бейпилдигин сактоо үчүн, жаштыгын, гүлгүн курагын, ден соолугун аябай душман менен бетме-бет келип салгылашып келишкен. Ошол жоокерлерден жолугушууга Жунусов Мурат, Эгембердиев Шавкат, Мамадеминов Равшан, Абдрасулов Камил, Жолдошев Сатар агаларыбыз келип катышышты.
08.02.2019 1136 Кесиптик бирлик региондордоКызыл-Кыя шаарында бала бакчалардын тарбиялануучуларынын ата-энелери үчүн сынак болуп өттү

Сынак Сони корпорациясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китебинин негизинде өткөрүлдү. Сынакта “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду демөөрчүлүк милдетин аткарды. Сынак Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри А.Ж.Маткалыков жетектеген балдар иштери боюнча комиссиясы жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети менен биргеликте өткөрүлдү. Сынакты өткөрүүнүн негизги максаты: мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү үчүн тарбиялоо усулдарын үйрөтүү аркылуу тарбия берүү жараянына ата-энелерди да тартуу болуп эсептелди.
08.02.2019 693 Кесиптик бирлик региондордоДаамдуу тамак балдарга кубат

Кадамжай районундагы Халмион аймагына караштуу “Күн бала” балдар бакчасында Ашпозчулардын семинары болуп өттү. Семинарга билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Гайбуллаев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана бардык бала бакчанын ашпозчулары катышты.
08.02.2019 827 Кесиптик бирлик региондордоМугалим-бала идеалы, баланын бактысы

Эртең менен көзүңдү ачып, таң шооласы менен учурашаар замат мугалимдин жолун карап, дүйнөнү эми таанып келе жаткан,жан дүйнөсү таза,көптөн көп үмүтү бар балдар элестейт. Үйүң деле, өз каныңан жаралган балдарың деле көзүңө илинбей ошолорго тез жетүунү самайсың. Мугалим жолду катар келе жатып он ойлонуп, он толгонот. Бала үчүн иштөө, баланын жашоосуна чыйыр салып берүү, жаңы инсандын башатынын көзун ачуу, коомдун жаңы агымынан тайбай тургандай кылып окутуу мугалим үчүн түйшүк эмей эмине? Ар бир сабак ак барактай дүйнөсү таза баланын сезимине булук салып, ойлонтуп, жан дуйнөсүн
07.02.2019 858 Кесиптик бирлик региондордо