Мырза жетекчи – Лейлек районунда

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептеринин мырза директорлорунун арасында 2019-жылдын 21-февраль күнү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети тарбынан уюштурулуп, даярдалган “Мырза жетекчи-2019” сынагы болуп өттү. Сынак 5 турдан туруп, өзүнө катышуучунун өзүн өзү тааныштыруусу, аткарган жана аткара турган иштери тууралуу маалымат, чыгармачылык жөндөмү,ишмердүүлүгүнө байланыштуу тест, үй-бүлөөдөгү камкордугу тапшырмаларын камтып, ар бир катышуучу ошондой эле аларды колдоп келген жааматы өзгөчө активдүүлүгүн, өз ара ынтымагын көрсөтүшүп, көрүүчүлөргө жаркын маанай тартууланып, иш чара жогорку уюшкандыкта даярдалганы байкалып турду.
25.02.2019 624 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн мектеп директорлорунун Кеңеши

2019-жылдын 21-февраль күнү Исфана шарындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде Лейлек районунун мектептеринин директорлор кеңеши болуп өттү. Кеңешке билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим жана илим кызматкелеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы, 67 мектептин директорлору катышышты. Иш чаранын башталышында райондун турак жайды камсыздандыруу бөлүмүнүн кызматкерлери турак жайды камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билим берүү тармагынын кызматкерлерине жеткирүүнү суранып өтүштү.
25.02.2019 801 Кесиптик бирлик региондордоОГПИде райондор аралык волейбол боюнча мелдеш өттү
23-февраль Мекенди коргоочулар күнүнө жана 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет. Мелдеш аймактар арасында достук мамилени бекемдеп, коомго сергек жашоонун образык жайылтуу максатында 40 жаштан жогорку курактагы эркектер ортосунда уюштурулган. Аталган достук мелдеш Кара-Кулжа, Лейлек, Алай, Өзгөн райондорунан жана ОГПИден келген командалардын катышуусунда, окуу жайдын спорттук залында салтанаттуу түрдө ачылуу аземи менен башталды. Иш чараны уюштуруучу катары ОГПИнин ректору Б.Б.Зулуев ачып, өз сөзүндө жалпы катышуучуларды келе жаткан майрамдары менен кызуу куттуктап, мелдештин жүрүшүнө ийгилик каалоо менен саамалыктын демилгечилерине, уюштуруу тобуна жана байге фондун түзүп берген жеке ишкерлерге ыраазычылык билдирди.
25.02.2019 697 Кесиптик бирлик региондордоЗаманбап билим келечекке бекем пайдубал болот

“Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына карата Тогуз-Торо районундагы №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Заманбап билим келечекке бекем пайдубал болот” деген темада райондук деңгээлде семинар өткөрүлдү. Семинарга райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Айбек Карыбекович, Тогуз-Торо айыл округунун башчысы Улан Сапарбекович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Сапарбекович, райкомдун төрагасы Залкар Керипбаевич жана жалпы билим берүүчү орто мектептердин жетекчилери,
25.02.2019 814 Кесиптик бирлик региондордоБаштапкы уюмдардын эмгеги бааланды

2019-жылдын 14-февраль күнү ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги кеңейтилген кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге КРнын ББ жана И кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов катышып, тармактык профсоюздун, облустук комитеттин жана ЖАМУнун профсоюздук комитетинин профсоюздук ишмердүүлүктөрүнө токтолуу менен “ 2018-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жылы” мамлекеттик программасынын алкагында уюштурулган Республикалык “Проф Com Интернет конкурсунун” жыйынтыгы менен “Баштапкы профсоюз уюмдун иш тажрыйбасы” номинациясы боюнча жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды: ЖАМУнун профсоюздук комитети КРнын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун
25.02.2019 753 Кесиптик бирлик региондордоАр улут өз эне тилин даңазалады
21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош гуманитардык – педагогикалык институтунда салтанаттуу кече болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет. Иш чара окуу жайдын ифакультеттер жана жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага окуу жай жетекчилиги, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Б.Нурунбетов баштаган ар улуттун маданий борборлору жана ОГПИде даярдалган орус, кытай, жапон, англис жана кыргыз тили адистиктеринин студенттер жана башка өзбек, тажик, түрк улутундагы студенттер катышты.
22.02.2019 1252 Кесиптик бирлик региондордоСоциалдык адилеттүүлүк күнү белгиленди

Социалдык адилеттүүлүктүн дүйнөлүк күнүн өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жыл № 110 токтомунун негизинде Ноокен районуна караштуу № 6 “Арал” атындагы орто мектебинде 2019-жылдын 20-февраль күнү Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү белгиленди. Анда мектеп директору Ч.Курбанбаева, кесиптик уюмунун төрайымы А.Эргешова, социалдык педагог К.Зияшова, мугалимдер жана окуучулардын катышуусунда өттү. Мектеп директору Ч.Курбанбаева бул күн качан негизделип жана белгиленип келе жаткандыгы жөнүндө түшүнүк берди.
22.02.2019 1210 Кесиптик бирлик региондордоСоциалдык Адилеттүүлүк күнүнө карата тарбиялык саат өтүлдү

Бүгүн 20-февраль №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинде Социалдык Адилеттүүлүк күнүнө карата тарбиялык саат өтүлдү. Окуучулар Социалдык Адилеттүүлүк, коомдогу социалдык теңдик жөнүндө түшүнүк алышты. Бул тема боюнча өзүлөрүнүн фантазиялары менен сүрөттөрдү тартышып, дил баяндарды жазышты.
22.02.2019 2103 Кесиптик бирлик региондордоАлиппенин автору ОГПИде
Окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев менен студенттердин жана окутуучулардын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу окуу жай менен биргеликте Президенттин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюшутрулуп, ага ар бир факультеттен алдыңкы студенттер, окутуучулар жана институтун жетекчилиги катышты.
21.02.2019 894 Кесиптик бирлик региондордоЖаңы технологияларды колдонуу – заман талабы

2019-жылдын 19-февраль күнү «Үлгүлүү кыргыз тили мугалими -2019” кароо-сынагынын 1-туру өткөрүлдү. Быйылкы “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына” карата биринчи турда мугалимдер “Кыргызтесттен” онлайн түрүндө компьтерлерде тесттик тапшырмаларды аткарышты жана “Кыргызстандын жакынкы келечеги жаңы маалымат технологиясында” деген темада көз караштарын эссе түрүндө жазышты. Эки тапшырманы мыкты аткарып, эң жогорку балл алган 12 мугалим 2-турга катышууга жолдомо алышты.
21.02.2019 1256 Кесиптик бирлик региондордоЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДА "ЭРТЕ ЖАШ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МАКСАТЫНДА ОЮН АЯНТЧАЛАРЫН УЮШТУРУУ"

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата энелердин руханий байлыгын өнүктүрүү, ата-энелердин көңүлүн эрте курактагы балдарынын таалим-тарбиясына буруу, бакчага тартылбаган аярлуу катмардагы балдарды мектепке чейинки билимди алууга жана коомго кошулууга, өз курактуу балдар менен мамиле түзүп, ойноого тарбиялоо максатында 16-февраль күнү Исфана шаар башкармалыгына караштуу Голбо айылындагы "Керемет-Голбо" балдар бакчасында семинар-тренинг болуп өттү.
21.02.2019 803 Кесиптик бирлик региондордо