Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мырза жетекчи – Лейлек районунда

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептеринин мырза директорлорунун арасында 2019-жылдын 21-февраль күнү  Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети тарбынан уюштурулуп, даярдалган “Мырза жетекчи-2019” сынагы болуп өттү.

Сынак 5 турдан туруп, өзүнө катышуучунун өзүн өзү тааныштыруусу, аткарган жана аткара турган иштери тууралуу маалымат, чыгармачылык жөндөмү,ишмердүүлүгүнө байланыштуу тест,  үй-бүлөөдөгү камкордугу тапшырмаларын камтып,  ар бир катышуучу ошондой эле аларды колдоп келген жааматы  өзгөчө активдүүлүгүн, өз ара ынтымагын көрсөтүшүп, көрүүчүлөргө жаркын маанай тартууланып, иш чара жогорку уюшкандыкта даярдалганы байкалып турду.

Калыстар тобун Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн айымдары  түздү.

Жыйынтыгында “Тогуз - Булак” орто мектебинин директору  Камалов Курбанбек ишмердүүлүгү, чыгармачылык жөндөмү, тесттик суроолорго жооп берүүсү боюнча өзгөчөлөнүп 1-орунга ээ болду, ал эми 2-орунга Ю.Пулатов атындагы орто мектебинин директору Рахматуллаев  Бобомурат, 3-орунга И.Раззаков атындагы орто мектебинин директору Кенжебаев Аскар гайларыбыз  ээ болушуп, кесиптик бирлик тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Материалдя даярдаган: 

М.Сагалиева