Ноокенде областтык окуу семинары болуп өттү

2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында тармактын профсоюз комитеттеринин социалдык ишмердүүлүктөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана өркүндөтүү, билим берүү жана илим кызматкерлерин жана жаштарды социалдык жактан колдоо жана эмгек укуктарын коргоодо тармактык профсоюздун уставдык максаттарынын жана милдеттеринин ишке ашырылышы, жер-жерлерде профсоюздун ролун, ишмердүүлүктөрүн, кадыр-баркын инновациялык жана маалыматтык ыкмаларды өнүктүрүү аркылуу күчөтүү боюнча Борбордук Комитет тарабынан токтомдор кабыл алынып, иш чаралар бекитилген. Анын алкагында 12-март күнү Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу № 16 Турусбеков атындагы орто мектебинде окуу семинары болуп өттү.
14.03.2019 707 Кесиптик бирлик региондордоЖакшы эс алуу - ийгиликке өбөлгө

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети мугалимдердин ден-соолугун чыңдоого, бекемдөөгө жана эс алуусуна өзгөчө көңүл бурууда. Райондук комитет “Кочкор-Ата” санаториясы менен келишим түзүп, жыл бою райондогу билим берүү мекемелеринде иштеген агартуу кызматкерлерин кезеги менен эс алдырып келүүдө. 2018-2019-окуу жылында да санатория менен жаңы келишим түзүлүп, анын негизинде жыл ичинде 33 билим берүү кызматкери ден-соолугун чыңдоого жана бекемдөөгө мүмкүнчүлүк алышат.
14.03.2019 686 Кесиптик бирлик региондордоСеминар

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитети тарабынан 2019-жылдын 12-мартында Ноокен районунун №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин базасында “2019-жыл-Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында” окуу семинары болуп өтту. Семинарга Токтогул профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов,казначей, укук жана эмгекти коргоо инспектору болуп жигердуу катышып келдик. Семинар катышуучулары 3 тайпага бөлүнүп иштеп 1-тайпа менен обкомдун торагасы А. Исмаилов, обкомдун уюштуруу болумунун башчысы А.Бегматов, 2- тайпа менен обкомдун инспектору А.Айдаров, 3-тайпа менен финансы бөлүмүнүн башчысы З. Сулайманов окуу материалдары слайддар менен коргозуп откоруп беришишти.
14.03.2019 728 Кесиптик бирлик региондордоСпорт-ден соолук жана сулуулук

Таш-Көмүр шаарынын билим берүү бөлумүнө караштуу БЧҮнүн тарбиялануучулары шаардык профсоюз комитетинин демөөрчүлүгү менен кол күрөштүн Эл ара лык даражадагы калысы,кол күрөш боюнча Жалал-Абад облусунун башкы машыктыруучусу,Балдар чыгармачылык үйүнүн машыктыруучусу Каныбек Эсенгелдиевдин жетекчилиги астында 50 катышуучу 20 категория боюнча областыбызда өткөн кол күрөш мелдешине катышышып,18 категория боюнча ийгиликке жетишишип 1-орунду алып кайтышты.Жалпы 7 алтын,6 күмүш,4 коло медаль капчыгына салып кайтышты.Дүйнө чемпиону Аскат уулу Өткүр №14 инновациялык-гимназия мектебинин окуучусу үч салмакта 1-орунду,Юнусова Шахзода №12 Пушкин атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу кыз-келиндер арасында 1 -орун,Кошалиев Билал №11 орто мектебинин 8-классынын окуучусу 45 кг салмакта 1-орундарды багындырышты.
14.03.2019 753 Кесиптик бирлик региондордоАйымдардын Эл аралык майрамы белгиленди

Айымдардын Эл аралык майрамы жылда белгиленүүчү майрам, бул күнү бардык мектептерде, бала бакчаларда энелерге, аялзатына арналган ачык сабактар,адабий кечелер өткөрүлдү. Ошондой эле шаарыбыздын маданият үйүндө энелерге арналган майрамдык кече болуп, алдыңкы айымдарга белектер берилди. Ал эми бала бакчаларда балдардын колунан жасалган атайын открыткалар берилди.
14.03.2019 734 Кесиптик бирлик региондордо8-март –Асыл зат айымдардын майрамы!

ЖАМУнун бардык структуралык бөлүмдөрүндө баштапкы профсоюз уюмдарынын катышуусу менен “8-март- Аялдардын Эл аралык тилектештик күнү”- майрамына карата иш чаралар уюштурулуп, кызыктуу программадагы концерттер тартууланып, белектер менен гүл дестелер тапшырылды. Ал эми 7-март күнү Жалал-Абад колледжинин,Табигый техникалык факультеттин кызматкерлери сабакка келген айымдарды гүлдестелер менен тосуп алышып, майрамдык маанайда иш күнүн баштоого шарт түзүштү.Университеттин жалпы жамааты үчүн чоң жыйындар залында салтанаттуу иш чара өткөрүлүп ,майрамдык шаңга бөлөнгөн айымдар уюштуруучуларга ыраазы болуп кайтышты
14.03.2019 742 Кесиптик бирлик региондордоАсмандан жарык көрсөң кыргыз деп бил,ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил

Жылдагыдан шаңдуу,кыргыз күүлөрү тоо жаңыртып,улан-кызга патриоттук сезимиңди оргуштаткан керемет чакырыктар менен коштолуп Таш-Көмүр шаарынын маданият үйүнүн алдындагы негизги аянтчага жетекчилер баш болуп койкойгон ак калпак кийишип көчө аралай эки тарап бетме-бет келип токтошту.Шаарыбыздын мектептеринин тарых мугалимдери жана кыргыз тили мугалимдери ак калпак таржымалын баяндап беришти.Шаарыбыздын тургундарын,конокторун “Ак калпак күнү”менен шаарыбыздын мэри,жергиликтүү кеңештин төрагасы баштаган инсандар куттуктоолорду айтышып,маареке жалпы флешмоб менен жыйынтыкталды.
14.03.2019 789 Кесиптик бирлик региондордо8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата спорттук иш чара өткөрүлдү

8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинде мугалимдер арасында “Кана эмесе эжелер” деген темада көңүлдүү старт 7-март күнү мектептин спорт залында өткөрүлдү. Спорттук иш чарага жалпы 6 команда катышып, жеңүүчү командаларга билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты. Майрамга карата спорттук иш чараны уюштуруп бергендиги үчүн мугалимдер ыраазычылыктарын билдиришти.
12.03.2019 809 Кесиптик бирлик региондордоОГПИнин “Эмгек сиңирген ишмери” наамы 88 жаштагы жетекчиге ыйгарылды
Ош гуманитардык-педагогикалык институтун 1966-1970-жылдары жетектеген Салимбаева Канада Кадыровна окуу жайда конокто болуп, жамаат менен жолугушту. Жолугушуу институттун чоң залында ректор Б.Б.Зулуев баштаган эмгек жамааттын жана студенттердин катышуусунда болуп, мында окуу жайдын жана билим берүүнүн тарыхы, бала окутуунун, тарбиялоонун актуалдуулугу жана жеке инсандык калптануу тууралуу жакындан баарлашуу жүрдү.
12.03.2019 885 Кесиптик бирлик региондордоБАТКЕН ОБЛАСТЫНДА АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫНА КАРАТА СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгү жана областтагы тармактык профсоюз комитеттери менен биргеликте 8-март аялдардын эл аралык майрамына карата 2019-жылдын 7-мартында Баткен шаарында областтык деңгээлде сый көрсөтүлдү. Бул салтанаттуу аземге жалпы 150 дөй аялдар катышып, алардын ичинен билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык райондук, шаардык комитеттеринин сунушу менен билим берүү жана илим тармагында эмгектенген 55 алдынкы мугалим, тарбиячылар катышты. Майрамдык дасторкон Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулса, баалуу белектерди тармактын профсоюздары тарабынан даярдалды.
12.03.2019 677 Кесиптик бирлик региондордо"Келгиле окуйбуз" Лейлек районунда

2019-жылдын 2-март күнү , Лейлек районунун Самат атындагы орто мектебинде "Жаш- Тилек" орто мектебинин, Наркозу Батыров атындагы орто мектебинин, "Беш-Бала" башталгыч мектебинин, Дыйканбай Жороев, Самат атындагы орто мектептеринин 2-4-класстарынын окуучуларынын, энелеринин, мугалимдеринин, коомчулуктун катышуусунда USAIDдин "Келгиле, окуйбуз!" долбоорунун элементтерин камтыган 8-март “Аялдардын Эл аралык күнүнө карата "Эне мээрими баарынан күчтүү" аттуу фестиваль болуп өттү.
12.03.2019 1115 Кесиптик бирлик региондордо