Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өкүмөттүн токтомдору аракетте

Өкүмөттүн токтомдору аракетте

2019-жылдын март айында Ош, Кара-Суу аймагында(зонасында ) жайгашкан № 77 Хамза а.о.м., № 118 Дадан Султанов атындагы негизги мектебинин жана «Асилия» мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында 121 жалпы билим берүүчү мектептердин жана 73 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусунда семинар-окуу болуп өттү. Семинардын максаты: Мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмдарынын кааналарын заманбап жабдуу, иш кагаздарын жүргүзүү жана Зыяндуу жумуш орундары үчүн кошумча төлөмдөр боюнча КРнын Өкмөтүнүн 2015-жыл 27-апрелдеги №258 токтому жөнүндө кеӊири маалыматтарды жеткирүү.

 09.04.2019      717       Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунун мектептериндеги тамактандырууну оптимизациялоо

Кадамжай   районунун  мектептериндеги   тамактандырууну  оптимизациялоо

Кадамжай районуна караштуу Үч-коргон айыл аймагындагы Жомий атындагы орто мектебинде Кадамжай райкомпрофсоюз комитетинин колдоосу менен “Окуучуларга ысык тамак уюштуруу” боюнча семинар өткөрүлдү. Семинар мектеп директорлордун жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Семинардын максаты: Окуучуларды колдоо, ден-соолукту жана тамактанууну жакшыртуу. №20 Маканов атындагы орто мектебинин директору К.Мурзаева өзүнүн тажрыйбасы боюнча өтө жакшы слайд көрсөтүү менен айтып берди. Бардык мектептерге жайылтуу сунушталды.

 04.04.2019      741       Кесиптик бирлик региондордо

Кезектеги президиум болуп өттү

Кезектеги  президиум болуп өттү

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин иш планына ылайык кезектеги Президиумунун отуруму 3-апрель күнү болуп өттү. Отурумда иш планда каралган маселелр каралып, талкууланды жана региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жылында тармактагы райшаар, окуу жайлардын профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылын өткөрүү боюнча ОПКнын иш планын кабыл алынып, бекитилди. БПК тарабынан кабыл алынган республикалык кароо-сынагынын жобосун жетекчиликке алып, бардык баштапкы уюмдарга жеткирип, даярдыктарды көрүү тапшырмасы берилди.

 04.04.2019      732       Кесиптик бирлик региондордо

Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетине

Билим жана илим кызматкерлер  профсоюзунун Борбордук комитетине

2019-жылдын 13- мартында Билим жана илим профсоюздарынын кызматкерлер профсоюзунун Нарын шаардык жана Нарын райондук комиттеринде профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдары жана Нарын облустук экотехинспекциясынын бөлүм башчысы, НРББ, НШББ бөлүмүнүн экономистери менен бирдикте семинар өткөрүлдү. Семинардын ачылышын профсоюздардын Нарын облустук Кеӊешинин төрагасы Курманкожоев Муканбеталы Жунушалиевич жана Нарын шаардык профсоюздар комитетинин төрагасы Качкымбаев Токтогон Качкымбаевичдер тарабынан семинардын ачлышында сөз сүйлөштү.

 03.04.2019      938       Кесиптик бирлик региондордо

Жеңүүчүлөр менен сыймыктанабыз!

Жеңүүчүлөр менен сыймыктанабыз!

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1 Олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучу мугалими Гулшанай Сатарова Малазия мамлекетинин Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан Эл аралык Гран-при жарышында алтын байгеге ээ болду. Айта кетсек Г.Сатарова жеңил атлетика боюнча спорт чебери (Мастер спорта по легкой атлетике) Кыргыз Республикасынын чемпиону. Азия оюндарынын катышуучусу, Иран мамлекетинде өткөн Дүйнөлүк ислам оюндарынын жеңүүчүсү, Азиянын жабык имараттардагы жеңил атлетика боюнча чемпионатында күмүш медалынын ээси.

 01.04.2019      834       Кесиптик бирлик региондордо

Коомдук фонд тарабынан “Атаке” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Коомдук фонд тарабынан “Атаке” аттуу иш-чара өткөрүлдү

2019-жылдын 30-март күнү Ноокен районунун Масы айылдык округундагы №1 “Ак кайың” балдар бакчасынын базасында “Бирдей укук жана мүмкүнчүлүк” коомдук фонду тарабынан “Атаке” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда “Бирдей укук жана мүмкүнчүлүк” коомдук фондунун жетекчиси А.Эшиев, тренерлер - Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин мугалими тарых илимдеринин кандидаты, доцент Г.Анарбаева, Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин мугалими тарых илимдеринин кандидаты Н.Мырзабаева, франциялык журналистка Мари Алекс Детри, Ноокен райКБКнын укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору Т. Бакиров, Масы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси А.Максуталиева, райондун аксакалдары жана балдар катышышты.

 01.04.2019      766       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИнин МЫРЗАСЫ тандалды

ОГПИнин МЫРЗАСЫ тандалды

Бүгүн Ош улуттук драма театрында Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факультеттери ортосунда "ОГПИнин МЫРЗАСЫ - 2019" аттуу жигиттердин кароо сынагы болуп өттү. Иш чара Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата жигиттердин мырзалык сапаттарын, жаштардын коомдогу ордун жакшыртып, улуттук каада-салттарыбызды жана маданиятыбызды өз денгээлинде калптандыруу максатында окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

 01.04.2019      1035       Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта тегерек стол өткөрүлдү

Сузакта тегерек стол өткөрүлдү

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин демилгеси менен “Райондогу билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында” Макулдашуулар жана жамааттык келишимдер аркылуу өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте коргоонун абалы жана алдыдагы милдеттер жөнүндө” тегерек стол өткөрүлдү.

 01.04.2019      710       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда "жылдын мугалими" конкурсу өткөрүлдү

Аксы районунда

Аксы районунда 2019-жылдын 27-мартында "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү "жылына карата  зоналарда райондун билим берүү бөлүмү жана кесип бирлик комитети биргеликте  уюштурган "2019-жылдын мыкты мугалими, мыкты тарбиячысы"конкурсу өткөрүлдү.  Конкурста өтүнгөн   ачык сабактардын тарбиялык маанилери, мугалимдердин чеберчилиги, турмуш менен байланышы, элдик педагогиканын колдонушу, предметтик байланышы, окуучулардын активдүүлүгү, мугалимдердин портфолиосу , техникалык каражаттардын колдонулушу каралды.  Жогоруда айтылган критерийлер боюнча сабактардын мыктылары тандалды. Актуалдуу темадагы сабактарды отушту. Мисалы :"Менин асыл талабым, онуксо экен аймагым" , "Кыргыз жерим эн сулуу, дүйнө эли тааныган" ,"Адамга эн кыйыны күн сайын адам болуу " . Конкурстун катышуучулары изденүүчүүк, чеберчилик менен даярданышкан.  "Мыкты мугалим "деп Ү. Турдубаев мектебинин математика мугалими Саматова Мунара тандалды. Ал эми "Мыкты тарбиячысы"конкурсунун жеңүүчүсү Т. Уметалиев мектебинин мугалими табылды. Жеңүүчүлор райондук турга жолдомо алышты. 

 01.04.2019      638       Кесиптик бирлик региондордо

Жашоонун сергек мүнөзү

Жашоонун сергек мүнөзү

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу 2019-Региондорду өнүктүрүу жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата билим берүү кызматкерлеринин арасында “Жашоонун сергек мүнөзү- чын ден соолук” деген лозунгдун алдында жазгы Спартакиада уюштурду. Спартакиаданын максаты билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чындоого, жашоонун сергек мүнөзүнө чакырууга багытталган. Спартакиада райондун 4 регионунда 2019-жылдын 23-мартында ачылган. Спорттун 3 түрү: волейбол, стол тенниси, тогуз коргоол менен коштолгон оюндар Чүй мектеп интернатында, И.Борончиев атындагы, Б.Маленов атындагы, В.Ф.Марков атындагы орто мектептеринде өткөрүлдү.

 01.04.2019      832       Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо

Эмгекти коргоо

2019-жылдын 28-мартында Ош облусунун Араван районуна караштуу "Гүлбаар" мектепке чейинки билим берүү уюмунда "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу" боюнча райондук семинар өткөрүлдү. Семинарга Ош билим берүү институтунун адиси Ж. Кудайкулова, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлү М. Алибаева, Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Т. Ахматалиев, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Б.А. Турдубаев райБББнын жетектөөчү адиси У.И. Токуров, райБББнын усулчусу Ю. Д. Рахимкулов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Араван райондук бөлүмүнүн адистери М. Абаев, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Гулжигитов жана Араван районуна караштуу бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты. Семинар 3 бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө "Мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги окуу-тарбия иштери", 2- бөлүгүндө "Өзгөчө кырдаалдар боюнча практикалык сабак", 3-бөлүгүндө Эмгекти коргоо боюнча кызуу талкуу жүргүзүлдү.

 01.04.2019      705       Кесиптик бирлик региондордо