Профсоюздун Ноокен райондук комитетинин 6 – Пленуму өттү

2019-жылдын 20-апрель Ноокен районунун №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин жыйындар залында Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин 6-Пленуму болуп өттү. Пленумга райондук комитеттин мүчөлөрү, текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү жана мектептердин, бакчалардын директорлору балдар спорт мектебинин , балдар чыгармачылык үйүнүн жетекчилери, райБББнүн адистери, ардагер мугалимдер жана баштапкы кесиптик уюмдун төрагалары катышышты.
23.04.2019 762 Кесиптик бирлик региондордоУсулдук күн Таш-Көмүр шаарында өткөрүлдү

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад обкомунун иш планыныа ылайык 2019-жылдын 18-апрелинде Таш-Көмүр шаардык комитетине обкомдун инспектору А.Айдаров тарабынан усулдук жардам берилди. Усулдук күндө шаардык комитеттин төрайымы Элмира Жаркынбековна Эгизалиевага номеклатуралык иш кагаздарды жүргүзүү, пленум, президиум материалдарын даярдоо, баштапкы профсоюздук уюмдар үчүн семинарларды өткөрүү, айлык акылар боюнча борборлоштурулган бухгалтерия менен иштоо,маалыматтарды электрондук алмашуу, кайрылуулар жана арыздар менен индивидуал иштоо боюнча маалыматтар берилди.
19.04.2019 805 Кесиптик бирлик региондордоПрофсоюз комитеттеринин финансылык иш кагаздары боюнча окутуу семинары

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин иш планына ылайык 2019-жылдын 18-апрель күнү Баткен областындагы райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, эсепчилеринин катышуусунда «Райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин финансылык иш кагаздары жөнүндө” деген темада областтык окутуу семинары Баткен шаарында болуп өттү.
19.04.2019 822 Кесиптик бирлик региондордо«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ – 2019» кароо сынагы

“2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата 15-16 – апрелде Сүлүктү шаарында шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мекеме уюмдарынын мугалимдеринин арасында “Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо-сынагы болуп өттү. Кароо-сынак усулкаана тарабынан иштелип чыккан предметтик жана педагогика-психологиялык тестирлөөдөн, мугалимдин педагогикалык лабораториясы саналган портфолиосу, маалымат-каражат технологиялары менен иштөө, иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, предмети боюнча ачык сабак, чыгармачылык менен ишмердүүлүгүн презентациялоо жана мугалимдин кызыгуусу деп аталган 7 этаптан турду. Сынакка жалпы 7 мугалим катышты. Кароо-сынакты баалоо үчүн билим берүү бөлүмүнүн башчысы баш болгон билим берүү бөлүмүнүн усулкаана кызматкерлеринен, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы жана жалпы билим берүүчү мектептеринин алдыңкы мугалимдеринен турган комиссия мүчөлөрү бекитилди.
18.04.2019 2449 Кесиптик бирлик региондордоМектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо жана коопсуздук чаралары боюнча маселе каралды

2019-жылдын 17-апрель күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү. Президиум кенешмесине К.Нышанов, З.Усенов, Б.Курбанова, А.Орозова, З.Юлдашева, М.Абдуллаева А.Сагынбаева, Н.Момуналиева, Т.Исмаиловдор катышышты. Президиум күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
18.04.2019 660 Кесиптик бирлик региондордо“Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019”

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын арасында 2019-жылдын 10-март күнү “Жылдын мыкты тарбиячысы- 2019” кароо-сынагынын райондук туру болуп өттү. Райондук тур Исфана шаар мэриясына караштуу Самат айылынын “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна, социалдык тармактын башкы адиси Жамилов Абдулхак Момунович, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевичтердин катышуусунда билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана профсоюз уюмунун төрагасынын макулдугу менен бекитилген жобого ылайык өткөрүлдү.
18.04.2019 1046 Кесиптик бирлик региондордоМаалымат каражаттарынын жогорку баасы

Борбордук Комитеттин «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык комитетеринин социалдык натыйжалуулуктары” кароо-сынагында “ профсоюздун кадыр-баркын ... профсоюз уюмдарында маалымат иштерин күчөтүү аркылуу бекемдоо” милдети өзгөчө белгиленген. Жалал-Абад облусунун райшааркомдору бул иштерди борбордук, республикалык, жергиликтүү маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта уюштурууда.
16.04.2019 678 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн Коллегиялык кеңешмеси

2019-жылдын 4-апрель күнү Исфана шаарындагы А.Маткаримов атындагы №4-жатак гимназиясында Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси болуп өттү. Иш чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич жана 67 мектептин директорлору, 49 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары катышышты.
16.04.2019 692 Кесиптик бирлик региондордоИйгилик артынан ийгилик

2019-жылдын 12-апрель күнү Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу Ж. Ниязов атындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинде кичи футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б. Козуев, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкулов, ардагер мугалимдер, айылдын аксакалдары жана балдар катышышты. Кичи футбол аянтчасынын жалпы сметалык суммасы 800 000 сомду түзөт. Мектепте окуп жана тарбияланып жаткан окуучулар спорттун кичи футбол түрү менен машыгуусуна шарт түзулдү.
16.04.2019 695 Кесиптик бирлик региондордоЖалал-Абад шааркомунда усулдук кун өткөрүлдү

Борбордук комитетет “ 2019-жыл-жылды тармактын райондук, шаардык профсоюз комитетттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылы” деп жарыяоо менен райондук, шаардык денгээлдеги профсоюздук иштерды жакщыртуу, сапатын көтөрүү милдеттерин белгиледи. Аталган иштерди турмушка ашыруу үчүн Жалал-Абад обкому атайын иш-чараларды кабыл алып, райшааркомдор менен практыкалык иштерди уюштурууда.
16.04.2019 764 Кесиптик бирлик региондордоКара - Сууда кошмо семинар - окуу болуп өттү

2019-жылдын 11-апрель күнү Кара-Суу районундагы, Жоош айыл өкмө-түндө жайгашкан № 29 «Гайрат» орто мектебинин базасында Кара-Суу зонасындагы 65 жалпы билим берүүчү мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусунда семинар-окуу болуп өттү.Семинар –окуунун ишине Ош областтык билим,илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин жооптуу кызматкерлери катышып, төрага, төрайымдардын ортосунда укуктук-ченемдик актылары жөнүндө суроо-жооптор болуп диалог түрүндө кызуу талкуу жүрдү. Мындан тышкары мектептин профсоюз мүчөлөрүнүн катышуусунда музыканын коштоосунда маданий-массалык иш-чара тартууланды..
16.04.2019 707 Кесиптик бирлик региондордо