Маалымат каражаттарынын жогорку баасы
Борбордук Комитеттин «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык комитетеринин социалдык натыйжалуулуктары” кароо-сынагында “ профсоюздун кадыр-баркын ... профсоюз уюмдарында маалымат иштерин күчөтүү аркылуу бекемдоо” милдети өзгөчө белгиленген.
Жалал-Абад облусунун райшааркомдору бул иштерди борбордук, республикалык, жергиликтүү маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта уюштурууда.
Бул багытта Жалал-Абад шааркомунун төрагасы Акунов Кеңешбек Жасынович профсоюздук ишмердүүлүгүндө маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта иштоону сиситемалуу жолго койду. Натыйжасында 2018-жылдын жыйынтыктары менен маалымыт каражаттарынын татыктуу баасын алып тунгуч улуттук гезитибыз “КЫРГЫЗ ТУУсунун” “Мыкты жетекчи “ номинациясына татыктуу болду. Бул сыйлык биздин профсоюздук лидерлерибизге берилген чоң баа болуп эсептелет.
Урматтуу Кеңешбек Жасынович, сыйлык кут болуп, профсоюзубузду жаңы ийгиликтерге шыктандыра берсин!
Материалды даярдаган:
Обкомдун инспектору А.Айдаров.