Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Бакыт кучагындагы балдар уясы

Бакыт кучагындагы балдар уясы

2019-жылдын 17-апрель күнү Ноокен районундагы Момбеков айыл аймагына караштуу № 22 “Гүлкайыр” балдар бакчасынын жаңы кошумча корпусунун ачылыш аземи болуп өттү. Бакчанын жаңы корпусу 55 орундуу 2 тайпага ылайыкташтырылган. Бакчанын кошумча корпусу ушул бакчада көп жылдар үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн балдарга арнаган, баатыр энелерибиздин бири Алиева Мээринса эненин уулу патриот агабыз Алиев Момунжан Анаркуловичтин жеке каражаты менен курулуп, балдар үчүн белек катары берилди. Корпустун курулушуна жалпысынан 6 000 000 сом каражат жумшалган.

 26.04.2019      743       Кесиптик бирлик региондордо

Баткен шаарында “2019-жылдын мугалими” кароо-сынагы өткөрүлдү

Баткен  шаарында “2019-жылдын  мугалими”  кароо-сынагы  өткөрүлдү

Баткен шаарында Баткен шаарынын мэриясынын материалдык жактан колдоосу менен шаардык профсоюз уюму менен түзүлгөн үч тараптуу макулдашууга ылайык “2019-жылдын мугалими” кароо-сынагы өткөрүлдү. Кароо-сынактын 1-туру Кызыл-Жол орто мектебинин базасында, ал эми 2-туру В.И.Ленин орто мектебинде өткөрүлдү.

 26.04.2019      763       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019» кароо-сынагы жыйынтыкталды

Ноокенде «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019» кароо-сынагы жыйынтыкталды

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, “Жылдын мыкты тарбиячысы-2019” кароо-сынагынын райондук туру 2019-жылдын 23-апрель күнү Масы айыл өкмөтүнө караштуу № 2 “Ак куу” балдар бакчасынын базасында болуп өттү. Кароо-сынактын 1-турунан жеңүүчү болуп табылган 9 балдар бакчалардын тарбиячылары катышышты. Сынакта сабак өтүү, чыгармачылык отчёт, мастер класс, портфолио жана мыкты көргөзмө куралды жактоо тапшырмалары берилди.

 26.04.2019      839       Кесиптик бирлик региондордо

Д.Садырбаев билим алган мектепте

Д.Садырбаев билим  алган  мектепте

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен билим берүү жана илим кызматкеринин Ноокен райондук комитети Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз ЭЛ артысты, коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевтин 80 жылдык юбилейина карата иш-чараларды системалуу өткөрүүшүүдө.

 26.04.2019      917       Кесиптик бирлик региондордо

Таш-Көмүр шаарындагы “Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо сынагы

Таш-Көмүр шаарындагы “Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо сынагы

“2019-жыл-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата 16-17-апрелде Таш-Көмүр шаарында шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептеринин мугалимдер арасында “Жылдын мыкты мугалими-2019” кароо сынагы болуп өттү. Кароо-сынактын жобосу шаардык усулдук кабинеттин башчысы А.Мамасалиева,К.Кенжекуловалар тарабынан иштелип чыкты.Жободо көрсөтүлгөндөй предметтик жана педагогика-психологиялык тестирлөө,предмет боюнча ачык сабак,билим сапатын жогорулатуудагы мугалимдин жеке долбоору,чыгармачылык менен ишмердүүлүгүн жөнүндө презентация,оригиналдуу көргөзмө куралдар камтылган.

 26.04.2019      1274       Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕН ШААРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ОШ ШААРЫНА МУЗЕЙ САЯКАТЫНА БАРЫШТЫ

БАТКЕН ШААРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ОШ ШААРЫНА МУЗЕЙ САЯКАТЫНА БАРЫШТЫ

Окуучуларга Кыргызстандын тарыхый, маданий жерлери менен тааныштыруу максатында Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин алдында иштеп жаткан “Мурас” мектеп музейин уюштуруу кружогу 2018-2019-жылга карата иш планына ылайык мектеп окуучуларына музей саякаты уюштурулду.

 26.04.2019      827       Кесиптик бирлик региондордо

ОТ ТЕОРИИ К ПРАКТИКЕ

ОТ ТЕОРИИ К ПРАКТИКЕ

В последние годы вопросы подготовки педагогических кадров стала одной из актуальных проблем современности. Сейчас не только у педагогических вузов Кыргызстана, но и у профессиональных учебных заведений стран СНГ возникли проблемы связанные с вопросами подготовки востребованных кадров, в частности, специалистов -педагогов. В связи с этими вопросами возникла необходимость организации научного обсуждения с приглашением ведущих научных учреждений России, Казахстана, Узбекистана, а также Турции.

 23.04.2019      830       Кесиптик бирлик региондордо

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов ОГПИде

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов ОГПИде

Кыргыз элинин белгилүү тарыхчысы, публицист жана журналист, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, КРин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Мурас” фондунун төрагасы Молдокасымов Кыяс Сатарович ОГПИде окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, кыргыз элинин тарыхын изилдөө боюнча лекция окуду. Иш чара жаштарды ар тараптуу калптандыруу, өз элинин тарыхы менен дагы да жакындан тааныштыруу максатында окуу жайдын тарых кафедрасы тарабынан уюштурулду. Аталган лекцияга институттун ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган жамаат, тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбектов, Оштогу тарыхчы мугалимдер жана студенттер катышты.

 23.04.2019      792       Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин спортакиадасынын райондук туру болуп өттү

Мугалимдердин спортакиадасынын райондук туру болуп өттү

Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын Президенти C.Жээнбеков тарабынан жарыяланган «Региондорду өнүктүрүү жылынын» иш чараларынын алкагында Билим жана илим кызматкерлеринин Кадамжай райондук профсоюз комитетинин демилгеси менен 2019-жылдын 17-апрель күнү мугалимдердин спортакиадасынын райондук туру болуп өттү. Иш чаранын ачылышына Кадамжай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мекеме иш-каналардын жетекчилери, Кадамжай райондук спорт мектебинин жамааты, жана райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу меткептерден келген мугалимдер катышышты.

 23.04.2019      684       Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Суу районуна Ош ОПКнын кызматкерлери менен кошмо семинар-окуу болуп өттү

Кара-Суу районуна Ош ОПКнын кызматкерлери менен кошмо семинар-окуу болуп өттү

2019-жылдын 18-апрель күнү Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан №28 «Учар» орто мектебинин базасында «Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын кааналарын түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүү», «Зыяндуу жумуш орундарында эмгектенип жаткан кызматкерлерге кошумча акы төлөп берүү» темаларында Ош зонасындагы 65 жалпы билим берүүчү мектептердин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусунда семинар-окуу болуп өттү.

 23.04.2019      720       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде “Жыл мугалими-2019” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ноокенде “Жыл мугалими-2019” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Ноокен районунда 18-19-апрель күндөрү «Жылдын мыкты мугалими - 2019» кароо-сынагы өткөрүлдү. Анын маалыматы боюнча, кароо-сынакка 12 мугалим катышып, алар өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, чыгармачылык портфолио, эссе жазуу, сабак өтүү шарттары боюнча таймашып, предметтик тесттик тапшырмаларды аткарышты.

 23.04.2019      807       Кесиптик бирлик региондордо