Сузакта “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата райондук семинар өткөрүлдү
Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин демилгеси боюнча “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактын райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин жана ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктары” республикалык тармактык кароо-сынагына катышууга карата райондогу профсоюздун баштапкы уюмдарынын төрага (төрайымдары)лары үчүн райондук семинар өткөрүлдү.
22.03.2019 655 Кесиптик бирлик региондордоБАТКЕН ШААРЫНДА “ЖАШ МУГАЛИМДЕР” МЕКТЕБИ ТҮЗҮЛДҮ
“Жаш мугалимдер” мектеби 2019-жылдын 28-февралында алгачкы “Мугалим мектеп жүрөгү” аттуу иш чарасын өткөрүп, ага Баткен шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.А.Ааламбекович шаардагы мектеп жетекчилери жана жаш мугалимдер катышты. Өз сөзүндө Абдилла Ааламбекович жаш мугалимдерди колдоо аларга шык берүү зарылдыгын белгилеп, “Жаш мугалимдер” мектебине ийгилик каалады.Ошондой эле шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Мактым Калыкова жаш мугалимдерди ишмердигин колдоо максатында биргеликте тыгыз кызматташуу чечими кабыл алынды.
22.03.2019 939 Кесиптик бирлик региондордоНоокен районунан 3 окуучу республикалык предметтик олимпиадага катышат
2019-жылдын 12-13-март күндөрү Жалал-Абад облусундагы Курманбек баатыр атындагы лицейинин базасында предметтик олимпиаданын облустук этабы болуп өттү. Олимпиадага облустун аймагындагы райшаарлардан окуучулар катышышты. Ноокен районунан 34 окуучу катышып, 6 окуучу байгелүү орундарга ээ болушту. Олимпиадада бул окуучулардын бирөө 1-орунду, экөө 2-орунду, үч окуучу 3-орунду алышты.
19.03.2019 752 Кесиптик бирлик региондордоЛейлек районуна караштуу “Хамза” орто мектебинде “Социалдык адилеттүүлүк ” айлыгына карата өткөрүлгөн иш-чаралары
2019-жылдын 5-7-март күндөрү 9-11класстардын окуучулары “Сен жетим эмессиң” деген темада дил баян жазышып, окуучулар дил баяндарында жалгыз кароосуз калган, жетим жана жарым жетим балдар жөнүндө өз пикирлерин жана көз караштарын кеңири баяндашкан.Окуучулардын көпчүлүгү мындай балдарга жашоодо кыйын экенин жазышкан. Бул иш-чараны өткөрүүдө социалдык педагог, кыргыз тили жана адабияты предметинин мугалимдери жетекчилик кылышты.
19.03.2019 628 Кесиптик бирлик региондордо«Жылдын мыкты мугалими – 2019»
Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде Кыргыз Республикасынын 2012-2020-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөндөй жана андагы коюлган милдеттерди аткаруу алкагында, жалпы билим берүүчү уюмдардын эмгек жамааттарында чыгармачылык менен изденип, эмгектенген жана билим берүүнү өнүктүрүүгө сапаттуу салым кошкон мугалимдерди аныктап, алардын иш тажрыйбасын жайылтып, аларга колдоо көрсөтүү максатында Сузак районунун айыл аймактарында “Жылдын мыкты мугалими – 2019” кароо сынагы болуп өттү.
19.03.2019 946 Кесиптик бирлик региондордоСузакта тарых мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү
Сузак районуна караштуу №9 И.В.Мичурин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде тарых сабагынын мугалимдери үчүн “Тарых сабагында интерактивдүү методдорду колдонуу” деген аталышта райондук семинар болуп өттү. Семинарда мультимедиалык каражаттарды колдонуу жана интерактивдүү методдор менен ачык сабактар өтүлдү. Райондук семинарга райондун аймагындагы 108 жалпы билим берүүчү мектептердин тарых мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.Бейшеева жана окуу-усулдук канасынын башчысы М.Элемановдор катышышты.
19.03.2019 633 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райондук комитетинин I пленуму өттү
Билим берүү жана илим кызмткерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин I пленуму 15-март күну 27 пленум мүчөсүнүн катышуусунда өткөрүлдү. Пленумдун күн тартибинде «Билим берүү кызматкерлеринин укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, коопсуз эмгек шарттарын түзүү жана турмушка ашырууда аткарылган иштери жөнүндөгү» маселе каралды.
19.03.2019 583 Кесиптик бирлик региондордоДиний экстремизм, терроризм жана мамлекеттик дин саясаты боюнча адистер студенттер менен жолукту
Үстүбуздөгү жылдын 14-15-16-март күндөрү Ош гуманитардык-педагогикалыкинститутунда Мамлекеттик дин саясаты, диний экстремизм жана терроризм маселелери боюнча атайын өкүлдөр менен студенттердин жолугушуусу болду. Жолугушуу КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана ОГПИнин атайын иш планына ылайык окуу жайдын бардык факультеттеринде уюштурулуп, ага КРдин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Бөрүмухаммед Эсенов жана Ош ШИИБнын экстремизмге, терроризмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттернүү боюнча кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Нурбек Шерикбавдер катышты. Мында келген өкүлдөр жарандардын дин тутуу эркиндиги, диний укуктар коомчулуктагы терс көрүнүштөр болгон диний экстремиз, терроризм, жана Сирия өлкөсүндөгү абалдар боюнча катышуучуларга кеңири маалымат берип өтүштү.
18.03.2019 880 Кесиптик бирлик региондордоСузакта “Sciense жана менин Кыргызстаным” деген аталышта олимпиада өткөрүлдү
Сузак районунун №90 Манас атындагы жалпы билим берүүчү иннованициялык орто мектебинде Билимкана уюму тарабынан уюштурулган “Sciense жана менин Кыргызстаным” деген аталышта физика, математика, химия, тарых география жана кыргыз адабияты предметтери боюнча 4-11-класстын окуучулары үчүн райондук олимпиада болуп өттү.
18.03.2019 597 Кесиптик бирлик региондордоЭмгек - ынтымакка, биримдүүлүккө үндөйт
16-март күнү Таш-Көмүр шаарында жалпы ишембилик болуп өттү. Бул ишембиликте шаарыбыздын бардык тургундары , ар бир ишкананын жумушчулары көчолөргө чыгышып “Тазалык” акциясын жүргузүштү. Мугалимдер жалпы жамааттары менен бул акциянын активдүү катышуучулары болушту. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин шаардык комитети уюштуруучулук иштерин жургузуп, ишембиликти жыйынтыктады.
18.03.2019 593 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын райондук семинары болуп өттү
2019-жылдын 15-март күнү Ноокен районуна караштуу Ноокен айыл өкмөтүндө жайгашкан № 11 “Ай-Нуру” балдар бакчасында райондун аймагындагы бакчалардын тарбиячыларынын катышуусунда тажрыйба алмашуу максатында райондук семинар болуп өттү. Алгач тарбиячылар № 11 “Ай-Нуру” балдар бакчасынын базасы менен таанышышты. Андан соң жогорку тайпанын тарбиялануучулары менен тарбиячы Мусабекова “Кийим кечелер” деген темада сабак өтүлдү. Ошондой эле тарбиячы Г. Самиева даярдаган “Жагымдуу жаз” темасында бакчанын тарбиялануучулары тарабынан концерттик программа тартууланды.
18.03.2019 704 Кесиптик бирлик региондордо