Профсоюздар татыктуу билим, тарбия мыйзамдуу укуктар үчүн
Кемин райондук кесип бирлик комитети тарабынан "Профсоюздар татыктуу билим, тарбия мыйзамдуу укуктар үчүн!" - деген семинар тренингин Кемин районундагы билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын төрайым,төрагаларына өттү. Семинарга Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Түлөбаева, Кемин райондук кесип бирлик Президиумунун мүчөлөрү, билим берүү мекемелеринин төрайымдары катышты.
Семинардын максаты жаны шайланган профсоюз комиттеринин төрайым,төрагаларына КР билим берүү тармагында иштеген кызматкерлерди социалдык жактан коргогон Мыйзамдарды тааныштыруу жана профсоюз уюмдарына керектүү иш кагаздары менен тааныштыруу, камсыз кылуу болду. Семинардын катышуучуларына Кемин райондук кесип бирлик комитетинин төрайымы А.Т.Чылабаева Кемин райондук кесип бирлик комитетинин жүргүзгөн иштери тууралуу кыскача маалымат берди.
Материалды даярдаган:
Чылабаева Айсалкын