“Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019”

Лейлек районунун билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын арасында “Жылдын мыкты тарбиячысы- 2019” кароо сынагынын регионалдык туру үстүбүздөгү жылдын 26-март күнү райондун 3 бала бакчасында өткөрүлдү. Сынак билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана профсоюз уюмунун төрагасынын макулдугу менен бекитилген жобого ылайык өткөрүлүп, сынактын максаты мектепке чейинки билим берүү деңгээлинин потенциалын кеңейтүү, алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу, мыкты, таланттуу, чыгармачылык менен эмгектенген тарбиячыларды эмгекке шыктандыруу, кесипке болгон кызыгуусу үчүн аларга жеткиликтүү шарттарды түзүү, тарбиячылардын чыгармачылык деңгээлин көтөрүү, коомчулуктун арасында тарбиячылардын кадыр баркын, мындан аркы кесиптик чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.
01.04.2019 1298 Кесиптик бирлик региондордоОш МУнун студенттик акыйкатчы аппараты шаарга көчөт отургузду

Ош МУнун студенттик акыйкатчы аппараты тарабынан Ош шаарында Сулайман-Тоого шаарыбызды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында көчөттөр отургузулду. Бул саамалыкка университетибиздин профсоюз комитетинин төрагасы Аккулов Абдижапар, социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Түмөнбай Колдошов агайларыбыз жакындан көмөк көрсөтүп, өздөрү да катышышты. Жалпысынан 120 бак тигилди. Алма, алмурут, анар, бадам, өрүктүн көчөттөрү бар.
01.04.2019 694 Кесиптик бирлик региондордоСПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети тарабынан жыл сайын март айында жазгы каникул учурунда шаардык билим берүү кызматкерлеринин арасында спартакиада уюштуруп келет. Мына ошол салтка айланган спартакиада быйылкы “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата «Ден соолук – 2019» деп аталып, 2019-жылдын 25-мартынан 27 мартына чейин В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинде уюштурулду.
29.03.2019 1289 Кесиптик бирлик региондордоДүйнөлүк деңгээлдеги ийгилик

2019-жылдын 14-21-март күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Абу Даби шаарында интеллектуалдык жактан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасында спорттун жеке жана командалык 24 түрү боюнча олимпиада оюндары болуп өттү. Ага Кыргызстандан 6 спортчу катышып, алардан экөө Ноокен районундагы Ж.Ниязов атандагы көмөкчү жатак мектебинен 9-классынын окуучусу Гулзада Калыкул кызы, 8-классынын окуучусу Тариэль Эмилбек уулу машыктыруучусу дене-тарбия мугалими Зайирбек Сатаровдун жетектөөсүндө барып катышып келишти.
27.03.2019 817 Кесиптик бирлик региондордоО Дооронбеке Садырбаеве

13 февраля в городе Бишкеке прошло поминальное собрание посвященное памяти общественно- политического деятеля Дооронбека Садырбаева и презентация сборника произведений в 5 томах «Даанышман» («Мудрец»). В книге автором собраны известные произведения об Алыкуле Осмонове, рассказы, статьи, ранее неопубликованные рукописи. Имя выдающегося поэта Алыкула Осмонова заслуженно называют рядом с именами самых крупных представителей кыргызской литературы. Творчество самобытного поэта значительно обогатило духовную культуру кыргызского народа, являясь одной из ярких страниц кыргызской поэзии.
27.03.2019 1083 Кесиптик бирлик региондордоЧаткалда спартакиада өткөрүлдү

2019-жылдын 23-мартта Чаткал районунун борборунда жайгашкан Т.Эрматов атындагы өспүрүм балдар спорт мектебинде мугалимдер арасында спорттун волейбол, стол тенниси жана шахмат боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке волейбол боюнча эркектерден турган сегиз, ал эми аялдардан турган он алты команда катышты. Мелдеш кызыктуу жана жогорку уюшкандыкта өтүп, жыйынтыгында волейбол боюнча эркектер арасында С. Байдөөлөтов орто мектебинин командасы жеңишке жетишишти. 2-орунду болсо, Ж. Ташкеев мектебинин командасы ээледи. 3-орун К. Акназаров орто мектебинин командасына берилди.
27.03.2019 729 Кесиптик бирлик региондордо“Жыл мугалими - 2019” Лейлек районунда

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин мугалимдеринин арасында 2019-жылдын 19-март күнү “Жыл мугалими - 2019” конкурсунун регионалдык туру болуп өттү. Регионалдык тур 3 мектептин базасында билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана профсоюз уюмунун төрагасынын макулдугу менен бекитилген жобого ылайык өткөрүлүп, өзүнө мугалимдердин өзүн-өзү тааныштыруусун, ачык сабак өтүүсүн, тесттик суроолорду ошондой эле партфолиосун, ыңгайсыз жагдайдан чыга билүүсүн камтыды. Жыйынтыгында 3 мугалим, “Кара-Булак” орто мектебинин тарых сабагынан мугалими Маанова Самара, “Эгемендүүлүк” орто мектебинин математика сабагынан мугалими Ерматова Акмөөр, “Кыргызстандын 40 жылдыгы” орто мектебинин сүрөт сабагынан мугалими Шамшиев Талант жеңүүчү аталышып, райондук турга жолдомо алышты.
27.03.2019 1029 Кесиптик бирлик региондордоЖалал - Абад шаарында Нооруз майрамы белгиленди!

Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” фольклордук тааласында 40 (кырк) казан сүмөлөк кайнатуу менен башталып, кыргыздын улуттук даамдары, оюндары жана каада салттары чагылдырып кыргыз үйлөр тигилди. Алгачкы жолу Жалал-Абад шаарында “Сүмөлөк – 2019” аттуу фестиваль шаардык мэрия тарабынан уюштурулуп, шаардагы мекеме-ишканалар жана шаардык билим берүү бөлүмү шаардык профсоюз комитети менен биргеликте 3 (үч) казан сүмөлөк асышты.
26.03.2019 998 Кесиптик бирлик региондордоБалаӊды билимдүү болсун десеӊ – “Тарбиячы” тап

Мугалимдин кесибин даназалоо, мугалимдердин жаш муундарга мамлекеттик стандартка ылайык жаныча ыкмалар менен тарбия берүүсүнө көнүл буруу жана алардын алдынкы тажрыйбаларын таап, жайылтуу максатында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылынын алкагында Баткен шаарындагы Алтын-Бешик мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 2019-жылдын 20-мартында “2019-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагынын шаардык туру өткөрүлдү.
26.03.2019 835 Кесиптик бирлик региондордоНооруз майрамын Билим берүү тармагы сүмөлөк өткөрүү менен тосуп алды

Жалал-Абад областы Базар-Коргон району Билим берүү бөлүмү жылда өткөрүлүүчү сүмөлөктү 20-март күнү кайнатышып 21-март күнү мугалимдерге жана Нооруз майрамына келген меймандарга жана райондун активдерине жана аксакалдарга сүмөлөктөн ооз тийгизип, батаа алышты. Сүмөлөктү ачуу иш чарасында райондун акими А.Карыбекович, РБББнын башчысы Т.Усенов РПКнын төрагасы С.Жаркымбаев жана райондун активдери, аксакалдары, мугалимдер катышты.
26.03.2019 734 Кесиптик бирлик региондордоНооруз майрамы

2019- жыл 20 март күнү жер жарып кирип келген Нооруз майрамына карата Токтогул районунун борбордук аянтында бооз-үйлөр тигилип, келген конокторго тамактар тартылып берилип, майрамга арналган ар кандай оюн-зоок, кичи концерт болуп өттү. Оюндарды атай кетсек улуттук Кыргыз күрөшү боюнча, шахмат, кол күрөш, аркан тартыш оюндары уюштурулду. Бул иш чарага Токтогул районунун Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Зулпукарова, Токтогул районунун профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов болуп катышышты. Жэнүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай белектер берилди.
26.03.2019 873 Кесиптик бирлик региондордо