Кезектеги президиум болуп өттү
Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин иш планына ылайык кезектеги Президиумунун отуруму 3-апрель күнү болуп өттү.
Отурумда иш планда каралган маселелр каралып, талкууланды жана региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жылында тармактагы райшаар, окуу жайлардын профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылын өткөрүү боюнча ОПКнын иш планын кабыл алынып, бекитилди.
БПК тарабынан кабыл алынган республикалык кароо-сынагынын жобосун жетекчиликке алып, бардык баштапкы уюмдарга жеткирип, даярдыктарды көрүү тапшырмасы берилди.
2019-жылдын 3-4- мартында БПКнын жооптуу кызматкерлери жүргүзгөн комплекстүү текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маселе каралып, андагы жеринде жана маалыматта көрсөтүлгөн кемчилдиктерди жоюу боюнча ОПКнын тейлөөсүндөгү бардык уюмдар милдеттендирилди.
Президиумдун отурумунда профсоюз активисттеринин арасында профсоюздук окуу-семинарларды мүмкүн болушунча көбүрөөк өткөрүп, окутуп, сабаттуулук деӊгээлдерин жогорулатуу жөнүндө сунуштар берилди.
Отурум иштиктүү мүнөздө өз ишин аяктады.
Ош областтык кесиптик бирлик комитети