№30 Аркыт жалпы орто мектебинде баштапкы профсоюз комитетинин отуруму болуп өттү

2019-жылдын 29-январында Аксы районундагы №30 Аркыт жалпы орто билим берүү мектебинде кесип бирлигинин отуруму болуп өттү. Отурумда кесип бирликтин бир жылда жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы берилди. Ошону менен бирге 2019-жылга баштапкы комитеттин сметасы, жылдык планын бекитүү боюнча бир канча маселелер каралып, талкууланып бекитилди. Кесип бирликтин мүчөлөрү өз ойлорун билдирүү менен кесип бирликтин төрайымынын жүргүзгөн иштерине жакшы деп баа беришти.
01.02.2019 718 Кесиптик бирлик региондордоНоокен райондук комитеттин курамына жаңы профсоюздук уюмдар кабыл алынды

2019-жылдын 29-январь күнү Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин кезектеги президиуму болуп өттү. Президиум кенешмесине К.Нышанов, З.Усенов, А.Усманов, Б.Курбанова, А.Орозова, З.Юлдашева, М.Абдуллаева, А.Сагынбаева, Н.Момуналиева, Т.Исмаиловдор катышышты. Президиум күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.
01.02.2019 723 Кесиптик бирлик региондордо“Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия”

Лейлек районунун Исфана шаар башкармалыгына караштуу “Исфана” жана Т.Жапаров атындагы орто мектептеринде 2019-жылдын 24-25-январь күндөрү “Башталгыч мектептин окуу сабактарындагы позитивдүү тарбия” деген темада мектеп директорлорунун, мугалимдердин жана ата-энелердин катышуусунда тренинг өткөрүлдү.
01.02.2019 827 Кесиптик бирлик региондордоБилим менен куралданбаган адам – бийиктикке жетпейт

2019-жыл 30-январь күнү Ноокен районундагы №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинде “Түбөлүктүү түгөнбөс кенч-билим болот, түпкүрүнө жете казсаң – илим болот” аттуу райондук ачык эшиктер күнү болуп өттү. Анда Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси У.Шамаматова, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкулов жана райондогу бардык мектептердин директорлору катышышты. Ачык эшиктер күнүндө Н.Исмаилова, Ы.Коргонбаева, Ж.Камбарова, С.Кадырова, С.Нурановалар жогорку денгээлде сабактарды өтүп беришти.
01.02.2019 782 Кесиптик бирлик региондордоБашталгыч класстарда сүрөт сабагын окутуунун жана сүрөт тартуу техникаларын үйрөтүүнүн усулдары

2019-жылдын 24-январында Кадамжай районундагы Орозбеков айылындагы С.Тешеев атындагы орто мектебинде башталгыч класстын жана сүрөт предметинин мугалимдери менен семинар болуп өттү. Семинарга Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов, билим берүү бөлүмүнүн методистери, мугалимдер жана башталгыч класстын окуучулары катышты.
01.02.2019 2386 Кесиптик бирлик региондордо2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга жаны милдеттер

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети 2019-жылдын 25-январында район, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары, президиум мүчөлөрү жана профактивдердин катышуусунда жыл жыйынтыгын чыгарган президиумун өткөрдү. Президиумдун күн тартибинде:
31.01.2019 672 Кесиптик бирлик региондордоНоокенде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин семинар кеңешмеси болуп өттү

2019-жылдын 25-январь күнү Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу №14 “Нооруз” балдар бакчасында зордук-зомбулук, жашы жете элек балдарга карата кылмыштуулуктун алдын алуу максатында семинар-тренинг болуп өттү. Бул семинарга Ноокен рай КБКнын төрагасы К.Нышанов, Ноокен райБББнүн мектепке чейинки мекемелер боюнча адиси У.Шамаматова, айыл башчысы Э.Субанов, Ноокен РИИБнүн кызматкерлери ата-энелер жана райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, анын балага тийгизген таасири жөнүндө видеороликтер көрсөтүлүп, кенен талкуу жүргүзүлдү. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган "Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенция", Кыргыз
30.01.2019 707 Кесиптик бирлик региондордоБилим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети «Региондорду өнүтүрүү жылындагы мыкты профсоюз комитети” кароо-сынагынын жыйынтыгы боюнча сыйлоо аземин өткөрдү

2018-жылдын 29-январь күнү билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова «Региондорду өнүктүрүү жылындагы мыкты профсоюз комитети” кароо-сынагынын жыйынтыгы боюнча шаардык, областтык сынакта 1-орунду ээлеген, Республикалык сынакта дипломго ээ болгон №4 “Ландыш” балдар бакчасынын баштапкы профсоюз комитетинин төрайымы Ж.М.Душобаевага билим берүү кызматкерлеринин областтык, борбордук комитеттери тарабынан берилген дипломдорду жана акыркы үлгүдөгү ноутбук тапшырды.
30.01.2019 667 Кесиптик бирлик региондордоНоокен райондук билим берүү бөлүмү жыл жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээледи

2019-жылдын 26-январь күнү Жалал-Абад областынын Ноокен районунда бир жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчёттук жыйналыш болуп өттү. Жыйналышка КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М.Акматов, аппарат жетекчиси И.Масабиров, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун башчысы А.Токтосунов, Ноокен райондук администрациясынын башчысы-аким Э.Маматаев, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, мекеме- иш каналардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңештеринин төрагалары катышышты.
30.01.2019 851 Кесиптик бирлик региондордоЖыл жыйынтыгы чыгарылды

Билим берүү, илим кызматкерлеринин Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин кезектеги Пленуму 2019-жылдын 18-январында өткөрүлдү. Пленумда иш планда көрсөтүлгөн тийиштүү маселелер каралып, өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып «Жылдын мыкты кесиптик бирлик комитети» номинациясы боюнча Өзгөн РПК, окуу жайлар арасында ОшМУнун бириккен кесиптик бирлик комитети жеӊүүчү болуп табылышты.
30.01.2019 710 Кесиптик бирлик региондордоБиринчи байлык ден соолук

Таш-Көмүр шаардык билим берүү жана илим кызматкерлерине Жалал-Абад облустук профсоюз комитети тарабынан кыш мезгилине карата Жалал-Абад шаарындагы суусу дартка даба, өзүнүн касиети менен таанылган курорттук –санаториясына путевка бөлүнүп берилип 2 мугалим, 1 бала бакчанын директору 1 чарба башчылары барып ден соолуктарын чыңдап келишти.
30.01.2019 811 Кесиптик бирлик региондордо