Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Республикалык олимпиаданын II туру Лейлек районунда

Республикалык олимпиаданын II туру Лейлек районунда

2018-жылдын 22-декабрында Лейлек районунун Исфана шаарындагы А.Навои атындагы орто мектебинде Республикалык олимпиаданын II туру болуп өтүү. Олимпиаданы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Ташполотова Марипат Жалиловна жана Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматовичтер ачып, катышуучуларга ийгилик каалап, келечекте окуучулардан чоң жетишкендиктерди күтөөрүн айтышып, бардыгын келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттукташты.

 15.01.2019      755       Кесиптик бирлик региондордо

Аксыдагы алдыӊкы мектеп

Аксыдагы алдыӊкы мектеп

2018-жыл президентибиздин жарлыгы боюнча "Аймактарды өнүктүү жылы"деп белгиленди. Аталган жылда Аксы районуна караштуу Надыр Мамбетов мектебинде алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Мектеп материалдык базасын бекемдеди. Видео көзөмөл орнотулду, күнөсканалар кенейтилди, спорттук ийримдер үчүн бокс залы бүткөрүлүп, ишке берилди. Мектептин директору Калыбек Урустемов. Калыбек Урустемов бейөкмөт уюмдар менен иштешип, мектептин кирешелүү чарбасын өнүктүрдү. Алманын, помидордун, картошканын, жүгөрүнүн жаны сорттору өстүрүлдү.

 15.01.2019      892       Кесиптик бирлик региондордо

ЖАҢЫ ЖЫЛГА - ЖАҢЫ МАКСАТ

ЖАҢЫ ЖЫЛГА - ЖАҢЫ МАКСАТ

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулкаанасы тарабынан шаардык жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдери үчүн кышкы усулдук окуу семинары уюштурулуп, өткөрүлдү. Усулдук семинар 2019 – жылдын 10 – январь күнү предметтик мугалимдер үчүн, 11-январь күнү класс жетекчилер үчүн В.И.Ленин атындагы №1 орто өткөрүлдү. Семинар “Кыргыз Республикасынын билим берүү стандартынын негизинде ЖББУда билим сапатын көтөрүү, ишти жөнгө салуу жана жеңилдетүү” аттуу теманын алкагында болду.

 14.01.2019      715       Кесиптик бирлик региондордо

Жаӊы жылды тосуу аземи жогорку деӊгээлде өттү

Жаӊы  жылды  тосуу  аземи  жогорку  деӊгээлде   өттү

Кадамжай районунун Марказ айылына караштуу А.Орозбековдун 120 жылдыгы атындагы орто мектебинде окуучулар арасында жаны-жыл майрамдык кечеси мектептин спорт аянтчасында өткөрүлдү. Майрамдык кече РайБББнон, ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер жамаатынын катышуусунда өттү. Жаӊы жылды тосуу аземи окуучуларга

 10.01.2019      998       Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык жалпы билим берүүчү мектептеринде кезектеги январь секциялык иштери болуп өттү

Кызыл-Кыя шаардык жалпы билим берүүчү мектептеринде кезектеги январь секциялык иштери болуп өттү

2019-жылдын 9-январь күнү шаардагы №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин базасында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин предметтик мугалимдери үчүн кезектеги январь секциялык иштери болуп өттү. Секциялык ишке 12 предмет жана тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарлары, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, социалдык педагогдор, директорлор үчүн болуп өттү.

 10.01.2019      938       Кесиптик бирлик региондордо

ОГПИде бала-бакча жана мектеп мугалимдери үчүн семинар болуп жатат

ОГПИде бала-бакча жана мектеп мугалимдери үчүн семинар болуп жатат

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда “Мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу” бөлүмү тарабынан, аймактардагы мектепке чейинки билим берүүчү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, тарбиячылары жана мектептердеги башталгыч класстардын мугалимдери үчүн кесиптик чеберчиликти жогорулатуу максатында семинар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирет.

 10.01.2019      778       Кесиптик бирлик региондордо

Кубаныч тартуулаган жаңы жыл!

Кубаныч тартуулаган жаңы жыл!

Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду. Балаты майрамы областык “Барпы Алыкулов” атындагы кыргыз драммалык театрында 2018-жылдын 27-декабрь күнү белгиленип, шаардагы мектептерде окуган алдыңкы окуучулар жана билим берүү кызматкерлеринин балдары чакырылды.

 10.01.2019      989       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюздун республикалык жетекчилигине ыраазычылык

Профсоюздун республикалык жетекчилигине ыраазычылык

Жалал-Абад областына караштуу Ноокен районундагы №30 Байзак Дамашев атындагы орто мектебинин профсоюздук уюму (директору М.Бакиров, профсоюз уюмунун төрайымы Ж.Аманбекова) Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына карата жарыяланган “Мыкты профсоюздук уюмунун төрагасы - 2018” кароо-сынагында райондук, областык жана республикалык кароо сынакта гран принин ээси болуп табылып, райондук, областтык жана Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан диплом жана бир канча балуу белектер менен сыйландым.

 10.01.2019      1071       Кесиптик бирлик региондордо

Биздин өнөктөштөр

    Биздин   өнөктөштөр

2018-жылдын декабрь айында 10 предмет боюнча жалпы 1500 окуучу олимпиадага ( 9-10-11 - класстардын окуучулары) катышты. Олимпиадага Базар-Коргон райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев , райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Б.Айдарова жана предметтик мугалимдер катышышты. Олимпиада негизинен 5 мектепте өткөрүлдү. №1 Макаренко а.г.м, №2 А.Нишанбаев а.о.м., №3 З.Бабур а.г.м, №4 А.Навоии а.о.м. , №30 Ө.Атабекова а.и.г.мектебинде жогорку уюшкандыкта олимпиада өткөрүлдү.

 10.01.2019      769       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райКБКнын райондук семинары болуп өттү

 Ноокен  райКБКнын  райондук семинары болуп өттү

2018-жылдын 28-декабрь күнү Ноокен районунун Ноокен айыл аймагында жайгашкан №8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинде баштапкы кесиптик уюмдарынын төрагаларынын райондук семинары болуп өттү. Семинарга Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад Обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Обкомдун укук жана эмгекти коргоо боюнча тескөөчүсү А. Айдаров, Ноокен рай КБКнын төрагасы К. Нышанов, Ноокен райБББнүн башчысынын орун басары Э.Абылбеков жана 94 баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдары, Ноокен рай КБКнын алдында түзүлгөн Жаштар Комитетинин мүчөлөрү катышышты.

 10.01.2019      665       Кесиптик бирлик региондордо

«2о18-жылдын Мыкты профсоюздук уюму» - Гран Приси Ноокендиктерде

«2о18-жылдын  Мыкты профсоюздук уюму» - Гран Приси  Ноокендиктерде

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети 2018 – жылдын жыйнтыктарын чыгарып, “2018 - жылдын мыкты профсоюздук уюму” кароосунун Гран При сыйлыгына Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы №30 Байзак Дамашев атындагы орто мектебинин профсоюздук уюму (профкомдун төрайымы Аманбекова Жумагул Абдирасуловна, мектептин директору Бакиров Медербек Сайдимаматович) татыктуу болду.

 10.01.2019      961       Кесиптик бирлик региондордо