Жаӊы жылды тосуу аземи жогорку деӊгээлде өттү
Кадамжай районунун Марказ айылына караштуу А.Орозбековдун 120 жылдыгы атындагы орто мектебинде окуучулар арасында жаны-жыл майрамдык кечеси мектептин спорт аянтчасында өткөрүлдү. Майрамдык кече РайБББнон, ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер жамаатынын катышуусунда өттү. Жаӊы жылды тосуу аземи окуучуларга шаӊдуу маанай тартуулады жана ошондой эле бий, жаӊы жылдык ырлар менен куттукташты. Окуучуларды жакшы тарбиялагандыгы үчүн окуткан мугалимдерине жана өзгөчө бийлеген окуучуларга райкомпрофсоюз тарабынан белектер тапшырылды.
Материалды даярдаган уюштуруучу адис:
Ажиева Феруза