Ноокен райКБКнын райондук семинары болуп өттү
2018-жылдын 28-декабрь күнү Ноокен районунун Ноокен айыл аймагында жайгашкан №8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинде баштапкы кесиптик уюмдарынын төрагаларынын райондук семинары болуп өттү.
Семинарга Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад Обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Обкомдун укук жана эмгекти коргоо боюнча тескөөчүсү А. Айдаров, Ноокен рай КБКнын төрагасы К. Нышанов, Ноокен райБББнүн башчысынын орун басары Э.Абылбеков жана 94 баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдары, Ноокен рай КБКнын алдында түзүлгөн Жаштар Комитетинин мүчөлөрү катышышты.
Семинарда Ноокен райКБКнын төрагасы Борбордук Комитеттин 29.10.2018-жыл №01-8/113 катын жана Обкомдун III Пленумунун токтомдору жөнүндө маалымат берип өттү. Анда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана бекитүү боюнча иштер башталып жаткандыгын, КР “Билим берүү жөнүндө” жана “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдардагы жалпы билим берүү кызматкерлери үчүн каралган социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди киргизүүгө жетишүүнү баса белгиледи.
№8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы З.Маматованын жана туруктуу комиссияларынын аткарган иштери жөнүндө маалымат слайддар аркылуу берилди.
Обкомдун төрагасы А.Исмаилов жалпы семинардын катышуучуларын кирип келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, тармактык кароо-сынактын республикалык турунда гран-прини багындырган №30 Б.Дамашев атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Ж. Аманбекова, кароо-сынактын лауреаты №3 “Мээрим” балдар бакчасынын баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Н.Момуналиеваларга сыйлыктарын тапшырды. 2018-жылдагы жетишкен ийгиликиери үчүн Ноокен райКБКнын төрагасы Нышанов Кубанычбек Калдарович Бобордук Комитеттин “Жылдын Мырзасы” ардакдуу наамы менен сыйланды. Обкомдун укук жана эмгекти коргоо боюнча тескөөчүсү А.Айдаров өз куттуктоо сөзүн айтып, мындан ары да мыкты ийгиликтер мындан ары да улана беришин каалады.
Андан сырткары №8 Т.Орозматов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатына Обкомдун төрагасы А.Исмаилов Ысык-Көлгө эс алууга 10 адамга бир жумалык жолдомо берди. Семинардын катышуучулар өз каалоо-тилектерин айтышып, Борбордук Комитетке, облустук комитетке ыраазычылыктарын билдиришти.
Материалды даярдаган
Ноокен рай КБКнын инспектору
Т. Бакиров