Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан билим берүү мекемелеринин мугалимдери үчүн интеллектуалдык сынак жарыяланды

2019-жылдын 6-мартында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан билим берүү мекемелеринин мугалимдери үчүн интеллектуалдык сынак жарыяланды.

Сынактын шарты боюнча сынакка бардык билим берүү мекемелеринин төрайымдары жетектеген курамында 4 адамдан турган топ катышат.

Сынакты өткөрүүнүн максаты: баштапкы профсоюз уюмдарынын жана мугалимдердин укуктук билимдерин кеңейтүү жана  билим берүү жаатындагы ченемдик-укуктук актыларды турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү болуп саналат.

Сынакты жобосу билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына таркатылып, сынак өткөрүү шарты боюнча билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы М.А.Буванова тарабынан кеңири түшүндүрүлүп берилди.

 


Маалыматты даярдаган:

Жыпаргул Душобаева