Социалдык өнөктөштөр менен макулдашуулардын аткарылышы боюнча жыйынтыктар чыгарылды
2019-жылдын 2-мартында “2018-жыл- Региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты профсоюздук комитети” республикалык кароосунун жеңүүчүсү-Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы №7 М.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюздук уюмунун базасында облустук профсоюздук иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Билим берүү жана илим кызматкерлернин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов, жооптуу кызматкерлери А.Айдаров, З.Сулайманов, Базар-Коргон райадминистрациясынын башчысыныын орун басары З.А.Адышева, райБББнун башчысы Т.Ж.Усенов, орун басары М.Бурканов, райкомдун төрагасы С.С.Жаркынбаев жана баштапкы профсоюздук уюмдун 65 төрагалары катышты.
Иш-чаранын 1-бөлүгүндө катышуучулар мектептин администрациясы менен баштапкы профсоюздук уюмдун ортосунда түзүлгөн жамааттык келишим жана айыл өкмөтү менен түзүлгөн макулдашуулардын негизинде мектепте эмгектенүү үчүн түзүлгөн шарттар, эмгекти коргоо жана коопсуздукту камсыздоо талаптарын аткарылышы, санариптештирүүнү жүрүшү, профсоюздук бөлмө менен таанышып чыгышты. Мектептин директору К.Таирова менен профкому Т. Кадырова слайддар менен жетишкен ийгиликтери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө маалыматтар беришти.
Иш-чаранын 2-бөлүгүндө мектептин окуучулары катышуучуларга чакан куттуктоо концертин тартуулашты.
Иш-чаранын 3-бөлүгүндө Райадминистрация, райондук билим берүү бөлүмү, профсоюздун райондук комитети ортосунда түзүлгөн МАКУЛДАШУУнун 2018-жылда аткарылышы боюнча райБББнун башчысы Т.Ж.Усенов менен райПКнын төрагасы С.С.Жаркынбаев маалыматтар беришти. Катышуучулардын айлыктар, эс алуулар, эмгекти баалоо жөнүндөгү жана башка суроолоруна жооптор беришти.
Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов райондогу иштер жөнүндөгү ой-пикирлерин билдирүү менен облустук комитет тарабынан профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык –экономикалык маселелерин чечүү жана мыйзамдык укуктарын коргоо багытындагы аткарылган иштер жана алдындагы милдеттер жөнүндө слайддар менен токтолду.
Төрага 2018-жылдагы жетишкен ийгиликтери үчүн мектептин сыйлыктарын тапшырып, аыймдарды 8-март майрамы менен куттуктуп каалоолоун билдирди.
Райакимдин орун басары А.А.Адышева иш-чаранын даярдыгына жана уюштурулушуна жакшы каалоолорун айтып, мектептеги коопсуздукту камысыздоодо алдындагы биргелешкен иштерге токтолуп, профсоюз лидерлеринин иштерине ийгиликтерди каалады.
Обкомдун инспектору А.Айдаров “Макулдашуулар жана баштапкы профсоюздук уюмдарга усулдук жардамдар” темасындагы материалдар менен тааныштырды.
Иш-чарага катышкан жетекчилер баштапкы профсоюздук уюмдун төрагаларынын суроолоруна жооптор беришип, алар тарабынан айтылган сунуштар боюнча иш- чараалар белгиленип ишке ашыруу көзөмөлгө алынарын айтылды.
Профсоюздук иш-чараны райкомдун төрагасы С.С.Жаркынбаев жыйынтыктап, профсоюздун облустук комитетине жана социалдык өнөктөштөргө, мектептин жамаатына ыраазычылыктарын билдирди.
-------------------------------
Материалды даярдаган: Обкомдун инспектору
А.Айдаров