Катраң орто мектебинин эмгек жамааты менен жолугушу
Үстүбүздөгү жылдын 3-апрель күнү Лейлек районунун Билим жана илим кызматкелеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги Катраң айыл аймагына караштуу Катраң орто мектебинин эмгек жамааты менен жолугушу өткөрүштү.
Жолугушу учурунда мектептин мугалимдеринин жана башка кызматкерлердин суроолоруна жооп беришип, пикир алмашуу болду. Ошондой эле кесиптик бирликтин төрагасы кызматкерлердин көйгөйлөрүн, сунуштарын угуп, билим жана илим кызматкерлеринин укуктары, жоопкерчиликтери, көрсөтүлө турган жардам, жеңилдиктер тууралуу кеңири маалымат берди.
Материалды дяарадаган:
Марина Сагалиева