Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жылдын эң мыкты тарбиячысы-2019” кароо сынагынын райондук туру болуп өттү

2019-жылдын 25-апрелинде Кадамжай районунда  райкомпрофсоюз комитетинин  колдоосу менен «Мыкты тарбиячы-2019» кароо сынагы болуп өттү. Иш чарага кароо сынактын аймактык турунда  тандалып алынган алдынкы  4 тарбиячы катышышты.

  1.  Назарова  Назира-“№5 Солнышко”  б/б
  2.  Абдуллаева Фарида- “Айгүл” б/б
  3. Исмаилова  Айчурөк-“Балажан-Өлагыш” б/б
  4.  Буранова  Назокат-“Ак-Шоола” б/б                                                                 

Сынактын  катышуучулары өздөрүнүн жылдык иш планын, иш кагаздарын толук көргөзөшүп,  педагогика, психология, филология боюнча суроолорго жооп беришип, актерлук чеберчиликтерин, алдынкы иш тажрыйбаларын көрсөтүштү. Кароо сынактын максаты райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин деӊгээлин көтөрүү, алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу жана окутуу тарбия иштерин уюштуруу, өстүрүү үчүн шарт түзүү болуп саналат. Иш чаранын жыйынтыгында «Айгүл» балдар бакчасынын тарбиячысы женуучу деп аталды.  Сынакка  катышкан  4 тарбиячы  мугалимдер райондук профсоюз комитети тарабынан ардак грамота жана балуу белектер менен сыйланды.

 

Маалыматты даярдаган:

Ф.Ажиева