Жаш мугалимдердин I слёту өткөрүлдү
КР Өкмөтүнүн Ош облустук ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгү тарабынан областтагы райшаарлардагы жаш мугалимдерди катыштырып, жаш мугалимдердин I слёту өткөрүлдү.
Иш чаарага КРнын «Эмгек сиёирген мугалимдери», «Билим берүүнүн эмгек синирген кызматкери» мамлекеттик сыйлыктардын ээлери болгон 22 эмгек ардагерлери, райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, айыл аймактардын башчылары, окуу жайлардын ректорлору, ОПКнын, РПКнын, ШПКдын төрагалары, Райшаар БББнын башчылары чакырылып чоё жыйын, обладминистрациянын жыйындар залында өткөрүлдү.
Слётто Өкмөттүн облустагы өкүлү Жылкыбаев Узарбек Казыевич сөз сүйлөп, мугалимдик кесип кесиптердин падышасы, андыктан мугалимдик кесипти аркалаган жаш мугалимдерди ар тараптан колдоого алуубуз зарыл. Дүйнөлүк экономикалык, технологиялык өнүгүүдөн артта калбоого жаштардын, айрыкча жаш мугалимдердин жигердүү иш аракеттерине коомубуз муктаж.
Келечекте сиздерда, ак эмгегиӊиздер менен бул жерде катышып олтурган эмгектин ардагерлери сыяктуу коомдогу сый-урматка ээ болгон, ардактуу инсандар болосуздар деп, бир катар жаш мугалимдерге облустук өкүлчүлүктүн Ардак грамоталары менен сыйлап, куттуктады.
Билим, илим кызматкерлеринин Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаевге сөз берилип, жаш мугалимдерди I слёту менен куттуктап, буга Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы ушундай эле слетту райондук деӊгээлде өткөргөндүгүн айтып, бул иш-чаара жаш мугалимдерди социалдык жактан колдоого алууга багытталгандыгына жана биздин өнөктөштөрүбүз менен социалдык кызматташтыгыбыздын өнүгүү жолунда экендигине токтолуп, райшаарлардын ар биринен бирден жаш мугалимдерге 8000 сомдон акчалай сыйлык жана мамлекеттик сыйлыктардын ээлери болгон эмгек ардагерлерине да акчалай белектерди тапшырып, куттуктады.
Сөзгө чыгышкан ОшМунун ректору профессор К.А.Исаков, Элдердин достугу ассемблиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн төрагасы профессор Б.А.Нурумбетов, Кара-Кулжа райадминистрациясынын башчысы - акими П. Дыйкановдор куттуктоо сөздөрүн ыроолошту.
Слёттун демөөрчүсү катары «Ихлас» курулуш компаниясынын директору сөз алып, онго жакын жаш мугалимдерге Ош шаарында курулуп жаткан заманбап үйлөрдөн өз наркынан 30% арзандатылган батирлердин сертификаттарын |
Ошондой эле «Нурзаман» курулуш компаниясы үч жаш мугалимге 1000$ дан арзандатылган үч батирдин сертификаттарын тапшырды. |
Ал эми, Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын башчысы А.Маданов 8 жаш мугалимге үй куру үчүн жер тилкелеринин күбөлүгүн тапшырып, мыйзамды сыйлоо жана аткаруу маданиятын көрсөтүп, үлгүлүү иши кызуу кол чабуу менен коштолду.
Слётко катышкан жаш мугалимдер материалдык, моралдык жактан колдоого алынып, иш чара жогорку маанайды тартуулады.
Ош областтык профсоюз комитети