Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдерди жайкы эс алуулары көңүлдүү өтүүдө

Мугалимдерди жайкы эс алуулары көңүлдүү өтүүдө

Тогуз-Торо районундагы №1 Тоту Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери “Ой-Кайың” жайлоосунда мектептин профсоюз уюмунун төрагасы Бозжигитов Айбектин демилгеси менен бир күндүк эс алуу уюштурулду. Мындай эс алуулар жыл сайын профсоюз тарабынан уюштурулуп келет. Эс алууга райондук профсоюз комитети тарабынан колдо көрсөтүлдү. Мындай эс алуулар мугалимдердин ден-соолугуна жана иш жөндөмүнө таасирин тийгизет эмеспи. Көз жоосун алган жаратылыштын таза абасынан дем алышып, жыл бою иштеп, чарчаган мугалимдер эс алып, жаратылыш койнунда болушту. Эс алып келген мугалимдер өз ыраазычылыктарын билдиришип профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүктөрүнө жана мындан кийинки эс алууларды уюштуруу иштерине ийгилик каалашты.

 18.06.2019      792       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду

Ноокенде балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин ортосунда түзүлгөн Макулдашууларды ишке ашыруу максатында билим берүү кызматкерлеринин жана балдардын жайкы эс алуусу уюшкандыкта жүргүзүлүүдө. Ата-энелердин кайрылуулары жана сунуштарынын негизинде “Арстанбап” пансионатындагы “Жеткинчек” лагерине 199 бала жана “Артанбап –Ата” тур базасына 136 бала эки агым менен жалпы 335 бала мектеп администрациясы, ата-энелер жана демөөрчүлөрдүн каражаты менен уюштурулуп, эс алып жатышат.

 18.06.2019      652       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда жаңы предметтик стандарттарын окуу поцессине киргизүү боюнча мугалимдерге семинар тренинг өткөрүлдү

Аксы районунда жаңы предметтик стандарттарын окуу поцессине киргизүү боюнча мугалимдерге семинар тренинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын "Секторду өнүктүрүү программасы :билим берүү системасын бекемдөө" долбоорунун негизинде 2019-жылдын 12-14-июнь айында Аксы районунда мугалимдер үчүн үч күндүк семинар болуп өттү.  Бул семинарга  райондогу бардык мектептерден математика, физика,  Биология, химия, география предметтеринин мугалимдери окуп жаңы предметтик стандарттар жөнүндө отушту.  Окуунун аягында мугалимдер сертификат алышты. Окутууда жаңыча усулдарды колдонуу менен билим сапатын жогорулатууга болот.  Бул долбоор Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды. 

 14.06.2019      859       Кесиптик бирлик региондордо

Сузакта мугалимдер бээнин сүтү менен дарыланышууда

Сузакта мугалимдер бээнин сүтү менен  дарыланышууда

Билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райондук комитетинин демилгеси боюнча КР нын Президенти С.Жээнбеков тарабынан жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү “ жана санариптештирүү жылына карата түзүлгөн иш чаралардын алкагында район боюнча 30 мугалим бээнин сүтү менен дарыланышууда.

 13.06.2019      728       Кесиптик бирлик региондордо

Жаңы окуу жылына карата кесип бирлик мүчөлөрү медициналык кароодон өтүштү

Жаңы окуу жылына карата кесип бирлик мүчөлөрү медициналык кароодон өтүштү

Жаңы 2019-2020-окуу жылына карата Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрүн акысыз медициналык кароодон өткөрүү башталды. Аксы райондук кесип бирлик комитети тарабынан  графиктер түзүлүп, ар бир мектептерге жана бала бакчаларга маалыматтар берилди. Графикте көрсөтүлгөн күнү келип флюрографияга түшүнүп, терапевке, психологко көрүнүп текшерилишет. Акыркы учурларда коомдо кургак учук  илдетине чалдыккандардын саны өсүүдө. Ошол үчүн ар бир адам ар алты айда врачтарга көрүнүп, кеңештерди сурап, ден соолугун чыңдап туруусу зарыл. Бардык кесип бирлик мүчөлөрү июнь айында кароодон өтүп бүтүүсү керек. 

 13.06.2019      651       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүүдөгү жаңы кадамдар: Бул тууралуу Ошто тегерек стол болуп өттү

Билим берүүдөгү жаңы кадамдар: Бул тууралуу Ошто тегерек стол болуп өттү

КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алкагында “Кыргыз билим берүү системасын өнүктүрүү перспективалары” аттуу тегерек стол уюштурулду. Иш чарага ЖКнын депутаты ОГПИнин ардактуу профессору Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Асан Авазбеков, факультеттердин декандары, бөлүм башчылар, кафедра жетекчилери, Оштогу мектеп директорлору жана бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр катышышты.

 13.06.2019      699       Кесиптик бирлик региондордо

Раатбек Санатбаевке арналган Эл аралык иш-чара

Раатбек Санатбаевке  арналган  Эл аралык иш-чара

2019-жылдын 7- 8-июнь  күндөрү  Жалал-Абад  облусундагы  Сузак  районунун №10 «Көгарт” мектеп  гимназиясынын  базасында белгилүү  спорт  чебери, грек-рим  күрөшү  боюнча дүйнөнүн  чемпиону  маркум  Раатбек  Санатбаевтин жаркын  элесине  арналган  эл  аралык  турнир бөлүп  өттү. Турнирге  Өзбекстан, Таджикистан, Казакстан жана кыргызстандын  спортчулары  катышты. Турнирдин  катышуучуларына Кыргыз  Республикасын билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин Борбордук  Комитетинин төрагасы  А.Т.Токтогуловтун  кутуктоосун  жана   белегин  Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы   А.А.Исмаилов спортчуларга  жакшы  каалоолорун  билдирип  тапшырды. Турнир  жогорку  уюшкандыкта  жана  атаандаштыка өттү.

 12.06.2019      779       Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда мектеп алдындагы күндүзгү лагерлер уюштурулду

Ноокен районунда мектеп алдындагы күндүзгү лагерлер уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жыл 24-майындагы №289-б, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин 2019-жыл 6-июнь № 26/1, Ноокен райондук администрациясынын 2019-жылдын 14-май №116-б буйругунун негизинде, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин биргелешкен Коллегиясынын 23.05.2019-жыл №7 токтомунун негизинде Ноокен районундагы 51 мектепте 2 агымда күндүзгү лагерлер уюштурулду.

 12.06.2019      754       Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алууда

Жайкы эс алууда

Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде кесип бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуулары уюштурулду. Жыл сайын мындай эс алуулар профсоюз тарабынан уюштурулуп турат. Аксы райондук профсоюз комитети тарабынан берилген профвзнос эс алууга жумшалды. "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына" карата Кыргызстандагы кооз жерлердин бири болгон Арсламбапка эс алууга барышты.  Көз жоосун алган жаратылышы, таза абасы, шаркырап аккан суусу кимди гана кызыктырбайт. Жыл бою иштеп, моралдык жактан чарчаган кесип бирлик мучолору эс алууга да убакыт табышып, жаратылыш койнунда болушту.

 11.06.2019      766       Кесиптик бирлик региондордо

Жаш калемгердин айылына берген отчету

Жаш калемгердин айылына берген отчету

9-июнь күнү Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Сай айылында айылдын сыймыктуу уулу, ОГПИнин 4-курсунун студенти Исамидин уулу Бектуралинин “Ташмылтык жана “Төрт дөңгөлөк болгондо” аттуу китептеринин жентеги болуп өттү. Бул тууралуу ОГПИнин маалымат кызматы билдирет. Чыгармачылык кече ачык асман алдында айылдагы мектептин маданий аянтында болуп, ага Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору, профессор Бекмурза Зулуев баштаган Оштон барган өкүлдөр, айыл тургундары, окуучулар, мектеп жамааты, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышышты. Кечеде алгач, ректор Б.Б.Зулуев куттутоо сөзгө чыгып, жалпы айыл тургундарын, өзгөчө автордун ата-энесин бүгүнкү өткөрүлүп жаткан кубанычтуу саамалык менен кызуу куттуктап, Бектуралинин окуу жай менен байланыштуу турмушу, өзгөчө эмгектери, окуудагы артыкчылыгы, жетишкендиктери, жараткан ийгиликтери ак экенин жана жеке адамдык жогорку сапаттары менен коомчулукта кадыр-баркка ээ боло алганын баса белгиледи.

 11.06.2019      775       Кесиптик бирлик региондордо

Балдардын жайкы эс алуусуна даярдык кандай абалда?

Балдардын  жайкы  эс  алуусуна  даярдык  кандай  абалда?

“Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун жана райондук, шаардык комитеттери тарабынан 2019-жылы балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндөгү” №26/1 06.06.2019-жыл буйругун ишке ашыруу максатында облустук штабдын мүчөлөрү Базар-Коргон районундагы Арстан-Бап айыл аймагында жайгашкан балдардын ден-соолугун бекемдоочу борборлордун абалы менен 2019-жылдын 7-июну күнү таанышып чыгышты.

 11.06.2019      709       Кесиптик бирлик региондордо