Билим берүүдөгү жаңы кадамдар: Бул тууралуу Ошто тегерек стол болуп өттү
КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун алкагында “Кыргыз билим берүү системасын өнүктүрүү перспективалары” аттуу тегерек стол уюштурулду.
Иш чарага ЖКнын депутаты ОГПИнин ардактуу профессору Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Асан Авазбеков, факультеттердин декандары, бөлүм башчылар, кафедра жетекчилери, Оштогу мектеп директорлору жана бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр катышышты.
Жыйында аталган теманын негизинде депутат А.Жапаров баяндама жасап, ал өз сөзүндө “мугалимдерге айлык көтөрүү үчүн сабактардын сааты көбөйүп кетти биз сабактардын саны боюнча дүйнөдө чемпион болдук. 6-7-8-класстарда 1020 саат окутабыз. Ал эми Финляндияда 6-класстар 713 саат, 7-класстар 855, 9-класстар кайра эле 755 саат. Мугалимдердин айлыгын жогорулатуу үчүн 1,5-2 ставкага чейин чыгарып, сабактардын сааты ашып кетти. Ошондуктан, сабактын жүктөмү менен айлык акыны эки бөлүп чечишибиз керек”, - деди эл өкүлү. Мындан тышкары да бир нече натыйжалуу сунуштарын, ой-пикирлерин билдирип, тегерек столдун катышуучуларына талкууга койду. Ошондой эле министрдин орун басары К.Кожобеков бүгүнкү көтөрүлүп жаткан тема учурдагы актуалдуу меселелердин бири экенин баса белгилеп, эл өкүлү тарабынан берилген сунуштар коомдук талкуунун негизинде, мыйзам чегинде министрлик тарабынан иш алып барылаарын билдирди.
Тегерек стол теманын алкагында катышуучулардын кызыктуу талкуусу менен коштолуп, анда билим берүү тармагынан өкүлдөрү тарабынан да максаттуу ой-пикирлер айтылып, министрликке жана эл өкүлүнө бир нече суроолор менен кайрылышып жооп ала алышты.
Материалды даярдаган:
Кубаныч Жылкычы уулу