Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ КӨҢҮЛДҮҮ ЭС АЛЫШТЫ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ  КӨҢҮЛДҮҮ ЭС АЛЫШТЫ

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу шаардык мектептер арасында "Жыл мугалими - 2019" кароо сынагына катышкан мугалимдерди стимул иретинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек Сапарович "Абшыр-Ата" эс алуу жайына жана Ош шаарына жайкы эс алуу ичинде 2 күнгө алып барып, эс алдырып келди. Кереметтүү кооз жерлер, чарчаган мээни сергитип, жаратылыштын кооздуктары суунун шылдыр акканы ден ссолукка пайдалуу да. Шаркыратманын суусунун уурташа, Шыпаа Булактан суу ичип, зам-зам суунан ниеттенип үйлөрүнө да ала кетишти.

 14.08.2019      616       Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунун профсоюз уюму Ысык-Көлдө эс алууда

Аксы районунун профсоюз уюму Ысык-Көлдө эс алууда

2019-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына" карата Аксы районунун профсоюз уюмунун мүчөлөрү Ысык-Көл облусундагы кооз аймактары менен таанышышты. Райондун профсоюз мүчөлөрү, "жыл мугалими" конкурсунун  женүүчүлөрү, "мыкты кызматкерлер"  Ысык-Көлдөгү "Нептун" пансионатында эс алышты. Уюмдун төрагасы Камчыбеков Сагын агай, областык профсоюздук комитет тарабынан берилген жолдомо менен, жогоруда аталган кесип бирлик  мүчөлөрүнүн жайкы эс алууларын жогорку деңгээлде уюштурду. Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдөгү эс алууга не жетсин. Тунук суусу, көл жээгиндеги куму, ысык сууларынын дарылык касиети абдан чоң. Чет өлкөлүк туристтердин да көлгө келүүсү селдей агылууда. 

 13.08.2019      647       Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын тарыхый

Билим берүү кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын тарыхый

Ноокен районунда 2018-2019-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында өткөрүлгөн мелдештердин жана кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү, окуучусу республикалык предметтик олимпиадага катышкан мугалимдер жана байгелүү 2-орунду ээлеген билим берүү кызматкерлери 19-22-июль күндөрү коңшу Өзбекстан Республикасынын Ташкент, Самарканд шаарларынын тарыхый эс алуу жайларында эс алып кайтышты. Барып келүү жагы Билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан толук каржыланды.

 13.08.2019      636       Кесиптик бирлик региондордо

Жаш профлидерлердин министрдин орун басары менен жолугушуусу

Жаш  профлидерлердин  министрдин  орун  басары  менен  жолугушуусу

2019-жылдын 20-21-июлу күндөрү Кырзстандын керемет жерлеринен болгон Базар-Коргон районунунда жайгашкан “Арстанбап- Ата” туристик базасында Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмү менен билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин биргеликтеги “Жайкы мектеп-2019” жаштардын иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович, билим берүү жана илим кызматкерлерин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун , шаардык билим берүү бөлүмүмүн, шаардык комитеттин жооптуу кызматкерлери, “Академия роста” интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү, шаардык жаштар кеңештеринин төрагалары, Ноокен районунун жаштар кеңешинин активисттери катышышты.

 13.08.2019      678       Кесиптик бирлик региондордо

“Красная Гвоздика” эс алуу лагеринде Базар-Коргон райондук билим берүү жана илим кызматкерлери семинарга катышып келишти

 “Красная Гвоздика” эс алуу  лагеринде Базар-Коргон райондук билим берүү жана илим кызматкерлери семинарга катышып келишти

Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин 9-июль күнүнөн баштап 14-июль күнүнө чейин Ысык-Көл областына караштуу Тоӊ районунда жайгашкан Красная Гвоздика эс алуу лагеринде Базар-Коргон райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринен 9 делегат барып, семинарга катышып келишти. Жалал-Абад областынын Обком профсоюз комитетинин төрагасы А.Исмаилов алдында уюштурулган райком, шаарком профсоюздары жана жаштар канаты Ысык-Көл областына караштуу Тоӊ районунда жайгашкан “Красная Гвоздика” эс алуу лагеринде семинар уюштурду.

 17.07.2019      788       Кесиптик бирлик региондордо

“Красная Гвозьдика” эс-алуу борборунда Республикалык семинар болуп өттү

“Красная Гвозьдика” эс-алуу борборунда Республикалык семинар болуп өттү

2019-жылдын 9-14чү июль күндөрү Борбордук комитеттин иш планына ылайык Ыссык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан “Красная Гвозьдика” эс-алуу борборунда Республикалык семинар болуп өттү. Семинардын катышуучулары болуп Жалал-Абад облусунун баардык райшааркомдорунун төрагалары, Жалал-Абад “Жаштар Кенешинин” төрага, төрөайымдары, укук жана эмгек инспекторлору катышышты. Семинарды обкомдун төрагасы Исмаилов А.А. ачып сөз сүйлөп ачык деп жарыялады. Күн тартибинде каралган маселелер боюнча айтсак,

 17.07.2019      749       Кесиптик бирлик региондордо

Жалал-Абаддыктар профсоюздук иш-чараларын Ысык-Көлдө өткөрүштү

Жалал-Абаддыктар профсоюздук  иш-чараларын  Ысык-Көлдө  өткөрүштү

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад  облустук  комитети иш  планына ылайык 2019-жылдын 9-14-июль  күндөрү Ысык-Көл  облустунун Тоң районунда жайгашкан Борбордук Комитеттин демилгеси  жана  каражаты  менен курулган “Красная гвоздика” эс  алуу  борборунда “Эс  алуу  менен билим алабыз” аттуу профсоюздук  иш-чараларын өткөрдү.

 15.07.2019      820       Кесиптик бирлик региондордо

Балдар үчүн жайкы эс алуу лагерлери уюштурулду

Балдар үчүн жайкы эс алуу лагерлери уюштурулду

2019-жылдын 9-июлдан баштап Аксы районунун илим жана билим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан,  кесип бирлик мүчөлөрүнүн балдары үчүн Сары -Челек көлүнө лагер уюштурулду.  Лагерге социалдык жардамга муктаж, жарым же толук жетим, көп балалуу кесип бирлик мүчөлөрүнүн балдары жолдомо алышты. Лагер 29-июндан баштап 1-топ барып эс алып келишти. Жаратылыш койнунда эс алууга не жетсин. Балдар үчүн ар кандай оюндар уюштурушуп, жакшы эс алууга шарт түзүү үчүн тарбиячылар иштешет. Ар бир балага коопсуздук түшүндүрүлүп, күзөт кызматы коопсуздукту көзөмөлдөдү.

 15.07.2019      732       Кесиптик бирлик региондордо

Сузактагы мугалимдер Кара-Алмада эс алышууда

Сузактагы мугалимдер Кара-Алмада эс алышууда

Жалал-Абад областына караштуу Сузак районундагы Кара-Алма эс алуу зонасында билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун каржылоосу жана райондук билим берүү бөлүмүнүн уюштуруусу менен “Жеткинчек” балдардын эс алуу борборунда 150 мугалим эс алдырылып жатат. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан жарыяланган “2019-жыл – Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата иш чаралардын алкагында уюштурулган.

 15.07.2019      847       Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуулар уланууда

Жайкы эс алуулар уланууда

Аксы районунда кесип бирлик мучөлөрүнүн эс алуулары старт алууда. Окуучуларды каникулга жөнөтүп, ремонт иштерин бүтүрүп мугалимдер эс алууга барышты. Жыл ичинде тынымсыз эмгектенип, эс алууга убактысы болбогон кесип бирлик мүчөлөрү жаратылыш койнунда дем алышты. Райондук профсоюз комитети тарабынан берилген профвызнос эс алууга жумшалды. Жаратылышы эң кооз, таза аба, асман тиреген карагайлары , шаркырап аккан суусу бар Падыша-Ата жайлоосуна Ш.Тойматов, А.Сулайманов, Т. Көчкөнов мектептеринин кесип бирлик мүчөлөрү барышты. Көз жоосун алган жаратылышына суктанбаган адам жок. Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз, ошол себептен чет өлкөлүк жарандар да тынымсыз келип турушат. Мындай эс алуулар жыл сайын уюштурулуп келет. Жайкы эс алууларды уюштуп ,ден соолукту да чыңдайбыз. 

 15.07.2019      858       Кесиптик бирлик региондордо

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ АНЫКТАЛДЫ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ АНЫКТАЛДЫ

Баткен районунда “жылдын мугалими - 2019” кароо-сынагынын райондук этабы 2019-жылдын 16-17-апрель күндөрү Бужун орто мектебинин базасында өткөрүлдү. Райондук кароо-сынакка райондун 9 айыл аймагынан жеңип чыккан 9 мыкты мугалим катышты. Жобого ылайык конкурсанттар чыгармачыл сабактарды өткөрүшүп, тесттик жана чукул суроолорго жооп беришти, хоббиси менен тааныштырышты, мастер-класс өткөрүштү жана өздөрүнүн педагогикалык ишмердүүлүгү менен тааныштырышты. Жыйынтыгында С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак-мектебинен Исоев Музаффар I орунду, Б.Нарматов атындагы орто мектептен Саттаркулова Тазагүл II орунду, Газ орто мектебинен Атабаев Алмаз III орунду ээлешип, дипломдор, раймамадминистрациянын жана райондук кесиптик бирлик комитетинин баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.

 15.07.2019      863       Кесиптик бирлик региондордо