Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМДЕР ЖАЙКЫ ЭС АЛУУНУ КӨҢҮЛДҮҮ ӨТКӨРҮҮДӨ

МУГАЛИМДЕР ЖАЙКЫ ЭС АЛУУНУ КӨҢҮЛДҮҮ ӨТКӨРҮҮДӨ

Баткен районунун Чоң-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинин мугалимдери мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Атабаева Парахаттын уюштуруусу менен 3 күндүк дем алуу экскурсиясы Баткен-Ош-Өзгөн-Арсланбаб-Баткен багытында уюштурулду. Экскурсияга облустук, райондук профсоюз комитети тарабынан колдоо көрсөтүлдү. Мугалимдер экскурсия учурунда Ош шаарында, Өзгөндө мунарада, Арсланбабтын кооз жайларында, жаратылыш койнунда дем алышып, жыл бою иштеп, чарчаган мугалимдер эс алышты.

 12.07.2019      722       Кесиптик бирлик региондордо

БАТКЕНДЕ БАЛДАРДЫН ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУ КЫЗУУ ЖҮРҮП ЖАТАТ

БАТКЕНДЕ БАЛДАРДЫН ЖАЙКЫ ЭС АЛУУСУ КЫЗУУ ЖҮРҮП ЖАТАТ

2019-жылдын иш планына ылайык билим берүү кызматкерлеринин балдарынын жайкы эс алуусун уюштурулуп, ага Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан бөлүнгөн акча каражаты Баткен облустук комитети тарабынан “Алтын-Бешик” балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна келишимдин негизинде которулуп, Баткен облустук комитетине 8, Баткен районунундагы билим берүү кызматкерлеринин балдарына 60, Баткен шаардык билим берүү кызматкерлеринин балдарынына 15, жалпы 83 балага эс алуу үчүн лагерге жолдомо берилди.

 12.07.2019      702       Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунда балдардын жайкы эс алуусу жогорку деӊгээлде уюштурулду

Кадамжай  районунда   балдардын  жайкы  эс  алуусу   жогорку  деӊгээлде   уюштурулду

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитети 2019-жыл балдардын жайкы эс алуусун жогорку деӊгээлде уюштурду. Облустук комитет тарабынан бөлүштүрүлгөн жолдомолордун негизинде Кадамжай районунда жайгашкан “Ак-Суу” балдардын ден соолугун чыңдоо лагеринде 02-июль күнү балдардын эс алуу күнү башталды. Лагердин ачылыш аземине Билим жана илим кызматкерлеринин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов катышып, лагердин шарттары менен таанышып чыкты. Лагердин жетекчилери жана тарбиячылары жакшы даярдык менен тосуп алышты. Ошондой эле балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, лагердин шарттары менен тааныштырышты.

 10.07.2019      702       Кесиптик бирлик региондордо

Карысы бардын ырысы бар

Карысы бардын ырысы бар

Айдаров Абдираим Чоңахунович өзү 45 жылдык эмгек жолунда билим берүү майданында он беш, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук , облустук комитеттеринде отуз жыл үлгүлүү эмгек өтөп келүүдө. Ал жогорку окуу жайын ийгиликтүү бүтүрүп, алгачкы эмгек жолун Ноокен районунда катардагы мугалим болуп иштөө менен баштаган. Директордун орун басары , мектептин директору кызматтарында үзүрлүү иштегендиги үчүн анын тажрыйбасын баалап, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук төрагалык кызматына конференцияда 1989-жылы май айында шайлашкан.

 10.07.2019      828       Кесиптик бирлик региондордо

Кесип бирлик мүчөлөрү жаратылыш койнунда

Кесип бирлик мүчөлөрү жаратылыш койнунда

Аксы районунда кесип бирлик мүчөлөрү жайкы эс алууларды байма бай уюштурушуп жатышат. Алардын катарында Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде профком кесип бирлик мучөлөрүнүн эс алуусун жогорку деңгээлде уюштурду. Кыргызстандагы экинчи орунду ээлеген тарыхый музей Манас ортосуна экскурсияга барып келишти. Бул музей Талас облусунда жайгашкан. Көптөгөн тарыхый мааниге ээ болгон экспонаттар бар. Манас атанын жашап өткөн кылымын баяндаган көрүнүштөр чагылдырылган. Манас ордону көрүү үчүн дүйнөнүн эң алыскы жерлеринен туристер келишет.

 10.07.2019      690       Кесиптик бирлик региондордо

Профсоюз уюму өз мүчөлөрүнүн балдарына дагы камкор

Профсоюз уюму өз  мүчөлөрүнүн балдарына дагы камкор

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети быйылкы балдардын жайкы эс алуусун максаттуу уюштуруунун аракетинде. Облустук комитет тарабынан бөлүштүрүлгөн жолдомолордун негизинде Аксы районунда жайгашкан “Сары-Челек” балдардын ден соолугун чыңдоо лагерине 29-июнь күнү балдарды эс алуу үчүн жайгаштырып кайтты.Лагердин жетекчилери жакшы даярдык менен тосуп алышты.Ошондой эле балдарга түшундурүү иштерин жүргүзүшүп,лагердин шарттары менен тааныштырышты.Балдардын келишине арналып атайын майрамдык түшку таиак даярдалган.Балдардын коопсуздугун сактоо иретинде ички иштер бөлумдөрунөн кызматкерлер коштоп барышты.

 05.07.2019      663       Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуулар уюштурулду

Жайкы эс алуулар уюштурулду

АКСЫ районунда Жибек мектепке чейинки билим берүү уюмунда кесип бирлик мучөлөрү жайкы эс алууга барышты. Жаратылыш койнунда эс алууга не жетсин. Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз, көз жоосун алган арчалар, шаркырап аккан суусуна не жетсин. Райондун кесип бирлик комитети тарабынан бөлүнгөн профвызнос бала бакчадагы кесип бирлик мүчөлөрүнүн эс алуусуна жумшалды. Мындай эс алуулар жыл сайын уюштурулуп келет. Эс алууга чыккан мүчөлөр коопсуздук эрежелери менен таанышышып, кол коюшту. 

 05.07.2019      658       Кесиптик бирлик региондордо

ЖАМУДА ЖАЙКЫ ЭС АЛУУЛАР СТАРТ АЛДЫ!

ЖАМУДА ЖАЙКЫ ЭС АЛУУЛАР СТАРТ АЛДЫ!

Мына, жайдын аптаптуу күндөрү күчүнө кирип, сыдырым жел, койуу көлөкө, муздак суу кимдерди гана саматпайт... ЖАМУда да окуу процесстери соңуна чыгып, студенттер каникулга тарашып, кызматкерлер эмгек өргүүсүнө жол тартып турган учур. Жыл сайын эле ЖАМУнун профсоюздук комитети профсоюз мүчөлөрүнүн эс алуусун уюштурууга олуттуу көңүл буруп, мүмкүнчүлүккө караша каржылык колдоо көрсөтүп келүүдө. Быйыл да профкомду түзгөн бардык баштапкы профсоюздук уюмдарга каржылык каражаттар бөлүнүп берилип, жетекчилер администрация менен биргеликте уюштуруу иштерин аткарышып, 2019-жылдагы Жайкы эс алуулар старт алды!

 04.07.2019      703       Кесиптик бирлик региондордо

Жайкы эс алуунун жүрүшү талкууланды

Жайкы  эс  алуунун  жүрүшү  талкууланды

2019-жылдын 3-июлунда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин алдында жайкы эс алууну уюштуруу боюнча түзүлгөн штабдын отуруму болуп өттү. Кеңешмени штабдын башчысы, обкомдун төрагсы А.Исмаилов ачып, билим берүү кызматкерлеринин балдарынын эс алуусу кандай журуп жаткандыгы боюнча райшаарком төрагаларынын маалыматтарын укту.

 04.07.2019      658       Кесиптик бирлик региондордо

Кезектеги президиум болуп өттү

Кезектеги  президиум болуп өттү

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин иш планына ылайык кезектеги Президиумунун отуруму 2019-жылдын 28-июнь күнү болуп өттү. Отурумда иш планда каралган маселелр каралып талкууланды жана региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жылында тармактагы райшаар, окуу жайлардын профсоюз комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыйжалуулуктарынын жылын өткөрүү боюнча ОПКнын иш планын кабыл алынып, бекитилди.

 03.07.2019      640       Кесиптик бирлик региондордо

Чаткал менен Жумгал райондору иш тажрыйба алмашышты

Чаткал  менен Жумгал райондору  иш  тажрыйба  алмашышты

2019-жылдын 26-28-июнь күндөрү Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов жана райондогу билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев баштаган жалпы 14 мектеп жана бала бакчалардын жетекчилери Нарын облусунун Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен иш тажрыйба алмашып, кайтышты.

 03.07.2019      880       Кесиптик бирлик региондордо