Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Жаш мугалим - 2019” конкурсу

Үстүбүздөгү жылдын 11-май күнү Ала-Бука районундагы №3 Н.Орозалиев атындагы жалпы билим берүүчү инновациялык мектебинде районубуздун мектептеринде эмгек чыйырын жаңыдан баштап жаткан жаш педагогдордун “Жаш мугалим-2019” конкурсунун жыйынтыктоочу финалдык туру өткөрүлдү. Бул кароо сынак алгач айыл аймактарда өткөрүлүп, “эң мыкты”  аталган 13  конкурсант “Жаш мугалим-2019” конкурсунун райондук туруна жолдомо алышкан. Финалдык тур 2 баскыч менен өткөрүлүп, биринчи баскычта конкурсанттар өздөрүнүн педагогика-психологиялык жана жалпы кругозор багытында өздөрүнүн билим деңгээлдерин калыстар тобунун сынына коюшту. Конкурстун экинчи баскычында жаш педагогдор өздөрүнүн чыгармачылык дараметин көрүүчүлөргө тартуулашты. Кызуу таймаштын жүрүшүндө эң көп упай топтогон 1-Май айыл аймагына караштуу Ажек орто мектебинин физика мугалими Кубанычбек кызы Аксаамай жана Сафед – Булан гимназия мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Тожибоева Зиниралар биринчи орунду ээлешти. Ал эми калган байгелүү орундарды жана атайын номинацияларга татыктуу болгон жаш мугалимдерге райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Турдукулова жана райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин төрагасы Ж.Т.Дурусалиевтер жылуу пикирлерин билдиришип, билим берүү бөлүмүнүн “Грамотасы” жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюздук комитети тарабынан даярдалган кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Даярдаган :

Уюштуруу тобу