Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эл аралык профсоюздук кызматаштык өркүндөөдө

Кыргыз Республикасынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук Комитетинин   төмөндөгү  курамдагы  делегациясы:

Абикова Назира Коноковна – Борбордук Комитетинин финансы бөлүмүнүн башчысы .

Сыдыков Муратбек Акунович –  Ысык-Көл  областынын  Туп райкомунун  төрагасы.

Бердиев Авазбек Турабаевич – Баткен областынын  Лейлек райкомунун төрагасы.

Тажибаева Назипакан Кадиралиевна – Ош областынын  Ноокат райкомунун төрайымы.

Тыныбекова Бактыгул Качиевна – Чуй областынын  Ысык-Ата  райкомунун төрайымы.

Жаркымбаев Суйунбек Сарыевич – Жалал- Абад  областынын  Базар-Коргон райкомунун төрагасы.

 ЕврАЗМОПО форумуна  Түндүк Кипр мамлекетинин Гирне шаарына  барып катышып келди .

Форумга Турк тилдүү тогуз мамлекеттин  Туркия,   Косово, Азербейжан, Македония, Ирак, Румыния, Казакстан, Түндүк Кипр, Кыргызстандан  делегаттар  катышты.

Форумда:  Негизинен билим берүү тармагындагы иштеген мугалимдердин  коомдогу ролу жөнүндө маселе каралды жана ошодой эле төрт тарапту макулдашуу кабыл алынды.

2019-жылдын   12-июнунда   Тундук Кипр мамлекетинин  Премьер -Министири  Эрсина ТАТАР, тогуз мамлекетен келген делегаттары  менен жолугушу өткөрдү.

Делегаттарды  Эмгек министири  Фаиз  СУКУОГЛУ  өзүнүн  офисинде  кабыл  алып, ар тараптан мугалимдерди колдоорун кенен баяндады.  

Билим берүү  минстири  Назим ЧАВУШОГЛУ келген делегаттар менен жолугушу өткөрүп кызматашууну сунуштады.

Делегация Борбордук  Комитеттин  төрагасы  А.Т.Токтогуловко  форумга  жөнөтуп,  иш-тажрыйба  алмашуу, эл  аралык  профсоюздук  ишмердүүлүк  менен  тааныштыруу,  жаңы   билимдерди  алуу   үчүн  түзуп  берген  мүмкүнчүлүктөрүнө  ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

Түндүк Кипр мамлекетинин  премьер министири  Эрсина ТАТАР  менен  Жаркымбаев Суйунбек Сарыевич – Жалал- Абад  областындагы  Базар-Коргон районунун  билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук  комитетинин  төрагасы  эстеликке  сүрөткө  түштү.

 

 

Материалды даярдаган: делегациянын  мүчөсү,

Жаркынбаев   Сүйүнбек Сарыевич 

 Базар-Коргон  райкомунун  төрагасы