Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Билим берүү кызматкерлеринин балдары үчүн камкордук

2018-жылдан баштап  балдардын жайкы эс  алуусу үчүн  каражат  Кыргыз  Республикасынын  Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук Комитети  тарабынан  бөлүнүп  берилип, республика боюнча билим  берүү  кызматкерлеринин  балдарынын  эс  алуусу  уюштурулууда. 

2019-жылда  Жалал-Абад  облусунун  билим  берүү  кызматкерлеринин балдарынын   Базар-Коргон  районунундагы  “Арстанбап-Ата”  турбазасында, Чаткал  районунун “Жеткинчек” , Аксы  районундагы “Сары-Челек”, Токтогул  районундагы “Өйүш-Булак”, Кара-Көл  шаарынын “Кайынды”, Көк-Жаңак   шаарынын  “Арууке” эс  алуу  борборлорунда  604  баланын  эс  алуусу  райшаардык  комитеттер тарабынан  уюштурулду.

Балдардын  ата-энелери   - билим  берүү  кызматкерлери  Борбордук  Комитетттин  төрагасы  Асылбек  Токтогуловичге,   обкомдун  төрагасы  Абдукахар  Араповичге,   райшааркомдордун  төрагаларына  ыраачылыктарын  билдиришип,   профсоюздук  иштерине  ийгиликтерди каалап, жакшы  тилектерин  айтышты.

 

Материалды даярдаган:

Обкомдун инспектор

А.Айдаров