Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Биз СПИДге каршыбыз!

Бириккен Улуттар Уюму 1988-жылы (БУУ) 1-декабрды Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган.           

Учурда ВИЧ/СПИД бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун глобалдуу проблемасы болуп саналат. Ал адамзаттын өнүгүшүнө жана  коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирүүдө. 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата Ноокен районунун билим берүү уюмдарында “Биз СПИДге каршыбыз!” аттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Мектеп окуучулары тарабынан дубал газеталар чыгарылып, тарбиялык маанидеги иш-чаралар уюштурулду. Андан сырткары тегерек столдор, тарбиялык ачык сааттар, КВН уюштурулуп, өткөрүлдү.

Иш-чараларга Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин алдында түзүлгөн Жаштар Кеңешинин мүчөлөрү катышып, окуучуларга слайддар жана докладдар менен түшундүрүү иштерин жүргүзүштү.

Активдүү катышкан окуучуларга кызыктыруучу белектер жана дипломдор тапшырылды.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен райкомунун алдындагы Жаштар Кеңешинин

катчысы Ф. Акматова