Облустук турдун жыйынтыгы чыгарылды
2019-жылда Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында тармактык райондук, шаардык комитеттеринин ишмердиктеринин социалдык натыжалуулуктары” урааны астында жарыяланган республикалык кароо-сынагынын облустук туру 27-ноябрь күнү жыйынтыкталды.
Комиссиянын чечимине ылайык республикалык турга катышууга Ноокен жана Токтогул райкомдору сунушталды.
Комиссия мүчөлөрү аларга республикалык турда ийгиликтерди камсыз кылып, жеңүүчү болушун каалашты.
Материалды даярдаган:
А.Айдаров
обкомдун инспектору