Кыргыз-таджик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга жардам
2019-жылдын 16-сентябрь күнү Лейлек районунун Кулунду айыл амагынын Максат айылынын чек ара аймагында кыргыз жана таджик чек арачылардын ортосунда болуп өткөн куралдуу кагылыштын натыйжасында Максат айылындагы жана ага жакын жайгашкан аймакта социалдык объекттерге, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна, турак-жайларына, мүлкүнө зыян келтирилип, жашоочулары кошуна айылдарга баш калкалоо максатында көчүрүлгөн.
Зыян тарткан объекттердин арасында “Максат” орто мектеби, ошондой эле тургундардын арасында мектептин бир мугалими жана окуучусу бар.
Ошондуктан, Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитети, райондук комитет тарабынан кесиптештерин жана жергиликтүү калкты колдоо максатында зыян тарткандарга материалдык жардам көрсөтүлдү.
Мындай колдоого өзгөчө муктаж болуп турган мектеп мугалимдери жалпы жардам бергендерге терең ыраазычылыгын билдиришти.
Материалды даярдаган:
М.Сагалиева