Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мен татыктуу эмгек үчүн” жаш лидерлер жайкы мектеби-2019

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан «Эмне үчүн өз эмгек укугунду билүү зарыл” деген темада эссе жазуу үчүн конкурс жарыяланып, жыйынтыгында билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин уюштуруу, укук иштери боюнча адиси жана жаштар кенешинин төрагасы К.Акимов  “Жаш лидерлер жайкы мектебине”  катышууга мүмкүнчүлүк алып, 2019-жылдын 23-августунан 26-августуна чейин Ысык-көл областынын Бостери айылындагы “Талисман-Вилидж” эс алуу жайында “Мен татыктуу эмгек үчүн” аталышында жаш лидерлердин жайкы мектебине катышып келди.

Профсоюз жана Тилектештик уюму менен өнөктөштүктө уюштурулган “Мен татыктуу эмгек үчүн” аталышында жаш лидерлер жайкы мектебинин катышуучуларына Утюшева Лилия, Мамбеталиева Марал,Рубцова Елена, Рубцов Сергей, Надежда Шумилина жана башка тажрыйбалуу тренерлер төмөнкүдөй темалар боюнча маалымат беришти.

  1. Лидерлик сапаттар
  2. Оратордук искусство
  3. Эмгек укугу
  4. Профсоюз кыймылы
  5. Миграция
  6. Гендер
  7. IT-безопасност
  8. ММКлар менен иштөө ж.б

Бул тренингдин жүрүшүндө бардык тармактын жаш лидерлери топтордо иштешип ар кандай практикалык иштерди аткаруу менен тажрыйба алмашып жаштар менен иштөө, профсоюз кыймылы жана лидерлик сапаттар тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышып жыйынтыгында (Центр солидарность) Тилектештик борборунун сертифкатына ээ болушту.

Жаш лидерлер жайкы мектебинин уюштуруучуларына жана Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетине терең ыраазычылык билдирүү менен алган тажрыйбаларды жер жерлерде профсоюз активистери менен бөлүшүп татыктуу эмгек үчүн аракеттерди жасайбыз.

Маалыматты даярдаган:

 

Баткен областтык билим жана илим профсоюз комитетинин

алдындагы жаштар кенешинин төрагасы К.Акимов