Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Школа молодого лидера» жайкы окуу - семинары жөнүндө маалымат

Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин инспектору А.Бөлөкбаев. 

Мен «Центр солидарности» эл аралык уюму тарабынан уюштурулган «Школа молодежного лидера»  окуу семинарынан көптөгөн жаӊы билимдерди алдым. Мен окуу-тренингден  профсоюз жөнүндө, кызматкерлердин укуктары жана эл аралык стандарттар, оратордук чеберчилик, лидерлик, мигранттардын укуктары, гендердик теӊчилик, социалдык тармактарды колдонуу жана колдонууда коопсуздук эрежелери жана массалык маалымат каражаттары менен өз ара  иштешүү деген темаларда көптөгөн маалыматтарды, тажрыйбаларды  алдым. Мындан сырткары практикалык тапшырмалар аркылуу пресс-конференция өткөрүү тартиби боюнча  атайын пресс-конференция өткөрүлдү. Пресс-релиз жазуу ишин тажрыйба жасоого да жетиштик десем болот.

Практикалык пресс-конференцияда «Жаш лидерлер» партиясынын төрагасы  катарында журналистердин ар кандай суроолоруна жооп берилди жана аябай кызыктуу болду десем жаӊылышпайм. Окуу-семинардын жүрүшүндө уюштурулган ар кандай кароо-сынактарга активдүү катышып, уюштуруучулар тарабынан ар кандай белектерге ээ болдум.

Мен үчүн окуу семинар аябай пайдалуу жана жаӊыча ой жүгүртүүгө жана иш алып барууга шыктандырды десем болот.

Окуу-тренингдин  жыйынтыгында атайын сертификатка ээ болдум.

 

Материалды даярдаган:

Мырзамидиниов Ибраим