Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Социалдык өнөктөштүк

Волейбол боюнча турнир

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде мугалимдерлин кесиптик күнүнө карата волейбол боюнча ректордун байгеси үчүн турнир уюштурулду. Ал окуу жайдын кесиптик бирлик комитети менен биргеликте, Ден соолук борбору тарабынан түзүлгөн Жобо боюнча өткөрүлдү. Мелдеште профессордук-окутуучулардан жана кызматкерлерден куралган сегиз команда күч сынашты. Окуу жайдын ректору тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов профессордук окутуучулук курамды мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктады. Спорт бул ден соолуктун булагы, спорттук иш-чаралар  майрам күндөрү эле эмес ар жума сайын өткөрүлөт. Бул үчүн окуу жайда толук шарттар каралган. Окуу жайдын мугалимдери спорттун бардык түрү боюнча алдынкы орунда. Өткөн жылы Ысык-Көлдө өткөн спартакиадада байгелүү орундарды ээлешкен. Ал эле эмес спорттун башка түрлөрү боюнча да дүйнөлүк беттештерде байгелүү орундарды багындырган.

Оюнга сегиз команда катышып, эки айлампа боюнча ойношуп, күчтүүлөр жеңип чыгышты. Жеңүүчүлөргө 5-октябрь мугалимдердин кесиптик майрамына карата уюштурулган салтанатта окуу жайдын ректору тех.и.д., профессор Кеңешбек Усенов акчалай сыйлык жана кубокту ыйгарды.

Жыйынтыгында Жалал-Абад колледжи баш байгени багындырып, I даражадагы диплом жана ректордун кубогуна ээ болду. Ал эми II даражадагы диплом менен экинчи орунду ээлеген экономика-юридикалык факультети сыйланды. Үчүнчү орунга административдик башкаруу корпусунан куралган команда ээледи жана III даражадагы дипломго ээ болду.

Мелдешке катышкан бардык командалар ар бири 6000 (алты) миң сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун КБКнын кызматкери Н.Баитова