Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жылдын мыктыларын сыйлоо

Жети-Өгүз районунудагы Даркан айылындагы маданият үйүндө 2024-жылдын 24-майында 2023-2024-окуу жылынын аякташына  карата    мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы окутуу-тарбиялоо процессиндеги жетишкендиктерди  белгилөө менен,  билим берүү кызматкерлерин сыйлоого арналган салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы-Асанкожоев Максат Жеңишович, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары  Бектемирова Жыпара Кутмидиновна, Билим жана илим кызматкерлеринин райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Молдокматов Өмүрбек Кыдырганович мектеп, бала бакча директорлору, баштапкы профсоюз уюмунун төрага/төрайымдары жана  алдыңкы мугалимдер,тарбиячылар катышты.

Иш чарада  2023-2024-окуу жылындагы мектеп окуучуларынын олимпиадасынын, «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынын, спорттук мелдештердин, ар кандай сынактардын жана окутуу-тарбиялоо процессиндеги  ийгиликтерге жетишкен  билим берүү кызматкерлерине Жети-Өгүз райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан  билим берүүнүн 100 кызматкерлерине дипломдор, грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.

Мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын  сунушу менен  билим берүүнүн 100 кызматкерине Ардак грамоталарды  «Акыркы коңгуроо» салтанатында тапшыруу жагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жана кесиптик бирлик комитетинин төрага/төрайымдарына тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жети-Өгүз райондук комитети