Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл сынактары жыйынтыкталды

Бүгүн, 2024-жылдын 20-июнь күнү "Жыл мугалими -2024" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы-2024" кароо сынактарынын  облустук турунда байгелүү 1-2-3-орундарга ээ болгон Лейлек районуна жана Сүлүктү шаарына караштуу  билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалимдер жана тарбиячылар Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун 1-2-3- даражадагы дипломдору жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин баалуу белектери менен сыйланышты.

Бул иш чара Раззаков жана Сүлүктү шаарларында жеринде уюштурулуп Баткен областтык билим берүү усулдук борборунун директору О.Эркебаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Ботоков райшаарБББ башчылары менен РПК,ШПК төрагалары, жеңүүчү мугалимдер катышышты.

 

Маалыматты даярдаган: Гапарали  уулу Мансур, кесиптик бирликтин Баткен областтык комитетинин адиси