Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Жыл мыктыларын сыйлоо

23-май күнү 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен райондун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде эмгектенген билим берүү кызматкерлеринин  жетишкен ийгиликтерин жана жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу мыкты педагогикалык тажрыйбаларын баалоо максатында "Жыл мыктыларын" сыйлоо аземи болуп өттү.  

Иш чара Лейлек райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитети тарабынан белектер берилди.

“Жыл мыктыларын” Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  У.И.Жеемуратов жана кесиптик бирликтин Лейлек райондук комитетинин төрагасы  А.Т. Бердиев куттуктап, ийгиликтерди каалоо менен, баалуу белектерди тапшырышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Лейлек райондук комитети