Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Жыл мугалими» сынагы жыйынтыкталды

Жалал-Абад облустук балдар чыгармачылык үйүнүн чоң жыйындар залында “2024-жылдын мугалими”  сынагы жыйынтыкталды.

Сынакка облус боюнча 70 ашык мыкты мугалимдер өздөрүнүн материалдарын жиберишкен.

Жобого ылайык өткөрүү үчүн облустук билим берүүнүн усулдук борборунун директору А.Токтосуновдун төрагалыгында уюштуруу комитети түзүлүп, иш жүргүздү.

Алдынкы мугалимдерден жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окумуштууларынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу материалдарды дыкат карап чыгышып,  жыйынтыгын чыгарышты. Натыйжада, 18 мугалим тандалып алынып, 1-орунду ээлеген  жеңүүчүлөр  деп табылды. Аларга “Ардак грамоталар” жана баалуу белектер тапшырылды.

Анда билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы М.Примкулов жалпы катышуучуларды жетишкендиктери менен куттуктап, Ысык-Көлдө эс алуу үчүн жолдомолорду тапшырды.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитети